Касым Каимов: “Кызык, эмнеге адамдар бактылуу боло алышпайт?”

Каганат.

Эсен болуп эстей жүр!

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Касым Каимов Талас районуна караштуу Арал айыл Өкмөтүнүн «Коммунизм» колхозунда 1926-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз адабиятынын жаркын сатирик устаттарынын бири болгон.

Жазуучунун повесть жанрындагы бурулуш мезгили катары анын “Бири-бирине окшобогон күндөр” повестин көрсөтүүгө болот. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оорукта калган балдардын турмушу кең-кесири чагылдырылган. 

Касым Каимовдун чыгармачылыгындагы кийинки орчундуу ийгилик  1961-жылы жарык көргөн “Атай” романы болду. Чыгарма кыргыз элинин улуу обончусу, залкар комузчу А.Огомбаевдин өмүрүн, чыгармачылыгын көркөм изилдөөгө алып, окуя негизинен Атайдын тегерегинде өнүгөт.

Жазуучу  ошол доордун мүнөзүн Атай аркылуу чыгармада чагылдырууну көздөп, ал жараткан ар бир чыгарманын жаралыш тарыхын кеңири сүрөттөп берген. Жазуучу Атайдын жан дүйнөсүндө өтүп жаткан психологиялык процесстерди таамай сыпаттап, анын чыгармачылык жолун өмүр тарыхы менен ажырагыс түрдө көрсөтө алган.

Касым Каимовдун чыгармасынын ичинен атайын сөз кылууга арзый турганы 1984-жылы жарык көргөн – “Акырын күтпө”  романы. Чыгарма учурдун талабына ылайык актуалдуу, проблемалардын бири болгон шаар турмушу, андагы тиричиликтин оош-кыйыш учурлары, балдарды тарбиялоо иши сыяктуу маселелер тууралуу кеп козгогон. Романдын идеялык – көркөмдүк негиздерин түзгөн проблема – адам турмушундагы бакыт, анын моралдык маселелери.

Бүгүн, биз жазуучунун “Кыш ыргактары” повестине саякат жасамакчыбыз. “Кыш ыргактары” повести жазуучунун чыгармачылык жолундагы байсалдуу чыгарманын бири. Бул повестте чабандык кесипти тандап алган жаш үй-бүлөнүн тоо арасындагы турмушу, алардын ички дүйнөсүнүн, нравалык сапаттарынын бышып жетилиши, бийиктөө процесси чеберчилик менен берилген. Анда эмесе бул чыгармадагы эсте калган саптар менен таанышып алыңыз.

-“Ээр токуп жаткан жигитти токтотуу жаман белги”

-“Ар бирибиздин ички дүйнөбүз, ички сырларыбыз бар, жана алар жөнүндө сурабай эле койгон оң…”

“Алар бул тоолордо 10 жылдан бери кой кайтарышат жана күн сайын кечээки күн кайталанат жана ар бир өткөн жыл азыркыдан эч айырмасы жок”

-“Сүйүү сөздөрүн бүгүн бирөөнө, эртең экинчисине айтуу – жигитке эмес жаш балага татыбаган шерменделүү эки жүздүүлүк эмеспи?”

-“Кыз үчүн 18 жаш – бул жөн гана бойго жеткендик эмес – бул үмүт, сүйүү, гүлдөө, умтулуу убагы”

-“Жакшы мамилелерди баалоо керек, үйлөнгөнгө чейин келген жаш, ысык сүйүүнү өмүр бою сактап калууга аракет калуу керек”

-“Кызык, эмнеге адамдар бактылуу боло алышпайт?”

“Ал жалгыздыкка ушунча көнүп калган экен, жада калса айылга келгенде дагы көпчүлүктөн, ызы-чуудан тажап кетип үйүнө, тоого шашчу”

Эгерде адам бактылуу болууга татыктуу болсо, ал бактылуу болот, бул күндү чыдамкайлык менен күтүү керек.

Чуркасын, издесин! Саргара күтүү, издөө, убаралануу эки кишиге тең!

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × үч =