“Дача СУ” айылынын тургундарын коркутушуп, камап башташтыбы?

Каганат.

 16-январда карапайым элди кан жуткуруп, капысынан келген кырсык басып, учак кыйрап, далайлардын көз жашын агызган. Арадан бир далай убакыт өткөнү менен өкмөт Дача-СУлуктардын маселесин чечип бербей, кайра аларга догурунганга өттү.

“Дача СУ” айылынын тургундарын УКМК, ИИМдин кызматкерлери 5 күндөн бери “Дача СУ” айылына барышып, үймө-үй кыдырышып, коркутушуп, уюштуруу комитетинин мүчөлөрүн камап баштаганын билдиришти.

Алардын айтымында 2 күн мурун 1 мүчөсүн камаса, азыркы учурда уюштуруу комитетинин жетекчисин алып кетүүгө аракет кылышкан. Чогулган эл  тиешелүү документтерди сураганда азыр алып келебиз деп кетишкенини айтышууда.

  Алар мүмкүн болсо “Дача СУ” айылына келишип жеринде абал менен таанышууну суранышат жана элден колдоо күтүшөт.

 Карапайым калктын үнүн уга турган адилет жер калбай калганын айткан  “Дача СУ”нун жашоочулары буга акыйкатты издеп бир нече жолу митингге чыгып, башка жерге көчүрүшүн талап кылгандары менен алардын үнүн уккан бир жан жок. Кайра келип бет тырмачылык кылган бийликтин бул кадамын кандай түшүнсө болот. 

Эгер бийлик кыргыз элинин жүрөгүндө кара так калтырган кырсык тууралуу унутуп калган болсо, төмөндөгү сүрөттөр менен эске салабыз.

 

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 + төрт =