“Балдар органга сатылбай элеби” деп депутаттар кооптонууда

0

Каганат.

Акыркы мезгилде өлкө аймагында, анын ичинде Бишкек шаарында эрезеге жете элек балдар көп жоголо баштады. Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Айтымында, аларды издөө иши да көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда. Мындай көрүнүш кооптондурбай койбойт.

«Өзүӊөр жакшы билесиӊер, бүткүл дүйнөдө балдарды органга сатуу кеӊири жайылган. Биз жоголгон балдарды издей турган кызматтарга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Аларда автоунаа жетишсиз, автоунаасы болсо, ага күйүүчү май жетишсиз. Аларды жетиштүү каржылай албасак, мындай терс жосундарга бөгөт коё албайбыз», – дейт эл өкүлү.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − сегиз =