Кыргызстан  өкмөт башчыларды кол жоолуктай алмаштырат

0

Каганат.

Кыргызстанда өкмөт башчылары туура эмес иш кылып, депутаттарга жакпай калса эле дароо аларды алмаштыруу жүрүп, же айрым кетирген кемчиликтери ачыкка чыккан соң эч кандай жоопко тартылбай эле премьер-министрлер арызын жазып кызматынан баш тартуу “модага” айланган.

Кыргызстан премьер-министрди алмаштыруу боюнча рекорд койду. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.

Эгемендүүлүк алган 25 жыл ичинде Кыргызстан 28 өкмөт башчы алмаштырууга жетишкен. Бул дегендик ар бир министр 1 жылдан эле, айрымдары керек болсо бир жылга жетпеген убакытта эле кызматтан кетип, бирок кетирген кемчиликтери үчүн эч ким жоопкерчилик тартпагандыгынан кабар берет. Учурда Сооронбай Жээнбеков 29-өкмөт башчы жана жакынкы күндөрү балким ал дагы кызматынан кетиши мүмкүн экендиги тууралуу кептер жүрүүдө.

“Коңшулар менен салыштыра турган болсок Орусия 14, Казакстан 10, Тажикстан 9, Өзбекстан 4 премьер-министр алмаштырган. Биз рекорд койдук”,-деди депутат.

Эмне үчүн Кыргызстанда өкмөт башчылары кол жоолуктай бат алмаштырылат? Себеби эң жөнөкөй, аларды кызматка алып учуп алып келгендердин кызыкчылыгы аткарылбай калат дагы, бул ишти туура эмес кылды, чабал иштеди деген шылтоо менен премьерликти мелжеген бирөө ач айкырыкты салат дагы, натыйжада өкмөт башчы артындагы былыктары ачылбасын дейби айтор арызын жазып кете берет.

Аларды ага чейин тепкиге алган депутаттар болсо кайрадан жаңысын шайлап, ал адам ишке эми киришип, иштин көзүн эми таап баштаганда кезектеги айгай чыгат. Эми 30-премьер-министр ким болот деген сөздөр эмитеден эл арасында кызуу талкуу жаратып, президенттик шайлоого карата Жээнбеков дагы кызматынан акырын жылдырыла турганы тууралуу кептер тарады.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 + он алты =