ЖКда манасчы Жусуп Мамайдын эстелигин тургузуу демилгеленди

0

Каганат.

ЖКнын жыйынында депутат Адыл Жунусов улуу манасчы Жусуп Мамайдын эстелигин тургузуу демилгесин көтөрдү.

Айтымында, Бишкектеги көчөлөрдүн бирине дагы Жусуп Мамайдын ысымын берүү зарыл.

“Жусуп Мамайдын өзгөчөлүгү “Манасты” жөн гана айтпастан кагазга түшүргөнүндө. 2018-жылы кыргыздын азыркы Гомери болгон Жусуп Мамай атабыздын 100 жылдыгы белгиленет. Тилекке каршы борборубузда улуу инсандын ысымы эч бир жерге ыйгарылбаптыр”,-деди эл өкүлү.

Ошондой эле эл өкүлү өкмөт жер бөлүп берсе каражат маселесин өзү баш болуп чечерин айтты.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма + он сегиз =