Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

II

Көк өзөн…

 Жээктери бири-бирине уланышкан жал камыш, майда бадал. Түркүн чөптөр, жапайы беделер мала- кызыл гүл ачып, ар жеринде ак какым үлпүлдөп, жыттуу эрмендин баштары сары тартып кылкылдап турат. Көктүн жыты аңкыйт. Чоң ак, сары көпөлөктөр бейкут учушуп, кайра жер тандап конушуп, күнөстөшүп, бирдемеден үрккөндөй кайра серпиле көтөрүлүп, серүүн абада кылактап жүрүшөт. Кошбаш жүрүшкөн чымчыктардын тилинен башка эчтеме магдыроосун ойготпой, аба тыптынч.

Теңирберди жашыл адырдан чөп басып кеткен бир таман ийри жол менен кулундуу сарала бээсин жай бастырып өзөн боюна түшүп келди. Көк өзөн боюнда адам байырлаган жалгыз дарак ушул чоң түп шаатыт

Жерге сойлоп, чөгүп жаткан кызыл нардын мойнундай ийри ноодаларынын шагы калың, түбү жайлуу, көлөкөлүү. Жел болсо болбосо да, башына майда толкун жүрүп, балыгы үрккөн көлдүн бетиндей жыбырап, көйкөлүп, дайыма акырын шыбырлап турар эле.

Теңирберди бээсинин белин бошотуп, ооздугун чыгарып, жапайы бедеге коё берди да, канжыгасына байлана келген кичинекей кол чаначтагы кымызды чечип алып, эч шашылбай басып, шаатыттын түбүнө кирди, аны бутакка илди. Эки сары барпы чымчык шаатыттын шактарынын арасынан кубалашып чыгып, оволоп көтөрүлүшүп, алтын түстүү кызгылт сары канаттарын күн нуруна жалтылдата кайта шаатытка имерилип, кужурап сайрашып, калкылдап жүрүшкөн.

Кары ошолорду тиктеп, тилин тыңшап, канаттарынын жалтылдаганына таңыркап, бир пас турду да, анан өзү курактуу кары адамдардын адатын кылып, ичинен тирүүлүгүнө шүгүрлүк келтирип, күңгүрөнүп тиги арпа жайга карай бет алды. Качан бышат? Ал бүгүн да арпасын көрүү үчүн эле келген болуучу. Эрте айдалып, убагында жаан көрүп, жакшы баш алган арпалар мөлтүрөп башын көтөрө албай, бирине- бири ыгып, шыгырап, сансыз кылкандары кылкылдап жай алдынын коңур желине акырын көлбүп, сүт даны ыдырап, көңүл тойдуруп турган. Дан багар карынын жүзү күлүңдөп, көздөрүнөн тирүү учкундар жылтылдап, арпадан бир баш үзүп ушалап данын чыгарды да, алаканына тоголонуп түшкөн бадырайган көк данды тырмактап көрүп, кубанып башын ийкеди:

 — О! Бая күнү сүт эле. Бүгүн дүмбүл болуптур. Көп калса, дагы бир жумалык жашы калыптыр, бир жумадан соң тартынбай четинен кирип тесте салып, көжөлүк чыгара берсе болот экен, кудай буйруса… Ал данды жерге таштагысы келген жок, алаканына чогултуп туруп, насыбай аткансып оозуна кагып салып алды.

Эми карынын көзү алыска кетти. Тиги коргондой айланада бир тегиз бүлбүлдөп турган ак карлуу чокуларды, сургулт булуттарды, ощол тарапка акырындап сүзүп бараткан күн чарасын чаргып өттү. Колуна жуккан арпанын көк тыпынын каккылап, дандын тузу жок ширесин мүлжүңдөп шимип ою эчтемеге аралашпай, колун артына алып, арпаны жээктеп кыдырып басты.

Ал арык, бою узун, сөөктүү адам болучу. Сакалы, чачы көгала. Ылдый түшүп, сакалына жалганышып турган сыйда муруту кыроодой ак. Кылдары жоон тартып, суюлуп, арбайып өсүп кеткен каштары гана али капкара. Жүзү коло сыяктуу. Терең бырыштары ашык чийини жок, көзгө жылуу. Ал акылман сөөлөттүү адам эле. Нарытан шаатыттын түбүнө аттуу киши келди.

Бул ким болуп кетти? Кары көздөрүн парлап, кычыктарын жыртайтып кадала тиктеп, аттуунун түшүп жатканын көрүп, ашыкпай баягысындай эле илең- салаң бут шилтеп, шаатытка көптө араң келди. Эң мурда байланып турган атты карады. Тааныган жок.

Аттын ээси камчысын бүктөй кармап, колдорун артына алып, суу жакты карап турган экен. Ал абышканын басып келаткан дабышын угаар замат бурулуп карап, алдын тосо басты. Кары чоочуркап тиктеп оозу бош салам айтты. Кол алышып көрүшкөн соң:

– О, мүнүшкөр Сарыбай турбайсыңбы! Кел, кел… Отур, отур… Сарыбай күлгөн болду.

 – Келчү эмес элең…

 – Теңирберди капыстан келген мейманына бутакта илинип турган карала эчки талпакты салып кадырлап отургузуп, өзү как жерге чөк түштү, кыйгач тийген күндүн көзү чалып өткөн жердин табына карынын тизеси жылып жаны сүйүп кетти.

—О, Сарым… келчү эмес элең, жол болсун?.. Сарыбай сейрек сары сакалдуу, көзүнүн үстү кабарчыктаган, эти жука киши эле. Кебези тайыз кашкары чапанды саймалуу сары кең чалбарга шымданып койгон. Бутунда тумшугу чукчуйган көн өтүк. Колунда күмүш камчы.

– Бекерчилик, Теңирберди аке. Кырааным түлөп отурат…

– Бекерчи болсоң, мына жакында таруум баш алат, келип таруу корушсаңчы! – деп Теңирберди абышка тамаша сөз жиберип, кызыл ээк оозун ачып кыкылдап күлүп калды.

– Бүркүтүңдү үксөйтүп тыттын башына кондуруп койсоң болду, ошондо эле чымчык атпай бу чөлкөмгө жолобой калат! Сарыбай күлүп, ал дагы тамашага жараша жооп кылды:

 – А бүркүтүмдүн тырмак акысы кандай болор экен, Теңирберди аке?

– Теңшерик!

– О! Жылда эле, Теңирберди акө, бүркүтүмдү тытыңыздын башына кондуруп берип мtйнетиңизге теңшерик боло берем го!

– Ошент. – Ха-ха-ха! Анда ат тердетпей үйдө жатып жан бага берет турбаймынбы! Күлүп калышты. Күлкүдөн соң Теңирберди үрпөйгөн кара каштарын ылдый салып: Түзүк Сарым…- деди.

– Оңой бекен жан бакмак. Арпа эми дүмбүл болду. Эки-үч тутам жулуп алпарып балдарга куйкалап берип алдап турсамбы деп келдим эле. Күндө көрүп турбасаң да болбойт, мал кыйратып кетеби деп чочуйсуң. Тиги кара адырдан нары айыл, өзүң билген таштуу башат конушта. Э, минтпесе да болор эмес, балдарга биртике азык болуп калсын деп…

– А эми, Теңирберди аке, тирилик да. Дан багуу жанга тынч чарба экен, секиндеп бүтүрө берсе… Мал артында чөптүн гүлүн, суунун тунугун, абанын салкынын кууп, ээн көчүп, конуп жүргөн элетте дан багуу сейрек иш. Карыптын оокаты дешет. Бир илешсе колундагы төрт түлүгүн барымтага куудуруп же жутка кырдырып алып чарасыз күнгө калгандар илешет, бир илешсе дандын баркын түшүнгөн, даамын алып, кубатын сезген илешет.

А болбосо, мындан көрөкчө ит агытып, капкан салып, куш таптап аңчылык кылышты же кылдан кыйкым чыгарып коңшу урууну барымталап талаганды оңой көрүшөт, муну ата заманынан боло жүргөн иш деп билишет. Сарыбай мүнүшкөр Теңирбердинин көңүлүн гана улап койду. Кыраан бүркүт салып, талаадан каалаганын алдырып, карды ачпай, тону тозбой, дайыма кубанч, тамаша менен өмүр сүрүп келаткан мырза аңчы минтип жакада дан багып отурган кедей жамагаттын кимисинен болсо да, өзүн өйдө сезет, мындай бакырчылыкка эч качан табаты жок. «Биздин ырыскыбызды теңирим тоого чачкан» дейт ою, бул ой анын тирилигинин жобосу.

Өмүр камынан санаасы тынч мүнүшкөр курсагы ток баладай колундагы күмүш камчысынын бүлдүргөсүн эрмектеп ойноп отурду.

— Сиздин жашыңызга жеткен бар, жетпеген бар, кайрылып салам айтып өтөйүн дедим, Теңирберди аке.

— Кудай жалгасын, Сарым.

— Куру кол келе албай… —деп Сарыбай саймалуу жан баштыгын аңтарып ичинен аң терисин алып карынын алдына таштады.

— Учурашканым болсун деп, Теңирберди аке, тебетейлик бир сүлөөсүн ала келдим эле. Теңирберди апкаарып сүлөөсүнгө колун суна албай отуруп калды. Сарыбай сынап карап, тартуусу менен аны абдан кубантканына өзү да кубанды.

 — Бир кардан кийики соңордо алынган эле, күмүш кылкан… Жаман да болсо жакшыдай көрүп, кийип коёрсуз, Теңирберди аке. Теңирберди ыкчам туруп, акчыл булуттай сур сүлөөсүндү тумшугунан силкти, бою менен тең болуп куйругу жер чийип, күмүш кылкандары сеңселе түшүп, тери дагы көркүнө чыга түштү:

 — Жаман болбой калсын бу! — деди Теңирберди көзү жайнап.

— Тебетейге чоңдук кылат… Ооба… мына, чоң абдан… Муну ичикке жака кылдырсам болчудай. Тебетейди да көрө жатарбыз…

 — А, мейли, Теңирберди аке, тебетейдин жарасы бир калтардыр! — Ошону айт а, мүнүшкерим! Теңирберди кол чаначындагы кымызын чечти. Оозу кайрылган чаначты улам бири көтөрүп жутуп коюшуп, мейирлешип сүйлөшүп, алар көпкө отурушту.

Сөз сагынып калган Теңирберди күн ылдыйлаганга дейре Сарыбайды жанынан жылдырбады. Күн жуп батарда Сарыбай:

 — Эми мен кайтайын, Теңирберди аке, – деп ордунан турду,

 — жүз көрүштүк, тирүүлүктө бул да болсо канимет… Теңирберди кайсаланып калды.

— Оп-по, Сарым, кайтасыңбы эми… Ушу көк чалап менен кете турган болдуң а. Үй да кырда…

— Ыракмат. Жебей, ичпей жүргөн жер беле? Аманчылык болсо, али көп катташабыз, Теңирберди аке. Теңирберди тиши жок ээгин кызартып ууртун жыйышка чамасы келбей күлө багып:

— Мейли эми, Сарым… — деп мейманын колтуктап атказды.

— Бир кызыл көздүү абабыз бар окшоду эле деп, эстеп келгениңе ыракмат, үкөм. Теңир жалгасын. Сен мени сыйласаң, сени теңирим сыйласын.

Тизгинден кармап коё бербей:

— Эми… Куру кол кайттың… Эгин быша элек… Эми, алдыңда атың бар, мына бу турган базыралар бышкан ченде бир кайрыл. Арпадан ат жеми, кышка бозолук таруу алып кетерсиң. Кайыр, Сарым!.. — деди.

 — Эсен бололучу… деди Сарыбай жөнөй бере.

— Кайыр, Теңирберди аке!.. Артынан Теңирберди үнүн бийик чыгарып, угузуп, берер кийитин кулакдар кылып калды:

— Ошент, Сарым! Бир кайрылып кет, эсиңден чыгарба, Сарым!.. Теңирберди кайра келип, тытта чубалып илинип турган булуттай көгүлтүр сур сүлөөсүндү кармалап көрө баштады. Тартуунун кайрымжысы кийит. Кийит тартуудан кем баа болушу керек эмес. Тартуу апкелүү, ага ылайык кийит кайруу элетте сыйлашуунун белгиси, бирок, тартуу зарылын тилеп бирдемеге колко салып келет, ошо жагына караганда бул түбү кишилердин ортосундагы алыш-бериш алакасы, ич-ара жүргүзгөн соодасы өңдүү, Теңирберди тартуунун кийитине бир улоо дан чактап, мүнүшкөр ошого ыраазы болор деп ичинен ойлонду. Күн кылкылдап тоодон нары эңкейип, көк өзөнгө жымыраган салкын кеч кирип келатты.

(уландысы бар)

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − 10 =