БШК 19 жергиликтүү кеңеште кайрадан шайлоо өткөрүүнү сунуштайт

Каганат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 19 жергиликтүү кеңеш таркатылышы мүмкүн экенин айтат. Бул тууралуу Нуржан шайлдабекова бүгүнкү болуп өткөн маалымат жыйынында билдирди.


Кайрадан шайлоо өткөрүүгө сунушталган аймактардын арасында Айдаркен, Кадамжай, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кемин шаарлары жана 14 айылдык кеңеш бар.

Буга  айылдык  жана шаардык кеңештин депутаттары айыл өкмөттөрүн жана шаар башчыларын шайлай албагандыгы себеп болууда- дейт Нуржан Шайлдабекова.


Ошондой эле Нуржан Шайлдабекова  өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган Жалал-Абад шаардык Кеңешинен тийешелүү документтер келе электигине байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы, эч кандай чечим кабыл ала электигин айтат.


Белгилей кетсек ушул жылдын 29-март күнү Борбордук шайлоо комиссиясы 19 жергиликтүү кеңеште шайлоону кайра өткөрүү сунушун президент Алмазбек Атамбаевге жөнөткөн. Анда БШК президентке кайрадан шайлоо өткөрүү сунушун берген. Буга себеп катары жогоруда айтылгандай, биринчиден  өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын кворум болбой калды деп шайлай албай коюшканын жана көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү добуш ала албаганын билдиришкен.


Жогоруда аталган аймактарда шайлоо 28-майда өтчү жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен бирге өткөрүү аракети көрүлмөкчү.

27-мартта президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 28-майында мөөнөтү аяктай турган 18 айылдык жана эки шаардык кеңеште жергиликтүү депутаттарды шайлоо өткөрүү буйругуна кол койгон.

Эске салсак, 2016-жылдын 11-декабрь күнү 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин  депутаттарын жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча шайлоо болуп өткөн. Анда референдумга шайлоочулардын 42 пайызы катышып, ал эми жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого болгон көрсөткүч 44 пайызды түзгөн.

Республика боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана референдумду уюштуруу үчүн 2365 шайлоо участогу жана 54 аймактык шайлоо комиссиясы иштеген.

Ошондой эле Мамлекеттик катто кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев  11-декабрда болгон жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумда  3 349 кишинин манжасын  идентификациялык система тааныбай койгондугун айтып чыккан.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

16 + 4 =