Ашхабаддагы килем көргөзмөсүнө катышууга кыргыз чеберлери чакырылат

0

Каганат

Ашхабадда 27-28-майда өтө турган килем майрамына кыргыз чеберлери чакырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, майрамдын алкагында “Түркмөн килеми – биздин өнүгүп келе жаткан өлкөнүн эталону” аталышындагы эл аралык көргөзмө өтмөкчү.

Ошондой эле Түркмөн килемин баалагандардын бүткүл дүйнөлүк XVII жыйыны болмокчу.

Иш-чараны “Туркменхалы” биримдиги жана Түркмөнстандын соода өнөр-жай палатасы уюштурууда.

Көргөзмөгө бардык чеберлер катышышса болот. Ал үчүн тиешелүү маалыматты turkmenhali@online.tm электрондук дарегине жиберүү кажет.

Белгилей кетсек, Түркмөн килеминин күнү 1992-жылы расмий түрдө мамлекеттик майрам деп кабыл алынып, май айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлөт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × төрт =