Ф.Кулов “Мен сени өлтүргөндөрдү табам”, – деген убадасын аткардыбы?

Каганат.

“ 2005-жылкы революциянын биринчи курмандыгы– Үсөн Кудайбергенов агам болду”

БИЙЛИК УНУТСА– ЭЛИ УНУТПАС…

Тирүү болгондо Үсөн Кудайбергенов быйыл 68 жашка чыкмак. Бирок, белгисиз себептерден улам, белгисиз адамдын колунан ажал тапканына быйыл 10-апрелде туура он эки жылдын жүзү болду.  Туугандары маркумдун мамлекет тарабынан эскерилбей, кумга сиңген суудай изсиз болуп баратканына кейишет. “Агабыз мамлекеттин көңүл буруусуна арзыбаган адам беле”, – дешет алар. Ал кыргыздын жөнөкөй   патриот уулу катары цирк өнөрүнө кыргыз атын кошкон, чабандестиги менен бир нече мамлекеттин сыймыгы болгон көркөм тасмаларынын жарыкка чыгышына өбөлгө болгон,

Жарыкчылыктагы жашоосуна баам салсаң, улуттун чыныгы күйөрманы экенине ынанасың. Улут дегенде ичкен ашын жерге койгонду баса белгилеп айтуудан неге качабыз? Улутун өтө сыйлаган адам гана башка улуттардын кадырына жетет го? А дегенде эле цирк өнөрүнө ат жалында шамал менен тең ойногон таланты менен жаңылык киргизип, тажик, казак, түркмөн, белорус, кыргыз тасмаларында унуткус элестерди чагылдырган Кудайбергенов оомал-төкмөл заманда бийликке аралашып, жасалма патриот болбостон,  элине канат-бутак болуп келген. Акылга да, күчкө да толуп, өзү эңсегендей кыргызга таандык баалуулуктардын каалгасын каалаганча ачууга боло турган эгемен күнгө жеткен чакта капысынан ажал тапканына он жылдан ашуун убакыт өтсө да жакындарынын азасы азыр да бөксөрө элек. Маркумдун аталаш бир тууганы Карыбай Кожомбердиев айткандай:“2005-жылкы революциянын биринчи курмандыгы- Үсөн Кудайбергенов” кыргыздын салтына бийик тутканы үчүн советтик бийликтин куугунтугуна да дуушар болгон экен.

Биз улуттун бийик уулунун бейнесин ачуу максатында  Карыбай байке менен аңгемелештик.

-Казактардын “Кочевник” деген киносуна тартылып атканда, массовкада 2500-3000ге чейин актер болуптур. Сьемка аянтына Казакстандын президенти Назарбаев да көргөнү келип калып: “Тетиги ким, ат минип алып, баарын башкарып жүргөн?”, -деп жанындагылардан сураптыр. Алар:“Ал Үсөн деген кыргыз жигит”, – дешсе, эми ким болбосун өз улутуна жан тартат да, президент дагы казактардан жок бекен дегенчелик кылып нааразы болгон го. Антсе, жанындагылар: “О-оо, бул жигит улуу чабандес, трюктардын баары ушул адам аркылуу жасалып атат”, – дешип, экөөн жолуктурушуптур. Ошондо Үсөн агам: “Мен силердин жээниңер болом, апам казак кызы”, – деген экен. Чын эле Жаркынай жеңебиз казак кызы эле. Бир жылдары казактарды ачарчылык каптап, көпчүлүгү Чүй бооруна ооп келгенин уккан чыгарсың. Ошол апаатта биздин жеңебиз да Чүйгө келип, кийин кыргыздарга бүлө болуп калган.

-Маркум тууралуу сөз кылганда биринчи артында канча баласы калганы айтылат, агай канча балалуу болгон?

-Эки баласы бар– Ниязбек анан Жаныбек. Азыр экөө тең чет мамлекетте жашап атышат. Улуусу Ниязбек атасына куюп койгондой окшош: мүнөзү, баскан-турганы, күлгөнү, сүйлөгөнү… Азыр бул жакка үй куруп атат, ал эми Жаныбек илим жаатындагы адам.

-Кудайбергеновдун бала чагы 1960-жылдарга туш келген экен, ал жылдары цирк өнөрү тууралуу түшүнүк кыргыздарда болбосо керек, кандайча ушул тармакты тандап алганынан кабарыңыз барбы?

-Үсөн байкем экөөбүздүн жаш айырмабыз 15 жаш. Ошондуктан ал кишинин бала чагын мен эстей албайм. Апамдардын айтуусуна караганда, кичине кезинен эле атка жакын чоңоюптур. Менин атам союз кезинде жылкычы болгон. Биздикине келип, атама жылкы карашканга жардамдашып, ат үйрөтүп минип эле атчу экен. Трюктарды жасоо да чыгармачылыкты талап кылат, издениш керек, жаңы ыкмаларды таап чыгуу керек. Байкемдин фантазиясы укмуш болчу, аттын алдынан артылып, ээрге тик туруп чапканды жаңылык катары киргизген. Мектепти аяктаган соң циркте билим алды.  Кийин кинотармагына ооп, трюктарды жасап  жүрдү. Бирок бул эми көшөгө артындагы иш да, ошондуктан көп эле жерде аты аталбай калып кетти. Бир гана “Жамийла” киносунда даана жүзү экранга чыккан.

Жубайы өзбекстандык дешет, азыр бул жактабы, же өз жерине кетип калганбы?

-Орто Азия боюнча чабандестер тобун жетектеп жүргөн маалда, Өзбекстанга да барып жашап калды. Ошол жактан Альмира жеңебиз менен таанышып баш кошушкан. Андан эки балалуу болду. Биринчи жеңебиз союз убагында белдүү кызматтарды аркалап жүргөн Күлүйпа Кондучалованын кызы эле. Андан бир кыздуу болгон. Эми инсандын жеке өзүнө таандык маалыматтарын айта бергенге болбойт го… Жеңебиз бул жакта эле, бирок ден соолугунан улам көп нерсеге аралаштырбай, аярлап турабыз.

-Чынчыл адамдын жашоосу күрөштөн куралат эмеспи,  бийликтегилер менен  биринчи күрөшү качан башталган?

-Чынында, байкемдин жашоосу күрөштөрдөн турат. Улутка өтө берилген, жалганчылыкты, жасалмалуулукту жактырбаган киши эле да. Биринчи бийликтегилер менен кармашы деп союз убагында, Кыргызстан Компартиясынын башында  Т. Усубалиев турган кездеги ага болгон  куугунтукту айтар элем. Байкем кыргыздын улуттук ат оюндарына жаңы өмүр бергиси келген. Көк бөрү, улак тартыш ал кезде унутулуп бараткан кез болчу. Ошого кабыргасы кайышкан байкем, улуттук оюндарды жандандыруу демилгесин көтөргөн. Азыр эми улак тартыш да, көк бөрү да кадыр-барктуу оюндардын катарында. Анда байкемдин мындай сунушун келесоолук катары кабыл алышкан. Анын айынан улутчул атка конгон. Акыры Кыргызстандан чыгып, Тажикстанга барып баш калкалоого аргасыз болгон.

-Улуттук оюндарга жаңы өмүр берем дегени үчүн  бийликтин куугунтугуна кабылды дедиңиз, Тажикстан деле союздун бир мамлекети болгон да. Ал жакка куугунтук жеткен эмеспи?

Ошого мен да таң калам. Бул да болсо биздин мамлекеттин “баш ал десе бөрк алганга” жакын бийлигинин кылыгы болсо керек. Тажикстан тескерисинче, байкемдин талантынын үзүрүн көрүштү. Өлкөсүнүн жүзүн тааныткан бир топ көркөм тасмаларында Кудайбергеновдун трюктарын колдонушту. Негизи эле, байкемдин фильмографиясын карап көрсөм, басымдуу бөлүгү өзбек, тажик, түркмөн, казак, белорус фильмдери экен. Кийинчирээк гана бирин-экин Кыргызфильм менен Мосфильмде тартылганын билдим. Бул да болсо биздин талантты убагында барктап, баалай албагандык адатыбыз болсо керек…  Союз урап, Акаев бийликке келип, демократиянын шарапаты  башталган кезде гана мекенине кайтып келди.

 -Анан улуттук оюндарды кайра жаратам деген максатына жете алдыбы?

-Азыр көк бөрү, улак тартыш ж.б. көчмөн кыргыз элинин нукура табиятына таандык оюндар үзгүлтүксүз ойнолуп атат го, ошонун баары байкемдин эмгегинин акыбети. Аскар Салымбеков деле айтып калат, мени ат оюндарына жакын кылган Үсөн досум болду деп. Совет учурунда да ушундай кылууну көксөгөн, бирок мезгилинен эрте аракеттенип алгандыктан, ал кездеги мыйзам ага жол бербей, куугунтукка кабылган да.

-Тандап алган кесибинен жараат алган учурлар болгонбу?

-Анын сынбаган жери калган эмес. Бул эми опурталдуу кесип да, анан кантип эч жери сынбай койсун. Боюу өтө узун эмес, бирок сөөктүү киши болчу. 50дөн өтүп калган курагында да спорттук шамдагайлыгын жоготкон эмес.

Бир ирет япондордун киносуна тартылып калды. Алардын киносунда өрттөнгөн эпизоддор көп болот эмеспи. Ошондой эпизоддун бирин тартып аткан мезгилде, өрттү убагында токтото алышпай калышыптыр. Тасма ишине аралашып жүргөн немец улутундагы адам өрттүн ичинде калып кетсе, байкем жалтанбай кирип, алып чыгыптыр.  Ал немис кийин да байкеме ыраазычылыгын айтып келип жүрдү. Бирок, байкемдин бетинин 70пайызы күйүп кеткен. Көп жолу операция жасатып атып калыбына келтирди. Бирок тырыктар калып калды. Өзү сулуу киши болчу, тырыктар гана пайда болуп калды да кийин.

-Мүнөзү кандай адам эле?

-Аябай катаал болчу. Тартипти жакшы көрчү. Өзүнүн туугандарын экинчи орунга жылдырып, биринчи орунга бейтааныш адамдарды койгонду мен агамдан гана көрдүм. Бизге: “Силер шашпагыла, силерге жетет”, – деп койчу. Чабандестер тобуна да биздин айылдык жигиттерди албай, басымды Нарын тарапка койчу. Ал жактыктар кичине чагынан ат менен чоңоюшат эмеспи. Тааныштыкка эмес, талантка караганы ушул да. Муктаж болуп тургандардан жардамын аячу эмес, акыркы тыйынына чейин кармата берип, өзү отуруп калчу. Кол алдында жүргөн 100дөй жигитти балдарындай карап, айрымдарын үйлүү да кылды. Тартипти жакшы көрчү дебедимби, кээде туура эмес кылган иштерине ачууланып, катуу айтып алса да жигиттери таарыныч кармабай жанынан кетишчү эмес. “Ага” дешпей, “Ата”- деп кайрылышчу.

 

-Өлүмү туурасында эмнелерди айта аласыз?

-2005-жылдын 10-апрелинде каза тапты. Ошол жылы 24-мартта революция болбодубу. Ошондо Кудайбергенов элдик кошуун түзүп, анын курамына 15 минден ашуун жигиттер кошулду. Балким, так ушул нерсе андагы бийликке жаңы келген Бакиевдердин тынчсыздануусун жараткандыр. Анан эле Куловду президент кылам деп чыкты. Күздө президенттик шайлоо болмок да. Куловду түрмөдөн алып чыккан да Кудайбергенов болгон. Аз гана убакыттын ичинде элдик кошуунга миңдеген адамдарды топтой алган адам президенттикти оңой эле алып коеруна көздөрү жетип, жок кылуунун жолун ойлоп табышкандыр деп  калам.

-Кулов демекчи, Кудайбергеновдун камалышына Куловго байланышкан иштер себепчи болгон деп да айтышат?

-1995-жылы Манастын 1000 жылдыгы болбоду беле. Ошондо байкем ат оюндарын уюштурган. Кулов да атка жакын киши болгондуктан, экөөнүн достугу бар эле. Аны билген Акаевдер Куловго каршы иш башташканда байкемди чакырып алышып, каршы көрсөтмө бер деп мажбурлашат. Байкем болбойт: “Анын эч нерсесин көрбөсөм, кантип каршы көрсөтмө берем”, – деп. Бийлик байкемдин алды-артынан жакшы эле өткөн: “Сен көрсөтмө берсең, биз чет мамлекетке чыгууңа жардам беребиз, же кинотармагын өнүктүрүүгө шар түзөбүз”, – деп. Байкем болсо айтканынан кайтпай туруп алат. Анан эле “Манас –1000де” ат оюндарын уюштурууга бөлүнгөн каражатты максатсыз колдонгон деп кылмыш ишин ачып, 10 жылга соттоп жиберишти. Анда болгону 1,5 миллион сом бөлүнгөн экен. Документтери туура болуп турса да, эптеп бир жолун табышыптыр. Ошентип беш жылдык  өмүрүн абакка калтырып келген.

-Кудайбергенов Куловго чыныгы достугун далилдеген экен, ал эми агай киши колдуу болуп каза тапканда Кулов тарабынан кандай кадамдар болду?

-Байкемди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кулов келип, мүрзөсүнүн жанында көз жаш алып: “Мен сени өлтүргөндөрдү табам”, – деп сөз берген эле. Бирок, табылган жок… Кийин бир жолугуп калып, сурасам:“Жазасын алышты”, – деп койгон… Ким билет эми…

-Душмандары бар беле?

-Эч кандай душман күткөн эмес. Кишиге эмес, итке да жамандыгы жок эле. Чет мамлекетте жүргөндө да ал жактагы кыргыздарга жоктон бар кылып жардам берип эле атчу. Революциядан кийин адилеттүүлүк болсун, бардыгы ачык-айкын жүргүзүлсүн, мамлекетти мүлжүгөн уурулар жок болсун деп чыкты да. А чиновниктерге андай нерсе жакпайт экен… Балким, душманды ошол ачык айткан сөзү менен эле арттырып алды. 2005-жылкы революциянын биринчи курмандыгы–менин байкем болду. Элдик кошууну менен марадерчулукту токтотконун билесиңер да. Салымбековдун “Дордой плазасын”, эң негизгиси ЦУМду талап-тоноочулуктан куткарып калган. Андан башка дагы канча майда нерселерди да сактап калды. Анын баары бүгүнкүгө чейин эл оозунда айтылып жүрбөйбү. 

-Каза болоор алдында ал кишини көрдүңүз беле?

–9-апрелде Ала Тоо аянтынан көрдүм. Андагы президент Бакиев Тарых музейинин алдында топтолгон элге сүйлөп, бери жакта байкем турган. Адамдар Бакиевдин айланасында эмес, Кудайбергеновдун жанында үймөлөктөшүп алышыптыр. 10-апрелде Куловдун соту болмок. Бизден, ал жердеги көп жигиттерден: “Эртең шаардык сотко барып, Куловду колдоп койгула”, – деп суранган. Ошентип кечинде баарыбыз тарап, мен үйгө кеткем. Анан эле агамды атып кетишкени тууралуу кабар жетти…

-Атып кетишкенде окуяны көрүп калган күбөлөр болгонбу?

-Орто-Сайдагы үйүнөн атышкан да. Кошунасы бар болчу, агам кайтыш болгондон кийин уулдуу болушуп, атын Үсөн коюшкан эле, ал бала азыр 10 жаштан ашып калды. Ошол үй-бүлө айтышты, байкем кечки 10го жакын үйүнө келип, итине тамак берип, анан жаңы эле кошунасыныкына кирген экен. Артынан эле беткапчан бирөө кирип келип желкесине тапанча такаптыр. Байкем терезе тушунда турган гүлдү алып ура калса, тапанчасы отсечка берип, артын көздөй качыптыр.Бирок, ошого да болбой эки жолу ок чыгарууга үлгүрүптүр.  Иликтөө учурунда алар качкан жактан тапанчанын ок салгычы табылган. Жол менен ылдый көздөй качышкан экен.

-Ок кайсы жерине тийген?

-Бири- каруусуна, бири- колтук тарабына арттан атылган. Чынында ок жашоого зарыл болгон органдарды деле жабыркатпаган экен. Болгону кан көп кетип калган. Тез жардам кечирээк чакырылган да. Кийин мен медициналык экспертизада иштеген досторумдан  сурадым, сактап калса болот беле деп. Алар айтышты, медициналык жардам эртерээк көрсөтүлгөндө тирүү калмак дешип. Адамда 5 литр кан болот экен, анын 2,5 агып кетсе, болду… Байкемди ооруканага жок дегенде жарым саат эрте алып барганда да аман калмак беле.

-Көзү барда дос болуп жанында жүргөндөрдүн, көзү өткөндөн кийин мамилеси кандай болду? Үй-бүлөсүнөн кабар алып турушабы?

-Бул кишинин жаркын элесинен А.Салымбеков, Т.Керексизов, Р.Алкановдор эч нерсесин аяшпайт. Байкем өзү достукка бекем киши болгон. Үй-бүлөсү дегидей, үй-бүлөсү жардамга деле муктаж эмес. Достору эскерүү китебин чыгаруу, эстелик орнотуу сыяктуу Кудайбергеновдун жаркын элесин өчүрбөй калууга арналган иштерге жардам берип жүрүшөт. Салымбеков Октябрь кинотеатрынын алдына бул кишинин эстелигин коелу, уруксатын алып бергиле деди эле, алынган жок. Байкемдин атынан фонд ачсамбы деген да тилегим бар болчу, айрым көралбастыктын айынан ал да ишке ашпады.

Агайды эстегенге ага байланышкан кайсы окуя эсиңизге түшөт?

            -Өлүмдөн да коркпогон киши болчу. 2005-жылдагы революциядан кийин жер-жерлерде ар кандай ызы-чуу болуп атты го, ошондо Панфилов районунда жергиликтүү эл акимди кубалап чыгышып, кант заводун басып алышыптыр. Аны уккан байкем мага кошуп он жигитти ошол жакка жиберди, барып элди тынчтандыргыла деп. Бардык, бирок кайра кайтканга аргасыз болдук. Менин боюм узун, байкемдин боюу кыска болчу да, ушундай болуп кайтып келдик деп кирген мени карап туруп: “Килтейген кебетең менен эмне кылып жүрөсүң, чыккыла эшикке”, – деп салды. Өтө кайраттуу, туура сүйлөгөн, чынчыл киши эле.

 –Агайдын өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишинин андан кийинки тагдыры эмне болду?

-Иликтенип барып эле калып калды. Акматбаевдин тобуна алып барып такап коюшту. А анын тобу убакыттын өтүшү менен бирден жок кылынды го. Бакиевдин убагында ачылган кылмыш иши ошол убакта эле жабылган. Өлгөндөн кийин ушул экен да… Ошентип кыргыздын бир азамат уулун өлтүрүп коюшту. Азыр байкем тирүү болгондо, айрым сасыган саясатчылардын оозун жапмак, кинотармагын өнүктүрмөк. Негизи чынчыл адам бийликке келе албайт, чындыкты айтып коюп, бийликтен алыс элдин адамы болуп жүрө берет экен.

 -Агайдын көзү өткөндөн кийин жашаган үйү да тартылып алынган дейт го, ошол чынбы?

-Сатылып кеткен. Бул кишинин  баеолугу ушул да, үйдү сатып алса да документтештирбей жүрө берген экен, кийин бирөөлөр документ жасатып сыртынан сатып жиберишиптир. Кимдерге мындай кылуу керек болду, билбейм. Үй менен кошо байкемдин нечен жыл чогултуп жүргөн, өзүнчө эле кыргыз музейине айланган экспонанттары да жоголду. Ал өзү кыргызга таандык бардык буюмдарды чогулткандан ырахат алчу. Ала кийиз, шырдактан баштап, көөкөр ж.б. улутка таандык, улуттун тарыхын, үрп-адатын, салтын билдирген буюмдарды кайсы жерден көрбөсүн, канча десе да ойлонбой сатып алаар эле. Ошолордун баарын үйүнө топтоп атып, музейге айландырып салган болчу. Эми анын бири да жок… Кыргызстанда кыргыздарды кыргыз эместер башкарат экен. Так ошолордун тымызын саясаты менен улуттун тирөөчү болчу уулдары жок кылынды. Бирден теришти, бирден жок кылышты. Аны байкабай, арам ойлуулардын капканына мыкты жигиттерибизди өз колубуз менен салып берип атабыз…

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

бир × эки =