ЖКда КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету каралууда

0

Каганат.

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету каралууда.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрайымы Жылдыз Бакашова 2016-жылы КТРКнын Байкоочу кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн иштерди тизмектеп берди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Байкоочу кеңештин 15 кезектеги жана кезексиз жыйын өткөрүлгөн. Ар бир отурум жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып турган. Байкоочу кеңеш 2 багытта – тармактык (сапаттуу контентти камсыз кылуу) жана экономикалык багытта иш жүргүзгөн. Сапаттуу контентти өндүрүүдө улуттук кызыкчылыкты коргоо, кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттырууга басым жасалган. 2016-жылы КТРКда “Ибарат”, “Маданият, тил, тарых”, “Ала-Тоо – 24”, “Баластан”, “КТРК-спорт” каналдары түзүлүп иштеп баштаган. Мындан сырткары, Ж.Бакашева республикалык бюджеттен каралган каражаттын бөлүштүрүлүшү боюнча дагы маалымат берди. Ошону менен катар телеканалдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу 50% болушу талап кылынган мыйзамды аткаруу максатында КТРКда бул көрсөткүч 72%га чыккан.

Ошондой эле КТРКнын Байкоочу кеңешинин дарегине 140 кайрылуу келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү контент маселесине байланыштуу. Бул боюнча отурумдарда маселе каралып, коомдук каналдын менеджментине тиешелүү тапшырмалар берилген.

Ж.Бакашеванын айтымында, 2016-жылы белгиленген иш-пландардын ичинен КТРКнын борбордук архив системасын түзүү, борбордук радио аппаратын жаңыртуу иштери каражаттын жетишсиздигинен жүзөгө ашпай калган.

Учурда суроо-жооп жүрүмү уланууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 2 =