Садыр Жапаров: “Учарга канат болчу бир жан жок, жан дүйнө муздак дубалдардын курчоосунда калгандай”

Каганат.

2015-жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китеби жарык көрүп, бир топ саясатчылардын түн уйкусун бузуп, бир топ талкууга түшкөнү эсибизде. Бүгүн KAGANAT.KG сайты китептеги кызыктуу ой-толгоолор менен тааныштырмакчы.

Аталган китепте автор 10 жыл ичи саясатта жүргөн орчундуу окуялар, Чубактын кунундай чубалган чуусу бүтпөгөн Кумтөр маселеси, ал аркылуу өзүнө сунуштаган 100 млн. доллар пара тууралуу, Акаевдин, Бакиевдин жана Атамбаевдин өлкөнү башкарган учурундагы саясий окуялар тууралуу жазган.

Анда эмесе Садыр Жапаровдун «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китебиндеги эсте калган саптар менен таанышып алыңыз.

– Кыргыз элинин канындагы эркиндикти, калыстыкты, адилеттүүлүктү колдогон касиетин керек болсо, бүгүнкү бийлик да, түшүнбөй келе жатат.

Тилекке каршы, элге төбөсү көрүнгөн эле адам КТР дан былжырап жатса, карапайым калк ишене берет экен.

– Адамдын чыныгы мүнөзү бийлик кызыкчылыгы талашка түшкөндө, даана көрүнө баштайт экен.

– Мезгил гана чындыкты өз ордуна коёт экен. «Убакыт тараза» деп бекеринен айтылбаса керек.

Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго куйрук, учарга канат болчу бир жан жок, жан дүйнө муздак дубалдардын курчоосунда калгандай.

– Өзүбүз кедей мамлекет болуп туруп, ансыз деле биздин жонубуздан кайыш тилип жаткан уурулардан миллиарддаган сомду албай койгонубуз кандай?

– Бүгүн коомдо “судьялардын бардыгы тең пара алышып, соттолуучуларды актап чыгарышат” деген бузук пикир калыптанып калды. Акыры туура, мыйзамдуу чечим чыгарган күндө дагы, күнөөлүү болуп судья чыга келет.

Биздин өлкөдө митингди уюштургандыгы үчүн кандай гана жаран болбосун, бийликти басып алуу шылтоосу менен жаза мөөнөт береби?

-Элге баары бир экен. Уу ичсе деле мейли окшойт. Тигине, канча балдар камалып жатышса деле, былк этпей олтурушат. Таласта канчасы камалды. Талас эли да былк этишпейт.

– Биз сыяктуу эле жыйырма беш жыл мурда эгемендүүлүк алган Польша мамлекетинин ушунчалык өнүгүп кеткендиги мени абдан суктандырды. Эмне үчүн биз Европа мамлекеттериндей болуп жашай албайбыз? Эмне үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп туруп, окуучу балдарыбызды толук окута албайбыз? (Бүгүнкү күндө 30 000 ден ашуун окуучу балдарыбыз мектепке барышпайт. Европаны мындай көрүнүш таң калтырат)

Эмне үчүн жетиштүү кен-байлыктарыбыз болуп туруп, бир миллионго жакын эмгекке жарактуу жаштарыбызды чет мамлекеттерге тентитип жибердик? Тескерисинче, дүйнө жүзүндөгү кыргыздарды бир уучка чогултсак кана?

– Качанкыга чейин элибиз бир ууч арам тамактардын курсагын тойгузуп келет? Мына ушул сыяктуу суроолордун жообуна саясатта жүргөн ушул жылдарда толук түшүндүм. Ал мамлекетибиздеги бийлик башында тургандардын коррупцияга белчесинен батып калганы. Элдин ырыскысын эсепсиз ичип-жегени.

Бийликке жеткиче, “бийлик башына барсам эле эл үчүн ак иштейм” деп карганып жүрүп, бийликке жетээри менен өз чөнтөгү үчүн иштеп бузулуп кеткени.

Булак:Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

5 × эки =