Жакшы кыз жакадагы кундуз: Ханбийкелер

Бөлүшүү:

 Каганат.

Орусиянын ханбийкеси  Мария Путина

Орусиянын президенти Владимир Путиндин улуу кызы Мариям 1985-жылы Ленинградда 28-апрелде туулган. Анын ысымы атасынын чоң апасынын атынын коюлса,  ал эми кенже кызы Катеринанын  ысымы   Путиндин жубайынын  чоң апасынын атынан коюлган.

Мария Санкт-Петербургдагы немис тилин терең үйрөтүүчү Peterschule жеке гимназияда билим алган. Андан тышкары Москва шаарындагы Германиянын элчилигинин алдындагы “Газза атындагы немис мектебинде» окуган.

Буга чейин маалым болгондой,  Путиндин улуу кызы Мария медицина илимдеринин кандидаты болгонун жана Москвада жашаарын россиялык ММК жазып чыгышкан. Мария 2006-2011-жылдар аралыгында МГУнун фундаменталдык факултетинде Воронцова деген фамилияны алып окуган. Мария Путина документ боюнча мындан сырткары дагы төрт фамилияны алып жүргөн.

Мария МГУну артыкчылык диплому менен аяктаган соң, Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин астындагы,  Эндокринологиялык илимдер борборунун (ЭНЦ) аспирантурасына тапшырган.

 Учурда ал үй-бүлөлү Голландиялык ишкер Йорритом Фаассеномга турмушка чыккан. Азыр жолдошунун фамилиясын алып жүрөт. Фаассен 2007-жылы Газпромдо бизнести өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

  Мариянын учурда бир кызы бар. Ал кызын тарбиялап жана ЭНЦ иштегенден сырткары, кайрымдуулук долбоору болгон “Альфа-Эндодо” активдүү катышуучу. Бул долбоор эндокринологиялык оорулардан жабыр тарткан балдарга жардам берет.  Мария   студенттер клубу МГУда лекция окуйт. Лекция маалында студенттерге өзүн сүрөткө тартуусуна тыю салган.

 Өзбекстандын мурдагы ханбийкеси Гүлнара Каримова

Гүлнара Каримова 1972-жылы 8-июлда Ферганада  туулган. 1988-жылы Ташкенде математика мектебин бүткөн.    1989-жылдан 1994-жылга чейин Гүлнара Каримова Ташкен Мамлекеттик Университетинде (азыркы Өзбекстан Улуттук Университети) окуган  2000-жылы ага Гарвард Университети магистр илимий даражасы берген. 2001-жылдан саясий илимдердин доктору болгон. 1991-жылы ооганстандык өзбек Мансур Максудиге турмушка чыгып, 2 балалуу болуп, кийин аны менен ажырашып кеткен.   Эмгек ишмердүүлүгүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен баштаган.

 1995-жылы Каримова Өзбекстандын тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган. Кийинчерээк АКШда, Орусиядагы Өзбекстандын элчиликтеринде эмгектенип, 2008-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп бекитилген. Ал кызматы менен катар Бириккен Улуттар Уюму менен Женевадагы бир канча эл аралык уюмдарда Өзбекстандын өкүлү болуп турган. 2010-жылы Өзбекстандын Испаниядагы элчиси болуп жөнөтүлгөн. Бирок 2013-жылы 13-июлда өзбек бийлиги Каримованы дипломатиялык иммунитетинен кур жалак калтырды. Буга анын Франциядагы үйүндө тинтүүлөр башталгандыгы себеп болгон.

Гүлнара Каримова Googoosha деген сахнадагы псевдоними менен ыр жазып, обон жаратып, аларды аткарып жүрөт. Атүгүл атактуу Хулио Иглесиас жана Монсеррат Кабалье менен чогуу обон созууга жетишкен. Англис тилиндеги биринчи альбомун   чыгарып, көп өтпөй орус тилиндеги ырлары да радиостанциялардан уктурула баштаган. Композицияларынын бири белгилүү француз актёру Жерар Депардье менен чогуу аткарылган.

Өзбек ханбийкеси «Guli» деген дизайнердик бренд менен да таанымал. Анын алкагында зергердик кооздуктар, автордук коллекциядагы кийимдер менен аксессуарлар чыгарылат. Айтмакчы, бренддин ичинде табигый косметика менен парфюмерия линиясы бар. Анын эркек линиясынын жүзү болууга белгилүү түрк актёру, «Даңазалуу кылым» сериалында султан Сулеймандын ролун жараткан Халит Эргенч макулдугун берген.

Түркия өлкөсүнүн ханбийкеси Эрдогандын кызы Сумайя

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын эң кичүү кызы 32 жаштагы Сумайя Эрдоган.   BBC Türkish агенттигинин кабарчысы Ирем Кокердин айтымына караганда Сумая атасынын эң сүйүктүү кызы жана аны “жейреним” деп атаары белгилүү. Түрк элинде сулуу жана кымбат адамдарды “жейреним” деп атоо кадимки көрүнүш.

 Сумайя Эрдоган АКШ жана Улуу Британияда билим алган.   Ал атасы  Эрдоган  лидерлик кылган “Адилет жана өнүгүү” партиясында кызмат өтөп, атасынын кеңешчиси болуп турган жана көптөгөн дипломатиялык жолугушууларда атасын коштоп турган. 2015-жылы Сумайя Эрдогандын парламентке депутаттыкка талапкер катары өзүн көрсөтөт деген болжолдоолор болуп келген. Бирок ал мындай кадамга барган эмес.

Атасынын бийлигин ар убак колдоп келген Сумайя Эрдоган учурда Түркияда аялдардын укугун коргоо боюнча бир катар иш-чаралар менен алектенип келет.  Сумайя 2016-жылы  9-октябрда  1980-жылкы  Selçuk Bayraktar аттуу жаранга турмушка чыккан. 

Азербайжан мамлекетинин ханбийкеси  Лейла Алиева

 Азербайжан президенти  Ильхам Алиевдин кызы Лейла Алиева 1984-жылы 3-июлда Москва шаарында төрөлүп, Баку шаарында чоңойгон. Ал башталгыч жана орто билимди № 160 мектебинде алган, кийин сиңдиси Арзу менен бирге Швейцарияда жана Улуу Британияда окууну уланткан. 2000-жылы мектепти аяктаган соң Европа бизнес мектебине тапшырган. 2006-2008-жылдары Лейла Алиева Москвадагы Мамлекеттик Эл аралык мамилелер институтунда магистратурада окуган. 2010-жылга чейин аталган окуу жайда азербайжан клубунун жетексичи болгон.

Лейла Алиева чыгармачлык менен алектенип ыр жазат жана кино тармагында да режиссерлук кылат. Анын “ Элегия”  деген поэмасы чоң атасы Гейдар Алиевге арналган. Бул чыгармасы 5-класстын окуучулары үчүн  окуу китептерине киргизилген.  


Лейла Алиева 2006-жылы  “Crocus Group” компаниясынын вице-президенти жана музыкант Эмина Агаларовго турмушка чыккан. Турмушка чыккан соң, жашоолорун  Москва шаарында  улантышкан.  Ал Москва шаарында Гейдар Алиевдин фондун жетектейт. 2015-жылы Лейла Алиева үй-бүлөсү менен бирге Мекке шаарына барып ажылык кылышкан. Алиеванын учурда  Али  жана Микаил деген 2 уулу жана Амина деген бир кызы бар. 

Кыргызстандын ханбийкеси Алия Шагиева

Кыргызстан президентинин кызы Алия Шагиева 1997-жылы туулган учурда 20 жашта. Билими орто. Эч бир жогорку  окуу жайын аяктай элек. Бир уулдун энеси. Хоббиси сүрөт тартуу. Алия Шыгаева атасынын эмес апасынын фамилиясын алып жүрөт.

Ал Алмазбек Атамбаевдин кыздарынын кичүүсү. Андан улуу Диана, Динара аттуу эжелери жана Сейитбек, Сейтек жана Кенжебек аттуу эркек бир туугандары бар. Алия Шагиева былтыр август айында орус улутундагы Константин аттуу балага турмушка чыкканын социалдык баракчасына жарыялаган. Жолдошу Константин 25 жашта. Ал эми алардын чакан үлпөт тою сентябрь айында, жакындарынын гана катышуусу менен уюштурулган.

Алия Шыгаева башка ханбийкелердей кыргыз элинин ханбийкеси деген атка татыктуу билими, кайрымдуулук иштери же болбосо өз элинин каада-салтын, тарыхын даңазалаган өзгөчөлөнгөн иштери болбосо дагы, социалдык баракчалары аркылуу өзүнүн бар экенин ар дайым өзгөчөлөнгөн жыланач сүрөттөрү менен билдирип турат. Ажонун кызынын мындай жоруктарын кыргыз басылмалары эле эмес дүйнөлүк маалымат каражаттары дагы шылдыңдоо менен жарыялап турат.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 1 =