Быйыл жайда кандай бут кийимдер мода болот?

1

Каганат.

Алдыда бизди жаркыраган жай күтүп жатат. 2017-жылдын жай айларында кандай бут кийимдер модада болорун билип алыңыз дагы, саркеч айымга айланыңыз.

Бул жайда жайкы бут кийимдер жеңил жана ыңгайлуу болмокчу.

Вьетнамкалар. Эң жөнөкөй моделдер актуалдуу болот. Ошондой эле көңүлүңүзгө жаккандай таштар менен, гүлдөр, шурулар менен кооздолгонун да тандасаңыз жаңылышпайсыз. Мындай бут кийимди көл жээкте же ысык күндө көчөдө деле кийсеңиз боло берет.

-Байламалары бар жайкы бут кийимдердин такалуусу дагы такасы жогу дагы бул жайда модада болот

-Куру бар бут кийимдер бир эле убакта өтө назик жана кооз болот жана абдан ыңгайлуу. Аларды шым менен, джинсы менен, жеңил көйнөктөр менен дагы кийсеңиз куп эле жарашып калат.

-Жалтылдап турган күмүш түстүү жайкы туфлилер дагы жайында саркеч болууну каалагандар үчүн.

-Жеңил балеткалар. Териден жасалган балеткалардан баш тартып коюңуз. Жука кездемеден тигилген же тордон жасалган бут кийим чолок шым, джинсы, көйнөк менен кийгенге жарайт.  

-Ошондой эле жеңил жана ыңгайлуу эсперальдини тандасаңыз жаңылышпайсыз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

8 + он =