Майда, бирок маанилүү кеңештер

0

Каганат.

 -Жаңы сатып алган самынды пайдалануудан мурда, батареяга же печканын кырына коюп алып, анан колдонсо, ал кир жууган учурда эки эсе көбүрөт.

-Пияздын кабыгын жазында картошка отургузуу учурунда, башкача айтканда үрөн салган үңкүргө кабыкты кошо көмсө, кабык чиригенден кийин, картошканын “душманы” болгон калорат коңузунан сактайт.

-Лимондун согу бычактын мизиндеги, жез буюмдардагы, дасторкондогу чайдын тагын кетирип, мрамор плиталарды жана кафелдерди жаркырата тазалайт.

-Ак кирлерди агартуунун эң жөнөкөй жолдорунун бири, 1 чака ысык сууга 2 аш кашык өсүмдүк майын 1 стакан “Белизна ” жана 200 г. айна кошуп кирди чылап коюп эртеси жууп салса таза, аппак болуп кетет.

–          Бут кийимиңизге тиш пастасын сыгып, аны алгач кургак, андан кийин ным чүпүрөк менен сүртсөңүз, бут кийимиңиз жаңы кезиндегидей жаркырай түшөт.

–          Балаңыз тамдын бооруна карандаш менен сүрөт тарттыбы? Анда сүрөт тартылган жерди тиш пастасы жана щётка менен сүрүп тазалаңыз. Андан соң суу менен жуусаңыз таптаза болот.

–          Колуңуз жагымсыз жыттанып калса, тиш пастасы менен жууп койсоңуз дароо кетет.

–          Кирдеп калган үтүктү тазалаш үчүн да тиш пастасы колдонулат. Ал үчүн үтүк муздак кезинде бетине тиш пастасын сыгып, аны чүпүрөк менен сүртөсүз да, акырында жууп коёсуз.

 

Бөлүшүү:

Пикир

беш + 17 =