УКМК депутат Музаффар Исаковго айыбын угузду

Каганат.

КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча айыбы угузулду. Депутатка тергөө тарабынан эч жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Эске салсак, Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылдын 13-февралында кылмыш ишин козгогон.


Өлкөнөн башкы көзөмөл органы кылмыш ишин ачууга, Исаковдун Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган, 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө бергени себеп болгон. Ошондой эле  тергөө маалында жер тилкелерин Исаков саткандыгын билдиришкен жарандар чыккан.


УКМК учурда депутаттын ишинин үстүнө тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдайт.

Ал эми Исаков өз кезегинде өзү дагы прокуратуранын козгогон кылмыш ишине таң калып турганын, ал кылмыш иши тууралуу алгач маалымат каражаттарынан укканын, иш кандай өңүттө уланарын убакыт көргөзөрүн,  бирок өзү иш менен тааныша электигин кошумчалаган.


Эл өкүлү Бул мен үчүн табышмак болуп жатат. 2010-жылдан бери болуп жаткан мыйзамсыз иш болсо, анда эмнеге буга чейин прокуратура эмне үчүн үч, же беш жыл мурун козгобой эми гана козгоп жатат?-деген Исаков


Ал эми Исаков депутат болуп келген КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жергиликтүү маалымат каражаттарына тергөө ишине кийлигишпей турганын тактап айтканда  КСДП фракциясынын депутаттары кесиптешин коргобой турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Музаффар Исаков 2016-жылдын 16-июнь күнү парламенттин жыйынында ант берген. Ал, өз ыктыяры менен депутаттыктан кеткен Ашэра Халикованын ордуна мандат алган.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

15 + 4 =