КСДПнын казаны кайнабайт

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкина жана Марат Аманкулов Крымга жеке иштери менен барышкан эмес. Алар улуттук жана европалык парламенттин делегатынын курамында “Кыргызстандын Социал-демократиялык партиянын саясий кеңешинин” мүчөсү катары барышканы жана жергиликтүү парламенттин вице-спикери менен жолугушканы Крым Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин расмий сайтында жазылган.

“Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлүк коноктор республиканын жетишкендиктерине жана жашоочулардын маселелерине кызыгышты. Чет элдик парламент мүчөлөрү Крымдын Орусиянын курамындагы укуктук статусу боюнча, жаштар арасында ислам радикалдашуусунун бары жоктугуна тынчсызданышканын билдиришти”,-деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Марат Аманкулов Карамушкина менен Крымга жеке иштери менен барышканын билдирген эле. Өз кезегинде Карамушкина бүт чыгымдарды Аманкулов төлөгөнүн, бюджеттен бир сом да кетпегенин жана демократиялык өлкөнүн жараны катары алар жеке сапар менен каалаган жагына бара алышарын билдирген болчу.

“Калптын казаны кайнабайт” дейт кыргызда.  Элдин башын айлантып, калп айтышканы депутаттарга жарашпай эле калат экен. Бул КСДПчылар “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген макалды унутуп калышкандай…

 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × төрт =