Нарында өспүрүмдөрдү иштеткен кафе ээсине айыппул салынды

Каганат.

Мамэкотехинспекциянын Нарын аймактык башкармалыгы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамсыз оор жумуштарга салуу боюнча текшерүү жүргүздү. Нарын шаарындагы жайгашкан ашкана, базар жана соода түйүндөрү көзөмөлгө алынды.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда “Адек” кафесинде бир нече өспүрүмдөр мыйзамсыз иштеп жаткандыгы аныкталган. Буга байланыштуу аталган жайдын жетекчилигине айыппул салынды.

Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдү оор жумушка тартуу мыйзамсыз экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Мектеп жашындагы өспүрүмдөрдү ар кандай оор жумуштарга тартуу боюнча Мамэкотехинспекция республикалык деңгээлде текшерүү жүргүзүүдө. Текшерүүнүн натыйжасында жаш балдарды ар кандай оор жумушка тартуу жолдору тыйылбай жатканы белгилүү болууда. Андыктан инспекторлор балдардын укугун коргоо багытында коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Эскерте кетсек, өспүрүмдөрдү оор жумушка тартуу жана эмгегин пайдалануу мыйзамсыз болуп эсептелинет”,-деп жазылат билдирүүдө.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

15 + он сегиз =