Бишкек-Кара-Балта жолу 15-апрелден тарта оңдолуп баштайт

Каганат.

Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Кара-Балта жолу 15-апрелден тарта оңдолуп баштайт.  

Маалым болгондой, трассанын 15-61-чакырым аралыгын кытайлык компания калыбына келтирет. Бул максатта 70 миллион доллар бөлүнүүдө. Жол 4 жылда колдонууга берилет.

 Белгилеп кетсек, курулушка кытайлыктар өтө эле төмөн баа сунуштагандыктан, жумуштардын акырына чыкпай калуу коркунучун алдын алуу үчүн банк кепилдиги 10 пайыздан 20 пайызга чейин кымбаттаган. Акчаны Азиялык өнүгүү банкы камсыздап жатат.

Бөлүшүү:

Пикир

16 + 11 =