Өзгөндө беш турак үйдү жер көчкү басып калды

Каганат

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей,  Өзгөн районундагы  Кысык-Алма айылында жер көчкү беш турак жайды басып, дагы бир бүтө элек үйгө 10 метр жетпей калды. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

 Маалым болгондой,  кырсык кечээ 16-апрелде болгон. Жашоочуларга алты чатыр тигилип берилди.

Бүгүн аларга электр жарыгы тартылат. Кооптуу аймактагы алты үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө көчүштү. ӨКМнин кызматкерлери   жеринде иштеп жатышат.

 Эске салсак, 14-апрелде райондун Көлдүк Шамал-Терек айылындагы үйдү топурак басып, бир киши набыт кеткен.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он − төрт =