Кайсы өлкөнүн пенсионерлери бай жашашат?

Каганат.

Кыргызстанда пенсия маселеси өтө актуалдуу экени баарына маалым. Пенсия курагын алтын курак деп эсептеп келишкени менен кыргызстандык карылар үчүн пенсия курагы өтө татаал маселе. Себеби өкмөт жарытып пенсия бербей, бала-чакасы жок карылар өлбө-жаным өлбө деп араң жашап келишет. Пенсиянын көлөмү “бир тыйын” болуп турган маалда кутмандуу карылык тууралуу ойлоп жашоо мүмкүнбү? Албетте, жок.

Бүгүн биз Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде пенсиянын көлөмү канча экени жана берилген пенсияга карылар кандай жашап жатышканы тууралуу маалымат бермекчибиз.

КЫРГЫЗСТАН

Кыргызстанда аялдар 55, эркектер 60 жашынан пенсияга чыгышат. Ушу тапта өлкө аймагында 604 миң 800 пенсионер бар.

Орточо пенсиянын көлөмү 5 173 сом (74доллар). Пенсия жашындагылардын жашоо минимуму 4 303 сом 69 тыйынды түзөт.

Бирок жогоруда аталган суммадан аз пенсия алгандар да болгондуктан жашоо минимумум пенсиянын көлөмүнөн ашып кеткен. Эң кызыгы бул жашоо минимумуна дары-дармектер киргизилген эмес, ал эми карыган адамдардын улам бир жери ооруп, доктурга бат-баттан каттап турары турган иш эмеспи.

Пенсионерлердин арасынан 2500гө жакын киши 20-70 миң сомго чейин пенсия алышат. Эң жогорку пенсияны прокуратура органдарынын кызматкерлери жана аскерлер алат.

Кыргызстандагы пенсионерлерге көп деле жеңилдиктер берилген эмес. Болгону 70 жаштан жогорку пенсионерлер  бекер дарылана алышат. Автобустар жана троллейбустар бекер болгону менен шаардын жарымын каптаган маршруткаларда жүрүү эрте менен саат 9:00 дөн саат 17:00 гө чейин 5 сом.

КАЗАКСТАН

Казакстанда аялдар 58, эркектер 63 жашынан пенсияга чыгышат. Ушу тапта өлкө аймагында 1,9 млн пенсионер бар.

Орточо пенсиянын көлөмү 211 долларга барабар.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен казакстандык пенсионерлер өз пенсиялары менен мактана алышат.

ОРУСИЯ

Орусияда аялдар 55, эркектер 60 жашынан пенсияга чыгышат. Дүйнө жүзүндөгү эң эрте пенсияга чыга тургандай шарт түзүп берген өлкө болуп саналат. Ушу тапта өлкө аймагында 42,7 миллион пенсионер бар.

Орточо пенсиянын көлөмү 223 долларды түзөт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Орусиядагы пенсия курагындагы эркектер 4,7 жыл, аялдар 21,3жыл жашашат. Пенсионерлер салык төлөшпөйт.

КЫТАЙ

Орусияда аялдар 50-55, эркектер 60 жашынан пенсияга чыгышат.

Орточо пенсиянын көлөмү 160 долларды түзөт. Кытайда пенсия курагына жеткендердин баарына эле пенсия бериле бербейт.

Башында пенсияны аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер эле алышчу. 2007-жылы карылардын 30 пайызы пенсия алышса, 2012-жылдан тартып карылардын 55 пайызы гана пенсия алып келишет.

 

АКШ

АКШда пенсия системасы абдан жакшы жолго салынган. Пенсиянын көлөмү 300 доллардан башталат.  Өмүр бою мамлекеттик жумушта иштебегендер деле пенсия алышат, ал эми аз жыл болсо дагы мамлекетке иштегендер 600 доллардан баштап пенсия алышат.

Негизи пенсиялар 700-800 доллардан башталат.

Эң көп пенсия алгандардын катарын мамлекеттик кызматкерлер, аскер кызматкерлери, авиакомпаниялардын кызматкерлери түзүшөт. Бул өлкөдө пенсионерлерге өзгөчө жеңилдиктер деле каралган эмес. Баары базардагы арзан баалар, арзандатуулардын эсебинен пенсионерлер жакшы жашоодо жашашат.

 

ФИНЛЯНДИЯ 

Бул өлкөдө пенсия системасынын өзгөчөлүгү пенсиянын белгилүү көлөмү бекитилбегенинде. Канча акча топтогон болсоң, пенсияң ошого жараша чыгат.

Андан сырткары бардыгына берилчү кепилдик пенсиянын көлөмү 550 еврону түзөт.

Эгерде сиз өмүр бою иштегениңиз менен пенсияңыздын көлөмү 550 еврого жетпей калса, мамлекет кошуп берет. Транспортторго түшүүгө, ден-соолукту чыңдоочу жайларга барууга, бассейндерге барууга 50 пайыз жеңилдик каралган.

 

ГЕРМАНИЯ

Германия пенсионерлер өлкөсү деп аталып келет. Себеби калкынын ¼ бөлүгүн 65 жаштан жогоркулар түзөт.

Эмгек тажрыйбасы жок немистер деле 350 евро пенсия алышат.

Орточо эсеп менен пенсиянын көлөмү 810 евро. Германиядагы пенсионерлер каражатын топтоп эс алууга көп чыгышат.

 

ИЗРАИЛЬ

Израилде пенсия 2 түргө бөлүнөт. Пенсиялык касса жана карылык боюнча пенсия. Пенсиялык касса бул ай сайын төлөнүп турчу каражат. Пенсия курагы жеткенде мамлекет берчү пенсияга пенсиялык кассадагы акча кошулуп берилет.

Эгерде карылар жашоо минимуму болгон 1084 евро пенсия алышпаса, мамлекет кошумча пенсия берет.

Пенсияга чыгууда карыларга бир жолу чоң суммадагы каражатты беришет: канча жыл иштесе ошол жылдары тапкан орточо кирешеси толугу менен эсептелип берилет. Ошондой эле жерге жана телеберүүлөргө болгон салыктан бошотулган.

ИСПАНИЯ

Испанияны пенсионерлер үчүн Мекке деп атап келишет. Себеби жашоо өтө арзан. Пенсионерлер бул жерде өздөрүн жомоктогудай бай сезишет.

Орточо пенсия 850-900 еврону түзөт.

Бул каражат керек болсо Барселонада дагы байларча жашоого жетет. Пенсионерлер үчүн транспортто жүрүүгө жеңилдиктер берилген.

 

ЛИТВА

Литвада кризис орун алгандыктан пенсионерлерге дагы кедергесин тийгизбей койгон эмес. 2009-жылдын акырында 2010-жылдын башында пенсияларды эки жолу кыскартышкан.

Алгач бир аз азайганы менен, андан кийин 50-70 пайызга азайтылган. Пенсионерлер көптөгөн жеңилдиктердин эсебинен жакшы жашап келишет. Мисалы тиш салдырууга, дарыларга 50 пайыз арзандатуу бар. Ал эми транспортко түшүү, таштандыга болгон төлөмдөр 50-80 пайызга арзан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × беш =