Жертөлөдө иштеген сатуучулар митингге чыгышты

Каганат.

Бүгүн, 11-аперле ЦУМдун жанындагы жертөлөдө иштеген сатуучулар Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты.

Алардын айтымында, мэрия жертөлөнү ремонт кылабыз деген шылтоо менен алардын күркөлөрүн алып салышууда.

Сатуучулардын айтымында  өтмөктөрдө жалпысынан 83 соода орун бар. Алардын көбү 25 жылдан бери иштеп келишет. Мэрия даяр бизнести тартып алгысы келип жатат дешүүдө.

 Соодагер Уулжан Жанузакованын айтымында, 2001-жылы мэрия сатуучуларга күркөнү менчиктештирүүгө уруксат берген.

Ал эми муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Султан Оморов   2014-жылы соодагерлер менен түзүлгөн келишим бүткөнүн  жана  оңдоп-түзөө иштери боюнча эскертүү берилгенин айтат. Ошондой эле өтмөктөрдө сынактан өткөндөргө соода орундары берилет дейт.

Булак:Каганат

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 1 =