Тайырбек Сарпашев күбөлүктөр боюнча кетирген катасын мурун эле билгенби?

0

Каганат.

Бүгүн Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат таратты. Анда 40 миң даана күбөлүктөр жарактуу эмес болуп чыкканы айтылып, Сарпашев тендерге каршы иш аракеттерди кылганы белгиленген.

Бул кылмыш иши боюнча мамлекеттик каттоо кызматы өз версиясын айтып чыкты.

Жараксыз болгон күбөлүктөр боюнча 2015-жылдын 29-октябрында эле кылмыш иши козголгонун жазат Мамкаттоо кызматы.

Андан ары Сарпашев 2015-жылдын 20-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп келгенден кийин 9 күн өтөрү менен Башкы прокуратурага жараксыз болгон күбөлүктөр боюнча кат жазып, алардын тагдыры кандай чечилип жатканына кызыккан экен.

Бул демек Сарпашев туура эмес кылган кылыгын билип, Башкы прокуратура кандай иш алып барып жатты болду экен, кылмышкер делингендердин арасында мен жокмунбу деген кооптонуу болгонунан кабар бергенсийт.

Башкы прокуратура болсо тергөө иштери жүрүп жатканы тууралуу маалымат берген.

Демек ошол учурда эле кылмыш иши козголуп, Сарпашевдин ысымы сыйкырдуу күчтөрдүн жардамы менен айтылбай жүргөнбү? Же Сарпашевдин кылган кадамдары бийликке жакпай калып, эми гана кылмыш ишинде негизги фигурант катары карап жатышабы?

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 − он бир =