«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси 1 млн 93 миң сомго техника сатып алат

0

Каганат.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси 1 млн 93 миң сомго техника сатып алат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашкан. Маалыматка ылайык, «Беларусь» тракторун 840 миң сомго сатып алышмакчы.

Ошондой эле газондун чөбүн чабуу үчүн 105 сомго жабдуу, триммер алууга 38,7 сом, чөп чабуу үчүн 93 миң сомго жабдуулар алынмакчы. Аны менен катар эле 17 миң сомго араа сатып алуу пландалган.  

Каражаттын баары республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Сатып алуу түз келишим түзүү менен болмокчу. Мунун себебин аталган техникаларды тезинен сатып алуу керек болгону менен түшүндүрүшкөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 3 =