Кыргызстандагы ири банктарга кимдер ээлик кылат?

Каганат.

KICB

«Кыргыз инвестициялык кредит банкы»

Өлкөдөгү ири банктардын бири — «Кыргыз инвестициялык кредит банкы» — Кыргызстандын өкмөтү тарабынан 2001-жылдын ортосунда негизделген. Учурда анын акционерлеринин тизмесиндегилердин басымдуу бөлүгүн чет өлкөлүк уюмдар түзүшөт.

Банктын акционерлеринин арасында акцияларынын 90%на ээлик кылган беш чет өлкөлүк уюм жана бир мамлекеттик орган — Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бар:


«Ага Хандын Экономикалык өнүгүү фонду», Франция — акциялардын 21,001%ы;

«Хабиб Банк Лимитед», Пакистан — акциялардын 18%ы;

«Эл аралык каржы корпорациясы», АКШ — акциялардын 17%ы;

«Инвестициялар менен өнүгүүнүн немис компаниясы», Германия — акциялардын 17%ы;

«Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы», Улуу Британия — акциялардын 16,999%ы;
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Кыргызстан — акциялардын 10%ы;


Демир Банк

1997-жылы ачылган «Демир Банк» акцияларынын 100 пайызы  тең чет өлкөлүк инвестициялардан турган алгачкы каржы мекемеси болгон. Ал Кыргызстандагы биринчи коммерициялык банк болуп саналат.

Банктын эки акционери бар — Халит Жынгыллыоглу жана «Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы»

Халит Жынгыллыоглу (Түркия) — акциялардын 92,5%ы;

Жынгыллыоглу — таасирдүү түрк ишкерлеринин үй-бүлө мүчөсү. Ал Түркия, Нидерланды, Германия, Бельгия, Румыния, Македония, Казакстан жана Кыргызстандагы каржы мекемелерине ээлик кылган C Group түрк конгломератын негиздеген.

Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы (Улуу Британия) — акциялардын 7,5%ы;

Росинбанк

«Росинбанк» — «Залкар Банктын» акцияларынын 90%ын Орусиянын «ИСБ Холдингине» сатуу жолу менен 2013-жылы түзүлгөн Кыргызстан рыногундагы жаңы каржы мекемеси.

Банктын эки акционери бар — Орусиянын «Инвестициялык Соода Бизнес Холдинги» («ИСБ Холдинг») акционердик коому жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча кыргыз фонду.

«ИСБ Холдинг» — акциялардын 90%ы;

«ИСБ Холдинг» — 2011-жылы негизделген акционердик коом. Ага чейин уюм жоопкерчилиги чектелген коом катары иштеп, беш негиздөөчүсүнө таандык болгон — Британиянын Виргинск аралдарындагы «Даровент Маркетинг Инк» компаниясы, Виталий Глевич, Владимир Гудков, Ярослав Калагурский жана Елена Феофанова.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — акциялардын 10%ы;

Оптима банк

«Оптима банк» 1992-жылы түзүлгөн. Андан бери ал аталышын бир канча жолу өзгөрткөн — «Кыргызмелбизнесбанк», «Кыргызэнергобанк», «Энергобанк», «АТФБанк — Кыргызстан», «ЮниКредит Банк». Азыркы расмий аталышы — «Оптима Банк».

Оптима банк

Жалпысынан банкка 30 акционер ээлик кылат — 14 жеке жана 16 юридикалык жактар.

«АТФ Банк» — акциялардын 97,14%ы;

«АТФ Банк» — «КазНитрогенГаз» компаниясы аркылуу Алматынын мурдагы акиминин күйөө баласы, Казакстандын эң бай адамдарынын бири Галимжан Есенов ээлик кылган казак банкы.

Калган 29 акционери белгисиз, аларга жалпысынан акциялардын 2,86 пайызы туура келет.

РСК Банк

«РСК Банк» алгач калкка кызмат көрсөтүү үчүн «Эсептешүү-сактык компаниясы («Расчетно-сберегательная компания») катары 1996-жылы ачылган. Компания 11 жылдан кийин банк ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алып, «РСК Банк» деп кайрадан каттоодон өткөн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — акциялардын 100%ы;

“Кыргызстан” коммерциялык банкы

«Кыргызстан» коммерциялык банкы өз ишмердүүлүгүн СССРдин Турак жай социалдык фондунун алдындагы Кыргыз ССРинин конторасы катары 1988-жылдын 1-январында баштаган. 1990-жылы ал АКБ «Кыргызстан» банкы болуп кайрадан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКсы деп катталган.

Банктын  498 жеке акционери бар,  алардын аты-жөндөрү менен акцияларынын үлүштөрү тууралуу маалыматтар ачык эмес. Банктын кварталдык отчетуна ылайык, акционерлердин бири дагы акциялардын беш пайыздан ашыгына ээлик кылбайт.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

18 − бир =