Кыргыз ырчылары Димаштан үлгү алышса

0

Каганат.

Казакстандык ырчы Димаштын жылдызы жанып турган убагы. Ал 2017-жылдын башында Кытайдын “Hunan TV” телеканалы өткөргөн “I am a singer-2017” теледолбооруна катышып, бир топ күйөрмандарды топтоого жетишти. 14 этаптан турган теледолбоордун финалынын биринчи күнү 8-апрелде өткөн. 15-апрелде жеңүүчү ким болгону билинмекчи.

Шанхайдын телеканалдарынын бири өткөргөн түз эфирде казак ырчысы Димашка сүйүп окуган китеби тууралуу суроо бергенде ал Мухтар Ауэзовдун “Абай жолу” чыгармасынын атын атаган. Димаштын менеджери учурда аталган китептин кытай тилиндеги котормосу болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетип, өтө көп сатылган китептердин катарында болуп жатканын айткан. “Димаштын күйөрмандары “Димаш окуган китепти биз дагы окушубуз керек” дешип, дал ушул китепти сатып алып жатышат. Бул түз эфирди 54 миллион адам көрүптүр. Бул телеканалдын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч экен”,-деп билдирген.

 

Айрым кыргыз ырчылары Димаштан үлгү алышса болчудай. Чет өлкөгө барып алып жоругу коомчулукту ирээнжиткен сүрөттөргө түшүп, кыргыз элин уят кылган ырчыларыбыз өздөрүн асмандагы жылдыздардай сезбей “жылдыз оорусунан” арылышса жакшы болот эле. Кыргызстандын атын жакшы жагынан чыгарып, кыргыздын чыгармачылыгын дүйнөгө тааныткан ырчыларыбыз ылайым көп болсун.

Ал эми Димаш Кудайбергенов 2013-жылы кыргыз жерин багынтып кеткенин дагы айтпасак болбос. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалында Димаш баш байгени жеңип кеткен.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 4 =