Бишкектеги эски үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр салынат (фото)

Каганат.

“Бишкекглавархитектура” Лев Толстой көчөсүндөгү “Бишкеккурулуш” фирмасынын менчигиндеги 2-3 кабаттуу үйлөр курулган жер тилкеге көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1950-1960-жылдары курулган үйлөр коопсуздук нормаларына жооп бербейт жана авариялык абалга келип калган.

“Долбоор коомдук талкууга ушул жылдын 17-майында коюлат. Учурда эски үйлөрдө банк, дүкөн, кеңселер жайгашкан. Долбоор боюнча тилкеде ар кандай бийиктиктеги 9 имарат курулат. Бир 15 кабаттуу, төрт 10 кабаттуу үйлөр кыштан салынса,  бир 18 жана бир 10 кабаттуу үйлөр бетондон салынат”,-деп жазылат маалыматта.

 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

сегиз − бир =