Санкт-Петербургдагы жардыруудан каза болгондордун саны 14 адамга жетти

Каганат.

Санкт-Петербургдагы терракттан курман болгондордун саны 14 адамга жетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Анда айтылгандай, алардын 11и ошол жерден жан берсе, дагы үчөө ооруканада каза табышты.

Россиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцованын айтымында, даарыланууну 49 жабыркаган улантууда. 13 бейтап буга чейин үйгө кое берилген.

Эске салсак, кечээ түштө Санкт-Петербургдун «Сенная площадь» жана «Технологический институт» метростанциялар ортосунда жарылуу болгон.

Жан кечти террорчул Кыргызстанда туулуп-өскөн жана Россиянын жараны Акбаржон Жалилов деп айтылууда.

Бөлүшүү:

Пикир

он − алты =