Чолпонбай Түлөбердиев – кыргыз элинин кыраан уулу

0

Каганат.

Кыргыз элинин кыраан уулу Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. 7-классты бүтүп, колхоздо эмгектенген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чыкырылат. 1941-жылы согушка кирет.

Чолпонбай Түлөбердиев Воронеж фронтундагы салгылаштардын биринде Дон суусунун оң жээгине сүзүп өтүп, андагы Меловая Гора тумшугунда жайгашкан фашисттердин плацдармын ээлөө учурунда чоң эрдик көрсөткөн. Ал 1942-жылдын 6-августунда жоокерлердин  алга  жылуусуна тоскоолдук кылып, 120 метрдей бийиктиктеги дөңсөөдө ажал отун чачып жаткан дзотко граната ыргыткан. Бирок дзот жарылган эмес. Жарадар болгон Чолпонбай кыйынчылык менен жылып жетип, денеси менен дзоттун оозун басып жыгылган. Натыйжада артындагы жоокерлердин  чабуулга  өтүүсүнө  жол ачып, дзот жайгашкан бийиктик советтик аскерлер менен алынган. Ал учурда Чолпонбай Түлөбердиев болгону 20 жашта болчу.

СССР жогорку Советинин Президиумунун 1943-жылдын 4-февралындагы Жарлыгы менен Чолпонбай Түлөбердиевге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

Жердешибиздин сөөгү Воронеж облустундагы Лискин районундагы Селяваное-Экинчи айылындагы тоонун чокусуна терең урмат менен көмүлгөн. Анын мүрзөсүнө гүлдөр коюлуп, жергиликтүү калк анын эрдигине таазим кылып турушат.

Чолпонбайдан кийин мындай мүнөздөгү эрдик Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында бардыгы болуп 212 жолу жасалган. Булардын ичинен 133 жоокерге Чолпонбайдыкы сымал эң жогорку наам берилген.

Воронеждеги Селяново айылында Дондун жээгинде Түлөбердиевдин эстелиги турат.

Согуштан кийин Чолпонбайдын айылы атыккан мурдагы Чымкентте азыр анын мемориалдык музейи бар. Аны 1982-жылы жергиликтүү тургундардын колдоосу менен Ашымбек Шыйкымбаев негиздеген экен. Чолпонбайдын ысымын учурда өзү туулган айылы алып жүрөт.

Кыргыздын баатыры Чолпонбайга Семен Борзунов «Чабуулдан чабуулга» повестин, Федор Самохин «Таластык баатыр» очеркин, Касымалы Жантөшов «Чолпонбай» аңгемесин, Алыкул Осмонов «Чолпонбай» драмасын, Эргешбай Узакбаев «Чолпонбай» поэмасын, Эрнис Турсунов «Чолпонбай» операсынын либреттосун, Анатай Өмүрканов «Чолпонбай» поэмасын, Темирбек Токтогазиев «Эрдикке таазим» поэмасын жана көптөгөн акындар ыр дестелерин арнап жазышкан.

Чолпонбай менен бирге окуган классташтары ал мүчөсү келишкен, куулугу жок адам болгонун жана сууда эң мыкты сүзгөнүн айтып эскеришкен.

Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев арабызда болгондо бүгүн 95 жашка толмок.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч + 10 =