Эгерде бет териңиз майлуу болсо бул маска сиз үчүн

0

Каганат.

Майлуу бет май бездеринин катуу иштешинин натыйжасында пайда болот. Түтүкчөлөрү кенен, майлуу бет апельсиндин кабыгына окшоп турат. Кээде алардын майда кошумча тешиктери тарып, чаң толуп кеткенде, бетте кара чекиттер – комендондор пайда болот.

Ал эми беттеги тешиктерге бир аз эле жугуштуу микробдор кирип кетсе, безеткилер чыга баштайт. Аны сыгып салууга болбойт. Себеби, ырбап отуруп, андан да чоңоюп кетиши мүмкүн. Майлуу бет безеткиге жакын болгондуктан, ага кам көрүүнү жаш кезден эле баштаган оң. Майлуу беттин кургак беттен айырмасы – ал калың келип, одуракайыраак тартып, бат эле жалтылдап майланышып кетет. өтө майлуу беттер, ал тургай, көгүш түстөнүп да кетет.

Бирок, анын жылма көрүнгөн кургак беттен артыкчылыгы бар. Бул артыкчылык – анын калың жана майлуу болгондугунда. Башкача айтканда, майлуу бет күндүн нурунун, суунун, суук шамалдын териге көрсөтүүчү терс таасирлерине туруштук берет. Ошондуктан, бети майлуу адамдардын жүзүнө бырыш кеч түшөт. Мындай бетке майлуу бетмайларды колдонуунун кажети жок.

Майлуу бетке жасалуучу элдик маскалар

  1. Айран маскасы 

Бир үзүм кебезди айранга малып, аны бетке 1 мүнөтчө жаап коёт. Буга 1 чай кашык быштак кошуп туруп, аралаштырып колдонсо болот. Бул маска терини кургатып, беттин майлуулугун азайтат.

  1. Ачыткы маскасы

20 грамм камыр ачыткыга 1 чай кашык лимон же клюква маңызын кошуп аралаштырып алат. Бул маска терини тазалап, жумшартат жана беттин майлуулугун азайтат.

Жумуртка 

  1. Жумуртканын агынан маска. Тешиктерди ичкертет, бырыштарды жазат, бетти тазалайт. Даярдоо: 1 жумуртканын агын көбүк болгончо эзет, анан ага бир чай кашык лимон ширесин кошуп, аралаштырат. Даяр болгон көбүктү бетке сүйкөш керек жана ал кургап баратканда кайра сүйкөш керек, ошентип 5-6 жолу кайталап койсоңуз болот. Андан кийин биринчи жылуу суу менен масканы жууп, артынан муздак суу менен чайкап койсоңуз болот.

 

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

15 − 10 =