Майда бирок, маанилүү кеңештер

0

Каганат.

  • Эгерде чыныдагы чай же кофе тез муздасын десеңиз, ага 3-4 чай кашыкты же 2 аш кашыкты жөн эле салып коюңуз;
  • Бир порция спагетти даярдоо керек болсо, кургак кесмени желим бөтөлкөнүн моюнуна батканчалык салып ченеп алсаңыз болот;
  • Муздаткычтагы сыр кургап калбасын десеңиз, чекелерине май сүйкөп коюңуз;
  • Тамак түбүнө тартып кетпеши үчүн казанды туз менен кошо какшытып алыңыз;
  • Эгерде жыгач эмерегиңиз чийилип калса, аны аарчылган грек жаңгагы менен сүртүп коюңуз;
  • Көпчүлүк кишини сүрөткө тартканда кээ бирлеринин көзү жумулуп калбашы үчүн баарынын көзүн жумдуруп, 1,2,3 дегенде ачкыла деп тартсаңыз, ийгиликтүү фото жаралат;
  • Эгерде телефонуңуздун батареясын тезирээк заряддалышын кааласаңыз, анда мобилдик байланышты өчүрүп, “Самолётто” (В самолёте) функциясына коюп коюңуз;
  • Кийимиңиздин топчусу бекем болуш үчүн анын жибине кадимки тырмакка коюлуучу түзсүз лак сыйпап коюңуз;
  • Эртең менен ойгоно албай кыйналсаңыз, 20 секундага күч менен көзүңүздү сүзүп, кайра ачсаңыз, уйкуңуз умачтай ачылат.
  • Жакын адамыңызга кандай белек тартуулоону билбей жатсаңыз, ага белек камдап койгонуңузду айтуу менен, ал кандай белек каалап жатканын билип алсаңыз болот.

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

15 + 15 =