Муфтийликке талапкерлер кимдер?

Каганат.

Ушул жылдын 4-апрель күнү  Кыргызстандын муфтийин шайлоо өтөт. Учурда ага үч талапкер, азыркы муфтий Максат Токтомушев, мурдагы муфтий Чубак Жалилов жана Ниязали Ариповдор катталды. Үч талапкер тең муфтийликке өздөрүн өздөрү көрсөтүшкөн, ошондой эле аларды жамааттар да муфтийликке сунушташкан.

Алгач талапкерлер билим деңгээли боюнча Аалымдар кеңеши тарабынан түзүлгөн коммисиянын сынагынан өтүшөт. Анын курамында Дин иштери боюнча коммисиянын жана Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү да бар.

“4-апрелде боло турган мусулмандар курултайына келген өкүлдөр Аалымдар кеңеши тандап алган талапкерди муфтий кылып бекитип беришет. Муфтий болуп келе турган кишиге ондон ашык талаптар коюлган. Алардын негизгиси, диний жана светтик жогорку билимге ээ болушу шарт, Куран, акыйда, хадис, жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн, саясий партияларга мүчө болбогон жана соттолбогон адам болуусу зарыл.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи болуп иштеген. Ал дин аалымы катары Кыргызстанга гана эмес, башка мамлекеттерге да белгилүү адам. Дагы бир талапкер Ниязали Арипов – теология илимдеринин доктору, 2010-жылдары муфтиятта, андан кийин Ош жана Баткен облустарынын казысы болуп дагы иштеп турган. Үчүнчү талапкер болсо Максат Токтомушев- азыркы муфтий.

 Муфтийликке талапкерлердин өмүр жолу

 Токтомушев  Максатбек Токтомушевич

 

Максат ажы Токтомушев  1973-жылы 9-август күнү  Ош облусунун Кара- Кулжа районунун Кара Кулжа айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөсүндө 6 бир туугандын кичүүсү.

Билими жогорку.

1991-1995-жылга чейин Айыл чарба институттунда зооинженер адистиги боюнча билим алган.

1998-2005-жылдары  Пакистан мамлекетине караштуу Лахор шаарында жайгашкан “Медресе Арабия” Университетинин “Шарият” факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган.

2010-жылы Ислам экономикасы жана банк иши бөлүмүн аяктаган.

1990-1997жылга чейин өз алдынча Ислам укугу боюнча  аалымдардын исламдагы укуктары жаатында билимин өркүндөткөн.   

-2005-2013-жылдары Абдуллы ибн Масуда  атындагы медреседе мугалим;

2008-2010-жылга чейин Бишкек шаарынын 7 кичи районунда жайгашкан  мечетинде Имам Хатиб болгон;

 2010-2013-жылга чейин Бишкек шаарынын  Казысы;

2013-жылдын июль айынан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасынын муфтийинин орун басары болгон;

2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Азрети муфтийи.

Үй-бүлөлүү төрт уулу, эки кызы бар.

Кыргыз, орус, араб, урду тилдеринде эркин сүйлөйт

Жалилов Чубак Тажибаевич

Чубак ажы Жалилов  1975-жылы 21-январь күнүЖалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган.

Атасы Жалилов Тажибай математика мугалими, апасы Сакыева Гульжамал англис тили боюнча мугалим болгон. Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси.

Чубак ажы Жалилов орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.

Эмгек жолу

-1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетин

-2000-2002-жылдары Сауд Аравиядагы “Умм аль-Куро” эл аралык университетинин алдындагы араб тили институттун;

-2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган.

-1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;

-2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;

– 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси жана Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде мугалим;

– 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган.

Жетишкендиктери

Коомчулук Чубак ажы Муфтий кызматтын аркалап турганда  коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган деп айтып келишет. Ошондой эле диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариатка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон.

Чубак ажы Жалилов фикх (шариат мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксааты бар документтердин ээси.

Чубак ажы Жалилов өзүнүн билимдүүлүгү жана китепти көп окугандыгы менен көпчүлүктү таң калтырып келет. Анын 3 бөлмө китепканасы, 5 тоннага жакын китеби бар.

Өзүнүн минип жүргөн унаасын сатып анын акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырганы да маалым.

Арипов Ниязали Турдалиевич

Ниязали ажы Арипов 1974-жылы 17-майда Баткен облусунун Лейлек районунуна караштуу Кара-Булак айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин аяктаган.

Эмгек жолу

-2003 — Эмгек жолун Ош технологиялык университетинин «Эл аралык мамилелер» факультетинде араб тили боюнча окутуучулуктан баштаган

-2005-2010 -жылдарыОш мамлекеттик университетинин теология факультетинде ага окутуучу, илимий иштер боюнча декандын орун басары,

-2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин «Дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасынын башчысы,

-2010 – 2011-жылдары КМДБ (муфтият) медресе жана окуу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы,

-2011-2012 –жылдары Ош облусунунун мусулмандар казысы

-2012-2013 –жылдары Баткен облусунун казысы

-2014-жылдын  январь айынан – 2015-жылдын август айына чейин- Ош облусунун мусулмандарынын казысы

2015 –жылдын сентябрь айынан  тарта Ош мамлекеттик университетинде жана «Ыйман» лицей мектебинде окутуучу.

Сыйлыктары:

-Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы (2009-жыл)

-Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ыраазычылык диплому (2012)

Ошондой эле Ниязали ажы Арипов 1998-2005-жылдары  Түркия мамлекетинде докторантурага тапшырып, «Теология» илимдери боюнча докторлук диссертациясын жактаган.

Ал Иордания мамлекетинде Араб тили институтунда стажировкадан өтүп, атайын сертификатка ээ болгон.

 Үй бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Кыргыз, орус, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.


Белгилей кетсек Кыргызстан  өз алдынча эгемендүүлуктү алганга чейин Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын башкармалыгы Ташкентте Муфтият болуп турган. Ал эми Орто Азиянын бизге окшош мамлекеттери Казыят болуп аталган. Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний башкармасынын бир бир бөлүгү болуп эсептелген, Кыргызстан мамлекетинде да Казыят болуп, анын башчысы Казы деп аталган.

Алынган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда Казыят эң биринчи жолу 1943-жылы түзүлгөн. Кыргызстандагы мусулмандардын Казысы болуп төмөндөгү адамдар кызмат өтөшкөн:

  1. Шакир кожо уулу Алимхан төрө
  2. Жээнбек уулу Мусулманкул ажы
  3. Назарбек уулу Максыт ажы
  4. Абдуллажан максым Абдулахунов
  5. Парпиев Мамасали ажы
  6. Орунбаев Темирбай ажы
  7. Камалов Садыкжан кары
  8. Абдурахманов Кимсанбай ажы

Ал эми Кыргызстанда мусулмандардын 1-Курултайы 1996-жылы 26-декабрда өткөрүлгөн. Курултайда Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи болуп Молдо Абдусаттар Мажитов шайланган. ал ардактуу эч алууга чыгып, анын ордуна Кимсанбай ажы Абдурахманов Азрети Муфтий болуп шайланып, кызматта 2 жыл 4 ай иштеген.

2002-жылы 10-август күнү Уламалар Кеңешинин жыйынында Мураталы ажы Жуманов Азрети Муфтий кызматына шайланган.  Азрети Муфтийдин кызматында 2012-жылга дейре иштеген.

2010-2012-жж. Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийи болуп иштеген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

8 + беш =