Атамбаев: “Жапаровду эч ким гүлдесте менен тосуп албайт болчу”

Каганат.

Биз Садыр Жапаровдун барымтага алууну уюштурганын мурда эле билгенбиз. Мындай пикирин Атамбаев бүгүн «АлаАрча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Атамбаевдин айтымында,  Садыр Жапаров- башаламандыктын уюштуруучусу жана барымтага алууну уюштурган адам экени мурда эле белгилүү болчу. Ошондуктан эч ким аны чек арадан гүл менен тосуп албайт болчу.

-Сен бул жакка келсең эле,  сени эч ким гүлдесте менен тосуп албайт. 2013-жылы жасаганың үчүн жооп беришиң керек. Президентби, башкабы, ар бир адам кылган иши үчүн жооп берүүгө тийиш-деди Атамбаев.

Эске салсак, үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген.

Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “барымтага алуу”, “ээн баштык”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган. 

Бирок Эмилбек Каптагаев укук коргоо органдарына эч кандай доо арыз менен кайрылбагандыгын билдирген.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

алты + он сегиз =