Мырзалардын кандай сапаттары айымдарга жакпайт?

0

Каганат.

Эгерде  мырзалар кандай сапаттары менен айымдардын кыжырын келтирери туурасында билгиңиз келсе, анда төмөнкү макала сизге жардамга келет.

   Компьютер жана телевизор

Көптөгөн заманбап мырзалар бош убактыларында диванга жатып алып, колунда сыра шишеси же пульт менен өткөрөт. Ал эми дем алыш күндөрү кезектеги онлайн-оюну менен алектенет. Бирок айымдарды өтө кыжырданткан нерсе – мырзалардын сайттар менен алаксып, интернеттен таанышуу бурчтары менен кат жазышканы. Көптөгөн аялдар күйөөсү үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурушун каалайт.

Элдин көзүнчө гигиеналык нерселерди жасоо

Сөзсүз, бардык эле адамдар кулагын тазалап, жана ушундай сыяктуу одоно нерселерди жасашат. Кээ бир эркектер муну кинотеатрда, кафеде, дасторкон үстүндө, унаа айдап баратып же кызы менен паркта эс алууда жүргөндө элдин көзүнчө жасагандары кыжырды келтирбей койбойт. Айымдардын алдында жасалган мындай кыймыл аракеттер деги эле баардыгынын жинин келтирет.

Хаос жана тартипсиздик

Мырзалардын баарында эле иретсиздик байкала бербейт. Бирок, көптөгөн аялдар алардын  кир байпактарын жана кийим-кечектерин ар кайсы жерден чогултушат. Отурган жерлерден күкүмдөрдү, толук ичилбеген кофе же чай стакандарын топтойт. Ваннадан чыккандан кийин артынын тазалоого туура келет. Мындай кемчиликтерди санай берсе толуп жатат. Бирок, мындай адаттардан арылтууга болот. Ал үчүн убакыт жана чыдамкайлуулук керек. Эркектерге тагыраак түшүндүрсө, алар кир кийимдерди кайда коюшту, стакандарды ашканага алып барышты адатка айландырып алышат.

Туура тамактанууну билбөө

Каршыңдагы адамдын шоркуратып тамактанып, оозунун баары чачырып турганы эч кимге жакпайт. Айрыкча тамактанып жатканда абайлап сүйлөп, ыктытып же жөткүрбөөгө аракеттениш керек. Тамактангандан кийин колун ичине коюп каттуу кекирген да туура эмес. Ушунун баары кафе же ресторанда болгону өтө эле жаман. Мындай учурда ар бир аял уятынан жерге кирип кете жаздайт. Бирок, азыркы заманбап жашообузда мындайлар сейрек кездешет.

Жанынан өткөн айымдарды талкуулоо

Тегерегиндеги айымдарды талкуулоо көпчүлүктү кыжырдантат. Жанынан кыска этек кийген сулуу кыздар өткөндө чанда эле эркектер карашпайт. Эгерде бул бир компаниядагы айымдар болсо анда сөзсүз баардыгы алардын буттарынан баштап, бардык дене-башын талкуулап чыгышат. Жада калса жанында аялы турганына да карабайт. Мындай учур кызганууну пайда кылып, айымдардын сөзсүз түрдө жинин келтирет.

Дүкөндү кыдырууну жактырбоо

Көпчүлүк эркектерге эки жынсы, жакшы көргөн свитри жана бир канча футболкасы болсо жетет. Ошону менен эле бардык жерге бара беришет. Кээ бир эркектерди дүкөнгө барып кийиндирүү бир топ кыйынчылыкты туудурат. Мындан чыгуунун бир гана жолу – башынан бутуна чейин өлчөп, баардыгын аялы сатып алуусу керек. Муну бардык айымдар жасашат.

Сөгүнүү жана сабатсыздык

Айрым эркектер оюн так түшүндүрө албайт. Мектепти бүткөнүнө карабай пикирин айта албай сөгүнүү менен жеткирет. Айрыкча айымдардын көзүнчө кыйкырып, сөгүнүү адепсиздиктин жеткен чеги. Бир дагы аял заты оозуна ээ болбогон эркектерди сыйлабайт.

 Чылым чегүү

 Ошондой эле айымдардын кыжырын келтире турган  мырзалардын дагы бир сапаты катуу чүчкүрүү, уюлдук телефон менен көпкө сүйлөшүү сүйүктүүсүнүн жанында чылым чегүү мына ушулар дагы айымдарга жакпайт эмеспи.  

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 5 =