Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге сөгүш жарыяланды

0

Каганат.

Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кабыл алууда системалык түрдө даярданып барбагандыгы жана өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Экономика министринин орун басары Түмөнбаев Баккелди Рахимовичке сөгүш жарыяланды.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 5 =