Депутат: «Өкмөт алыскы айылдарда банктардын көчмө касса менен банкоматтарды ачуу чараларын колго алышы керек»

0

Каганат.

Өлкө аймагында маяна менен пенсияны төлөө милдети банктарга өткөрүлүп берилген. Ошондон улам, элет жергесиндеги, анын ичинде Жумгал районундагы алыскы айылдарда жашаган мугалимдер, дарыгерлер, пенсионерлер акчасын алуу үчүн 40-60 чакырым жерге барууга аргасыз. Бул тууралуу депутат Абтандил Кулбараков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт алыскы айылдарда банктардын көчмө кассаларын ачып, банкоматтарды орнотуу чараларын колго алышы керек. Мисалы, көчмө кассаны Жумгалда райондун борборунан алыс жайгашкан Куйручук айылына жайгаштырса болот. Андан тегерегиндеги айылдардын тургундары да алыс жол басышпай, өз акчасын өз маалында алып турмак», – дейт эл өкүлү.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 5 =