Садыр Жапаровдун уулу камактан чыкты

0

Каганат.

Экс-депутат Садыр Жапаровдун уулу убактылуу кармоочу жайдан чыкты. Ренат Жапаровду апасы тосуп алып, көзүнө жаш алды.

Эске салсак, 25-мартта Садыр Жапаровду колдоп митингге чыккандарды милиция ур-токмокко алып кармап кеткен. Алардын 12си 2 айга камакка алынган. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган. Аларга “бейбаштык”, “мүлккө чыгым келтирүү”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”  беренелери боюнча кылмыш иши козгон.

Мындан сырткары митингде кармалган 64 кишиге административдик айыппул салынып, эки суткадан беш суткага чейин камакка алынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он + төрт =