Кыргыз элинин легендарлуу режиссер кызы-Динара Асанова 

0

Каганат.

Бүгүн 4-апрель кыргыз элинин талантуу кызы легендарлуу режиссер –Динара Асанованын каза болгонуна 32 жылдын жүзү болот. KAGANAT.KG сайты кыргыз элин дүйнөгө тааныткан таланттуу айымыбыздын өмүр жолуна саресеп салып көрдүк. Анда сөз башынан болсун.

Өмүр таржымаалы

1942-жылы 24-октябрдь күнү Фрунзе шаарында, РСФСРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыздан чыккан легендарлуу кинорежиссер Динара Асанова жарык дүйнөгө келген.

Дүйнө тааныган режиссер айымдан атасы  Колдош Асанов  согуштан кайпай калган. Апасы  Марзия Камалова  көп жылдар “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеген.

Динара Асанова 1960-1962-жылдары орто мектепти аяктаган соң Кыргызфильм киностудиясында жумушка орношуп, ошол мезгилде ал “Тянь-Шандык кыз”, “Ар кимдин өз жолу бар” кино тасмаларына тартылган. Андан соң белгилүү режиссер Л.Е.Шепитьконун тобуна кошулуп, анын “Аптап” фильминде иштей баштаган.

1968-жылы Динара Асанова ВГИКтин режиссерлук факультетин аяктайт. Аталган окуу жайда М.И.Ромм, А.Б. Столпер сыяктуу мыкты адистерден сабак алат. Ал В.Г.Распутиндин аңгемеси боюнча кыскаметраждуу “Рудольфио” тасма жаратып, анын бул дипломдук иши учурунда комиссия тарабынан жогору бааланган.

Динара Асанова Бүткүл Орусия мамлекеттик институтун бүтүрүп, мекенине келгенде, аны “Кыргызтелефильмге” “кыз бала экен, кыз баланын колунан эмне келмек эле” деп, кабыл албай коюшат.

Апасы Марзия Камалова ошол кездеги Маданият министри Күлүйпа Кондучаловага барып, кызымды “Кыргызтелефильмге” жумушка албай жатышат, жардам бериңиз” деп кайрылат. Бирок Кондучалова да, ”бул болбогон жумуш” деп көңүл бурбай коёт.

Ошентип, Динара Асанова “Ленфильмде” калып, дүйнөгө атагы кеткен фильмдерди жаратат. Анын “Жан дүйнөнүн ачкычы” фильми жалкоо мугалимдин образын ачкан курч фильм. Динара Асанованы ал дүйнөгө белгилүү болуп кеткенден кийин гана Кыргызстан, өз мекенине чакыра баштайт.

Анын 1974-жылы “Ленфильм” киностудиясында тарткан толук метраждуу “Тоңкулдактын башы оорубайт” киносу көрүүчүлөр жана кино сынчылардын көңүлүн өзгөчө буруп, ага биринчи атак-даңкты алып келет. Анткени бул көркөм тасма Румынияда өткөн дүйнөлүк кинофестивалда 1-орунду жеңип алып, Динара Асанованын ысымы кинорежиссёр катары дүйнөгө белгилүү болгон.

Тарткан тасмалары

Динара Асанова “Ленфильмде” иштеп, өмүрүндө 7 кинофильмди тасмага түшүргөн.

1974-жыл “Тоңкулдактын башы оорубайт”

1977-жылы  “Башкага берүүгө болбой турган ачкыч”,

Ушул эле жылы “Кайгы” киносун жаратса,

1979-жылы “Аялым кетип калды”,

1980-жылы  “Макоо”

1983-жылы “Боз балдар”

1984-жылы “Жагымдуу, кымбаттуу,сүйүктүү, жалгыз…” кино тасмаларын  жараткан. 

42-жашында соолуган өмүр

Советтик алгачкы кыргыз режиссёр айым Динара Асанова 1985-жылы 4-апрелде Мурманск шаарында “Бейтааныш кыз” аттуу тасмасын тартып жатып, 42 жашында жүрөк оорусунан көз жумган. Асанова “Бейтааныш кыз” тасмасын анын акыркы жана эң мыкты тасмасы экенин айткан. Тилекке каршы, көрүүчүлөр ал тасманы көрбөй калышты. Динара Асанованын сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Д.Асановага жана анын чыгармачылыгына арнап “BBC” телекомпаниясы “Динара Асанова”,  И.Алимпиев “Баарыңарды абдан сүйөм”, В.Титов “Динара” аттуу документалдуу фильм тарткан. Динара Асанованын туулган күнү жана каза болгон күнү “Ленфильм” киностудиясы тарабынан жыл сайын эскерилип, белгиленет.

Борбор шаарыбыздагы көчөлөрдүн бирине анын ысмы берилген. 

Бул окурмандарды суктандырган чыгармачылыктагы жетишкендиктери болсо, Динара Асанованын  жеке турмушу окурмандан аёону талап кылат.

 Негизи Динара Асанованын өмүрү жана чыгармачылыгы сырдуу жана трагедиялуу. Ал тарткан фильмге катышкандар жаш бойдон каза болушкан. Маселен, “Берүүгө укугу жок ачкыч” аттуу фильмде башкы ролду ойногон Андрей Лавриков кинонун премьерасына жетпей асынып калган. Дагы бир актер Александр Богданов жырткычтык менен өлтүрүлгөн. “Тоңкулдактын башы оорубайт” киносунда атактуу Муханын ролун ойногон Александр Жезляев баңгизатка кирип кетип, өмүрү трагедия менен аяктаган.

Жеке турмушу

Ал эми легендарлуу режиссер айымдын жеке турмушуна кайрылсак. Динара Асанова сүрөтчү-мистик Николай Юдинге турмушка чыгып, 1971-жылы алар уулду болуп, алгач Владимир деген ысым коюп, кийинчирек Анвар деген ысым ыйгарышкан.

Бирок, дүйнө суктанып көргөн тасмаларды жараткан белгилүү айымдын жалгыз уулунун да тагдыры аянычтуу. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары «Динара Асанованын  уулу  бомж жалгыз токойдо жалгыз жашоодо»,- деп да жазып чыгышкан.

Ооба чындыгында Анвар  азыр талаага ташталган “тез жардам” машинасынын ичинде мышыгы экөө жашайт. Курулушта иштеп жан багат. Ал эми апасынан калган Санкт-Петербургдагы үч бөлмөлүү үй өгөй энеси Юлия Юдинага таандык…

Анткени, Динара Асанованын күйөөсү Николай Юдин 2008-жылы каза болгон. Ооруп жатканда кийинки аялы Юлияга үйүн мураска калтырган.

Ал эми актриса Лора Умарованын айтымында,  легендарлуу кино режиссер тарткан фильмдерден түшкөн каражаттар “Ленфильмге” гана кетет.  «Динаранын өлүмү жалгыз уулунун тагдырын аңтар-теңтер кылды. Анварда мыкты актердук карьера болот дечү апасы. Анвар апасы менен кино тартуучу аянтта өстү. Артынан ээрчип калчу эмес. Аны үч жашынан баштап, киного тарта баштады. Ал тирүү болгондо уулу балким, эл аралык кино фестивалдарда жарк этип жанмак. Анын ордуна бүгүнкү күндө токойдо жашап жатканы өтө өкүнүчтүү».

Ал эми  Динара Асанованын эжеси Клара Асанова Анвар тууралу мындайча эскерет.

-Ал апасынан 13 жашында ажырап, кичинекейинен эле атасын жаман көрчү. Атасы ал тургай Анварды апасынын жерге көмүү тажиясына катыштырган жок.

Биз баланы болбой жатып алып бардык. Апасын акыркы сапарга узатууга ал катышууга тийиш эле. Динара  каза болгон соң таенеси Анварды Кыргызстанга алып баса берген. Апам каза болгон соң Бишкек шаарынын четиндеги үйдү сатып, 7 миң доллар акчасын Анварга бердик.

Бирок, анын мекени  Санкт-Петербург болгондуктан, Кыргызстанда жашагысы келген жок Питерге кайра барганда атасы тосуп алмак тургай, үйүнө киргизбей койду. Экөөнүн мамилеси өтө начар эле. Динаранын аны менен ажырашуу ниети бар болчу, бирок жетишпей калды…

Ошентип Анвар көчөдө калды. Ал апасынын каза болгондугуна, атасынын саткындыгына ичинен күйүп түтөдү. Психиатриялык ооруканага да түштү. Андан чыккандан кийин кишилерден алыстап, токойдо жашоону чечти. Жан-жаныбарлардын, дарактардын арасында жашоо ага жеңил сезилди. Анвар 21 жылдан бери Ленинград облусунун дачалуу кыштагында жашайт. Динара Асанова “Ленфильмден” алган үч бөлмөлүү квартира өгөй энеси Юлияга катталган.

Анварды көрүш үчүн Динара Асанованын эжеси Клара Асанова Санкт-Петербургга да учуп барган.

– Шарты өтө начар. Талаага ташталган, дөңгөлөгү жок “тез жардам” машинасынын ичинде уктайт. Аны менен кошо 8 мышык жашайт. Санитардык талапка жооп бербейт. Неберем экөөбүз Питердин мейманканасына токтодук. Анвар дайыма үй курам деп мага убада берет. Баштаганы чын, эми ошону кышка чейин бүтүп калсам, дейт. Жакында анын машинасынын номерин алып ташташты, анткени, үй дареги боюнча пропискасы жок.

Ал мурда кичинекей алачыктай жыгач тамда жашачу. Кокусунан өрттөнүп кетти. Бирөөлөр өрттөдү деген пикирде Анвар… Кимдир бирөөгө отун жарып, кимдир бирөөнүн үйүн ремонттойт, кимдир бирөөнүн огородун казып оокат кылат. Кошуналары аны “алтын кол” дешет. – Азыркы учурда ага акча керек, курулуш иштери көп, мен болсо пенсионермин. Небереме эки-үч айда бир 500, 1000 доллардан жөнөтүп турам, – дейт Клара Асанова.

Ал эми актриса Лора Умарова «көйгөйлөр эч нерсе эмес, Анварга барып жолуктум. Эң башкысы ишенимде. Ал азыр чиркөөгө барып сыйынып жүрөт. Өкүнүчтүүсү кыргыз жергесиндеги апасынын кабырын 30 жылдан бери көрө элек»-дейт.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − тогуз =