Санжар Энназаров: «Өнүгүү жолуна түшпөй эле коррупцияны гүлдөткөн өлкөгө айланып бараткандайбыз»

0

 Каганат.

 “Мамлекет мага эмне кылып берди?” деп кол куушуруп отурбай, мамлекет үчүн бир нерсе кылышым керек эле деп өз алдынча жеке ишкерлик менен алектенип, өз киндигин өзү кесип жүргөн жаштардын арасында Санжар Энназаров да бар. Санжар мырзанын айтымында өлкөбүз эски саясатчылардан чарчап, жаңы идеяга бай, жаңы көз караштагы жаштарга муктаж.

-Санжар мырза, алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз, кайсы жердин уулусуз?

– Жалал-Абад облусунун Көк-Арт өрөөнүнүн кулуну болом. Мектепти аяктаган соң, 1993-жылы Түркия мамлекетине барып, Анадолу университетинин Укук-юридикалык факультетине тапшырып, окуумду аяктаганга чейин жыл туризм тармагында эмгектенип жүрдүм.

Окуумду  аяктаган соң Орусия мамлекетине барып, Санкт-Петербург шаарындагы ири көлөмдөгү түрк курулуш фирмасында иштедим. 2012-жылы гана Кыргызстанга кайтып келип, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырып, ал жактан да юридикалык билим алдым.

-Учурда эмне менен алектенесиз?

– Азыры курулуш тармагында эмгектенүүдөмүн. Түркия мамлекетинен окуп келген досторубуз чогулуп, заманбап үйлөрдү куруп жатабыз. Мамлекетти карап отурбай, жеке өзүбүздүн каражаттын негизинде үйлөрдү куруп, өз киндигибизди өзүбүз кесүүдөбүз.

 – Бир топ жыл чет жакта жүрүп, мигранттардын турмушун өз жон териңиз менен сезип келиптирсиз, бир топ эле тажрыйба алсаңыз керек?

– Туура, азыр биздин атка минерлерибиздин көбү мигранттар менен жолугуп келип, алардын жашоо-турмушун айтып келип атышса, мен ошол жакта жашап, өзүм ошол казанда кайнап келгендердин катарын толуктайм. Европаны мындай коё туралы, ушул мен жашаган эки мамлекеттен эле бир топ жакшы сапаттарын алып, аларга карап түздөнсөк болот демекчимин.

Маселен, биз Түркия мамлекетине окуп жүргөн кезде туризм азыркыдай гүлдөп өнүгө элек, жаңыдан гана башталып аткан учур эле. Окуудан сырткары каникулда Анталия шаарына барып, туризм тармагында иштеп, акча тапчубуз. Жакынкы 15-20 жылдын аралыгында баягы жаңыдан башталып аткан туризм азыр бүтүндөй дүйнөнү суктандырып, өзүнө арбап алууга жетишти.

Азыр Түркияда баягы биз иштеп жүргөндөгү туризм жок. Жомоктогудай өзгөрүүгө дуушар болушуптур. Биз алыс кетпей эле дал ушул түрк туугандардан үлгү алсак деп айтаар элем. Биз дагы туризм тармагын өркүндөтүп, берметибиз болгон Ысык-Көлүбүздү туризмдин гүлдөгөн ордосуна айландырсак деген тилегим бар.

 – Санжар мырза, мындай  ойлоруңуздан улам сырттан алган тажрыйбаларыңызды элиңиз менен бөлүшүп, мамлекеттик кызматтарга аралашууну пландап жатасызбы деген суроону бергим келип жатат…

 – Албетте андай ойлорум бар. “Генерал болууну каалабаган солдат солдат эмес” дегендей, мен дагы ушул күздө өтө турган президенттик шайлоонун алдында ойлоно баштадым. Балким мамлекет үчүн күйүп, мамлекет үчүн чуркап иштей турган кез келгендир. Качанкыга чейин эле баягы эскилик менен эле иштеп, элибиз кыйналып жүрө бериши керек? Мен жаңы мектепти бүтүрүп, Түркияга кетип жатканда эгемендүүлүк колубузга жаңы тийип, туңгуч президентибиз Аскар Акаев келген.

Ал: “Келээрки 10 жылдыкта Швейцарияга айланабыз” десе ишенип алыптырмын. Кыргызстанга кайтып келсем, Аскар Акаевдин башкарып турганына 15 жыл өтсө да Швейцариянын “ш” тамгасы да жок, тескерисинче карызга белчебизден баткан мамлекетке айланыптырбыз.

Ошол кезде эле саясий чөйрөдө жүргөндөр азыр деле аралашып жүрүшөт. Андан бери бир эмес эки ажо алмаштырдык. Өнүгүү жолуна түшпөй эле коррупцияны гүлдөткөн өлкөгө айланып бараткандайбыз. Мен азыр оппозицияга да, бийликке да тиешем жок, ортодогу нейтралдуу адаммын. Эл менимче бул тирештен чарчады. Саясаттын жаңылануусун күтүп калышты.

-Демек, баамдаганыма караганда күздө өтө турган президенттик шайлоодо өзүңүздү сынап көрөйүн деген оюңуз бар?

Туура, азырынча бул жөн гана изги тилек. Бирок чет жактан алган тажрыйбабыз менен бөлүшө турган учур келди. Азыр мамлекетибизге жаңы идея, жаңы күч менен иштей турган жаштар керек. Кудайым буюрса эл колдосо, оомат келсе балким бизге да мамлекеттин тизгинин кармоо буюруп калаттыр деген тилегим бар.

Мамлекетти башкаруунун тизгинин колго алам деп белсенип чыгуунун өзү чоң эрдик болсо керек. Лидерлик сапат кичинеңизден эле болсо керек?

– Кичинемде айылда тегеректеги балдарды топтоп, өзүм аларга лидер болуп, башка көчөнүн балдары менен ар кандай таймаштарды уюштурчу элем. Спортко болгон сүйүүм кичинемден эле байкалган. Спорттук оюндардын бардык түрүнө, алардын ичинен шахматка аябай кызыкчумун.

Бул сапатым кийин Түркия мамлекетине барып окуган кезде да өз пайдасын берди. Кандай гана спорттук, маданий иш-чаралар болбосун алдыда жүрөөр элем. Азыр Кыргызстанда “Эскишехир” шаарынан бүтүп келген бүтүрүүчүлөрдүн коомун жетектейм.

– Спортко болгон сүйүүм күчтүү деп калдыңыз, ийгиликтериңиз менен бөлүшсөңүз?

– Мектепте окуп жүргөндө шахматтан ар жылы мектептин чемпиону болуп, райондук мелдештерге катышып, областтык деңгээлге чейин чыктым. Ал эми Түркия мамлекетинде окуп жүргөндө да шахматтын пайдасы тийип, барган жылы эле жатаканалардын арасында өткөн мелдеште чемпион болгом. Анда мени 10 күндүк эс алууга Измир шаарына жөнөтүшкөн. Измирде да турнир болуп, ал жактан да ийгилик менен кайттым.

Кийин университетте окуп жүргөндө да мелдештерге катышып жүрүп, 2-3 жыл чемпион боло албай жүрдүм. Себеби дүйнөнүн ар кайсы мамлекетинен күчтүү студенттер келип катышышчу. Тырышчаактыгымдан “сөзсүз университеттин чемпиону болом” деп жүрүп, окууну бүтөөр жылы чемпион болдум.

Мындан сырткары футболду абдан жактырам. Спорттун бокс түрү боюнча да мелдештерге катышчумун. Азыр да сергек жашоо образын сактап, спорт менен машыгып турам.

– Тараза ташы сиз тарапка ооп калса борборубуз Бишкек шаарын кандай жол менен көрктөндүрөт элеңиз?

– Эң биричи чет өлкөлүк меймандардын көңүлүн буруу үчүн борборубуз Бишкек шаарына заманбап, көп кабаттуу үйлөрдү курушубуз керек. Борбордо тарыхый айлар жалпысынан жокко эсе. Шаар кичинекей болсо да ошончолук кооз болсо чет жактан келген меймандар жакшы пикир менен кайтышмак.

Бизде көп кабаттуу, бийик үйлөрдү канча кабатка чейин курууга болот? Алардын коопсуздугу кандай болот?

-Биздин Бишкекке колуңдан келсе 100 кабат имарат курууга болот. Болгону имараттардын пайдубалы жакшы салынышы керек. Азыр көп үйлөрдүн пайдубалы начар болгондугуна байланыштуу коопсуз болуп калып жатпайбы.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 5 =