Насирдин Байтемиров – “адабият дыйканы”

0

Каганат.

Чыгармачылыкка сапар

Насирдин Байтемиров 1916-жылы Чүй өрөөнүнө караштуу Кегети айылында туулган. Болочок жазуучунун энеси Арууке элдик жомокторду жакшы билген, кошокчу, сөзгө чебер аял болгон.

Насирдин айылдык мектепти аяктагандан кийин 1934-жылдан тартып Фрунзедеги зооветеринардык институтта билим алат.

Жазуучунун “Жаш тилек” аттуу алгачкы ыры 1934-жылы “Ленинчил жаш” гезитинде жарыяланат.

Ал эми 1937-1939 жылдары аскер кызматын ѳтүп келгенден кийин бала кезинен бери угуп келе жаткан энеси Арууке менен агасы Касымдын айтып берген жомокторунун негизинде “Жомоктор” аттуу китебин чыгарат. Негизи жазуучунун чыграмачылыгына өз үй-бүлөсүнөн тышкары, ошол кездеги Калмырза, Жаманкул менен Осмонкул сыяктуу белгилүү ырчылар да чоң таасир берген. Согуш жылдары Байтемиров айылда эсепчи, зоотехник, мугалим болуп иштеп, комсомолдук милдеттерди да аткарган. Дал ошол мезгилде алган турмуштук тажрыйбасы Байтемировдун болочок жазуучулук эмгегине чоң таасир берип, ар кыл мазмундагы бай материал болгон. 

1945-жылы Фрунзеге келип, “Кызыл Кыргызстан” гезитине кызматка орношот. Аталган гезиттин өз кабарчысы болуп иштейт.

Тарыхый чыгармалар, драма, комедия, балдар адабияты

Ошол кезде жаралган “Азамат” аттуу повестинде ал согуш учурунда мекенин коргоого бγт күч-кубатын арнаган кыргыз учкучу Азамат жөнүндө баяндайт. Чыгармада ооруктагы оор турмушту ынанымдуу сγрѳттѳ менен, карапайм элдин сөзгө, досчулукка, сүйүүгө бек асыл сапаттарын терең жана көркөм чагылдырат.

1947-1950-ылдары жана 1955-1967-жылдары Насирдин Байтемиров Кыргызстан жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси болуп иштеген. 

Ал эми 1955-жылы Москванын М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Ошол эле жылы жазуучунун “Акыркы ок” романы жарык кѳрөт.  Насирдин Байтемировдун чыгармачылыгында орчундуу орунду тарыхый мазмундагы чыгармалары ээлейт. Буга 1966-жылы чыккан “Тарых эстелиги” романы, андан кийинки “Уркуя”драмасы күбө. Драматург катары “Уркуядан” башка, “Кγйѳѳ”, “Ким кγнѳѳлγγ?”, “Жолдо” аттуу драмаларын, айтылуу “Аста, секин колукту” музыкалуу комедиясын да жараткан. Насыр Давлесовдун музыкасын салынган бул чыгарма азыркыга чейин кыргыз опера жана балет театрында коюлуп келет.

Ал балдар адабиятында да үзүрлүү эмгектенип “Жаш муундар” повестин жазган. Анын коллективиндеги тарбия иши, кесипчилик окуу жайындагы жаштардын турмушу сүрөттөлүп, кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчи жолу жумушчу жаштар темасына кайрылган. Анын көптөгөн жомоктору, “Акбаш”, “Адику”, “Сагын” сыяктуу повесттери балдар дүйнөсүнүн ар кыл тарабын ачып көрсөтүүгө арналган.

 

“Адабият дыйканы” атка конгон

Замандаштарынын, калемдештеринин арасында “адабият дыйканы” деген аткан конгон нукура элдик акын Н. Байтемиров жалаң гана кара сөздүн үстүндө эмгектенбестен, өмүр бою ыр жазып келген лирик акын.

Жазуучунун поэзиялык жанрдагы “Жγрѳк кγγсγ” (1955), “Сγйгѳнγм” (1957), “Канаттуу кγндѳр” (1964), “Эриген таш” (1969), “Махабат дастаны” (1975), “Махабат жазы”(1979) жана башка ырлар жыйнактары жарык көргөн.

Рубаи тибиндеги төрт саптарда ал лирикалык “мендин” ой-дүйнөсүн, эргүү, кыялдануу мүмкүнчүлүгүн бүт бойдон ортого салууга аракеттенген. Философиялык, эстетикалык, дидактикалык мүнөздөгү бул ой-жүгүртүүлөрдөн адамга жакшы таасир калтыра турган көптөгөн ырларды окууга болот:

Кыргыздар мейман келсе кубанышат,

Түшүп кет, түнөп кет деп суранышат.

Үйүнө жылан сойлоп келсе дагы,

Сүт чачып, айран чачып чыгарышат.

                   ***

Сулуулардын көркөмү карыбаса,

Сулуулардын кубаты арыбаса

Сулууларды кордогон адам сөрөй,

Жарыбаса, дегеле жарыбаса.

               ***

Сөздү да орду менен “деген” жакшы

Жакшылык чачууга ой кенен жакшы.

Курсакка батышынча шыкай бербей,

Ашты да ченем менен жеген жакшы.

Н. Байтемировдун чыгармалары орус, украин, казак жана айрым чет тилдерге которулган. М. Ю. Лермонтовдун, В. В. Маяковскийдин, А. Навоинин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

 

Сыймыктуу сыйлыктар

Жазуучунун эмгегин эли-журту, коомчулук жогору баалап, ага “Кыргыз элинин эл жазуучусу”, “Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамдар берилген. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Айтматов Байтемиров тууралуу

Н. Байтемировдун көп түрдүү жана мазмундуу чыгармачылыгын жээгинде көк чөбү мол, күтүрөп мал жайылып, жылдан жылга бак-шагы артып, жайы, кышы бөксөрбөй агып жаткан тоо суусуна салыштырып келип, Ч. Айтматов минтип жазган: “Адамдын тагдырындай жазуучунун жолунун да дайыма бир калыпта болбой тургандыгы сыңары. анын өзүнүн да жогору көтөрүүлүсү менен түшүүсү, жетишкендиги менен кемчилиги бар экендиги табигый көрүнүш. Кыргыз элинин азыркы учурдагы чындыгы, анын жакынкы жана байыркы тарыхы, азыркы адамдын абалы, ой-жүгүртүүлөрү, анын эмгеги, демейки күндөрү менен майрамдары Н. Байтемировдун көп сандаган жана ар түрдүү жанрлардагы чыгармаларында терең сүрөттөөгө ээ болду.

Ал 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.

Ал туулуп өскөн айылга эстеликтери орнотулган. Көчөлөргө аты ыйгарылган. Ал туулуп өскөн айылдагы мектеп акындын ысымы менен аталат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × төрт =