Бектур Асановдун жердештери жөө жүрүшкө чыгышты

0

Каганат.

Сузак районунун Кара-Дарыя айылында Бектур Асановдун тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты. 100дөн ашуун адам айылдын борборуна чейин жөө жүрүшкө чыгышты. Алар Бектур Асановду бошотууну, соттон адилет чечим чыгарууну талап кылышууда.

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Кубанычбек Кадыровдун, Бектур Асановдун, , Дастан Сарыгуловдун жана Эрнест Карыбековдун иши боюнча соттук отурум болууда. Бүгүн сот чечими чыгары күтүлүүдө.

Соттун имаратынын алдында соту болуп жаткандардын 50гө чукул тарапташтары чогулушту. Алар акыйкат чечим чыгарууну талап кылышууда.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын май айында Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, “бийликти басып алууну пландашкан” деген негизде камакка алынып, аларга карата кылмыш иши козголгон.

Мамлекеттик айыптоо Дастан Сарыгуловду 12 жыл, Кубанычбек Кадыровду 16 жыл, Бектур Асановду 15 жыл, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт + сегиз =