Кыргызстандагы медреселер реформага муктаж

0

Каганат.

Кыргызстандагы диний билим берип жаткан медреселер чукул реформага муктаж. Мындай тыянакты Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту чыгарды.

Булан институту медреселердин абалын, окуу программасын жана мыйзамдык нормаларды изилдеп чыккандан кийин төмөндөгүдөй корутундуларга келген.

Кыргызстанда диний билим берүү мекемелеринин ишмердигин тартипке салып, көзөмөлдөй турган мыйзамдык нормалар кабыл алына элек. “Диний билим берүү жана диний уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун 2013-жылы Каныбек Осмоналиев сунуштап, бирок ал парламентте талкуудан өтпөй калган. Бул тармакты жөнгө сала турган мыйзам долбоорун диний аалымдар, медресе башчылары, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Билим берүү жана илим министрлиги жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен мыйзам долбоорун чогуу иштеп чыгуу зарыл;

Кыргызстан эгемендик алгандан бери медреселердеги билим сапатына 2014-жылдан баштап мамлекеттик деңгээлде биринчи жолу көңүл бурула баштады. “2014-2020-30 жж. Дин жаатындагы мамлекеттик саясат тууралуу концепциясы” 69 айрым оң жылыштарды бере баштаганы менен дагы деле болсо диний аалымдар арасында, Муфтиятта ыкшоолук жана кош көңүлдүк байкалат. Мамлекеттик деңгээлде бул иш-чаралар ыкчамдатылып, көзөмөл күчөтүлүп, аларды ишке ашырууга материалдык-финансылык булактарды табуу керек;

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы (КМДБ) медреселерде окуп жаткан балдардын саны 6 миң деп ырастаганы менен, учурда медресеге барып окуп аткан балдардын саны бир кыйла көп. Уруксаты жок мыйзамсыз иштеп аткан медреселердеги балдарды, мектепте да, медреседе да окуп аткан балдарды жана жумасына 1-2 жолу медресеге келип окуп аткан балдарды да эсепке алуу керек. Бул иликтөө медреселерде окуп аткан балдардын каттоо толук кандуу эместиги, медреселерде туруктуу жатып окуган балдардан сырткары келип-кетип окуган балдардын саны да бир кыйла экенин көрсөттү;

Медреселерге 9-классты бүтө элек балдарды кабыл алуу фактылары уланууда. Бул – одоно мыйзам бузгандык. Медреселерде окуган балдарды каттоону жолго коюп, жашы жете элек балдарды медресеге алган көрүнүштөрдү таап, мамлекеттик органдар жана Муфтият катаал чараларды көрүүгө тийиш;

Мечиттердин жана облустук казыяттардын медресе ачуу укугуна көзөмөлдү күчөтүү керек. Себеби, жер-жерлерде мечиттер хужра тибинде өз алдынча медресе ачып, мамлекеттик комиссияда катталбастан, мыйзамсыз иш алып барууда. Жергиликтүү бийлик органдары жана Муфтият ар бир мечитти мониторинг кылып, уруксаты жок жана талапка жооп бербеген медреселерди тез арада жабышы керек.

Медреселер баштапкы башаламандык этаптан өтүп, соңку беш жыл ичинде позитивдүү өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ошол эле кезде медреселерди азыркы заманга ылайыктоо иштерин ыкчам жүргүзүү абзел – зарыл шарттардын стандарттарын түзүп чыгып, ар бир медресенин ошол деңгээлге жетишин камсыздоо керек. Исламдык билим берүү мекемелеринин окуу пландарын, программаларын стандартташтыруу жана аккредитациялоо, лицензиялоо аркылуу алардын санын кыскартуу керек;

Медреселердин басымдуу бөлүгүнүн материалдык абалы оор жана туруктуу финансылык булагы жок. Каржылык кризис медреседе окуган балдардын билим сапатына жана керек болсо ден-соолугуна да терс таасирин тийгизет. Демек, финансылык туруктуу булактары жок медреселер талаптагыдай шарттарды түзө албаса жабуу маселесин коюу керек;

Муфтият алдындагы Аалымдар кеңеши 2013-жылы медреселер үчүн бирдиктүү окуу программасын бекиткен, бирок көпчүлүк медреселер ал программаны сактабайт. Финансылык каражатынын бар-жогуна жараша сабактар окутулуп, айрым медреселер негизинен Куран жаттоо менен чектелишет. Муфтият мониторингди күчөтүшү керек;

Диний билим берүү мекемелерин квалификациялоо башаламан бойдон калууда. Мисалы, Муфтият медреселерди баштапкы, орточо жана жогорку деп үч категорияга бөлүп койгон. Медреселерди үч категорияга бөлүүнүн кажети жок, медресе 9- классты бүткөн жаш улан-кыздарды диний багытта окуткан эки же үч жылдык окуу жай болушу керек. Алардын кийин жогорку окуу жайы катары саналган Ислам университети жана Ислам институттарга тапшырып, бакалавр деңгээлинде билимге ээ болушу керек;

Медреселердин 95% светтик сабактар өтүлбөйт. Ошону менен катар, калган 5% медреселерде да светтик дарстарды окутуу мезгилдик мүнөзгө ээ, б.а., демөөрчүлөр тарабынан көбүрөөк каражат бөлүнгөндө окутулат дагы финансылык кризис болгон учурда окутулбай калат. Медреселерде окуган балдар светтик да билим алып, жаңы технологияларды да өздөштүрүүгө шарттар түзүлүшү керек;

Дин таануу маданиятынын тарыхы пилоттук сабагы учурда өлкө боюнча он мектепке гана кирди. Бул окуучулардын диний сабатын ачып, радикалдаштырууга бөгөт койгон чара болуп саналат. Андыктан бардык мектептерге жайылтуу керек жана бул маселенин ресурстук, каржылык маселесин эл аралык донорлордун көмөгү аркылуу менен чечүү зарыл;

“Диний билим берүү жана дин таанууну окутуу системасын реформалоо” концепциясын коомдук талкуулоо аяктады. Аны тез арада кабыл алып, мыйзамдык укук берип, ишке ашырууга киришүү керек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бул иштерди системалуу түрдө улантууга тийиш.

Булак: Каганат

Tagsдин
Бөлүшүү:

Пикир

он − 1 =