Мелис Мырзакматов: “Биз садагага жашабайбыз”

Каганат.

Досье 

Аты жөнү: Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич

-1969-жылы 18-апрелде Ош дубанына караштуу, Кара-Суу аймагынын, Папан айылында жарык дүйнөгө келген.

-1987-жылы Кара-Суу районундагы “Папан” мектебин аяктаган соң Советтер Армиясында кызмат өтөгөн.

-1989-жылы Ош технологиялык университетине тапшырып, 1998-жылы экономист-менеджер адистигине ээ болгон.

-2013-жылы илимий диссертациясын жактап, Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен экономикалык илимдердин кандидаты даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу

-1993-жылы Ош облусунун ички иштер башкармалыгында инспектор;

-1996-1997-жылдары Ош шаарынын Салык инспекциясында биринчи категориядагы адис катары иштеген;

-06.02.1997-29.11.1999-жылдары «Коопснаб» ЖЧКсынын директорунун орун басары кызматын аркалаган;

04.03.2004-06.03.2007-жылдары «Элдик демилге» кайрымдуулук фондунун төрагасы;

-2007-жылы «Мигрант-Сервис» ЖЧКсынын директору болуп иштеген;

-12.11 2007 -24.01.2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

-28 01 2009-28.01.2013-жылдары Ош шаарынын башчысы болуп эмгектенген;

Учурда  «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын лидери.

Үй-бүлөлүү, 4 кыз бир уулдун атасы.

Көпчүлүк Мелис Мырзакматовду Кыргызстандын саясий айдыңында аз убакыттын ичинде эле зоболосу мурда кийин болуп көрбөгөндөй көкөлөгөн чарбакер жетекчи катары таанышарын айтышат. Ал гана эмес Мелис Мырзакматов улутчул, мамлекеттик кызматта турганына карабастан, борбордук бийликке каяша айткандан кайра тартпаган саясатчы деген кептер  да айтылып келет.

48 жаштагы харизмалуу саясатчы Мелис Мырзакматовдун өмүр баянына көз чаптыргандарга, анын эмгек жолу мындан он беш жыл мурда жөнөкөй эле милициянын кызматкери деген кызматтан башталганы көңүл бурдурса керек.

Ош технология университетинин экономист-башкаруучу адистиги боюнча жогорку билим алган Мырзакматов, 90-жылдары негизинен салык кызматында иштеп, андан соң жеке бизнеске өткөн. Мырзакматовдун ысымы 2007-жылы парламентке эл өкүлү болуп шайланып келгенден кийин угула баштаган.

Анын уюштуруучулук, башкаруучулук сапаттарын байкаган ошол кездеги администрация Ош калаасындагы инфраструктураны кайра куруу максатында, аны шаар башчылыгына дайындаган дешет.

Бүгүнкү күндө коомчулуктун көзү менен карасак, Мелис Мырзакматов азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөш деген туусунун астында жүрүп жаткан саясий куугунтуктун, мамлекеттин келечеги үчүн эмес, оппоненттерди алсыратуу, керек болсо көзүн тазалоого багытталган саясий күрөштүн курмандыгы.

Элди сүйүү күнѳѳбү?

Ал эми Ош шаарынын тургундары үчүн Мырзакматов Ош окуясын стабилдештирүүдө чоң роль ойногон адам. Анткени, баары айткандай, ошол убакта Ош шаары толугу менен 3 күн кароосуз калып кеткен. Коомчулук алиге чейин бул күндөрү бийлик кайда эмне менен алек болуп жүрдү эле деген суроого жооп издеп келет.

Анткени, ошол мезгилде кыргыз саясатчыларынын бийлик талашкан кырды-бычак мамилелерине мыйыгынан күлгөн сепаратисттердин ана башы Кадыржан Батыров  Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына: «Биз бул күндү 20 жыл күткөнбүз» деп ачыктан-ачык провокациялык маек берип, мындай кутумчул мекендештерибиз жеке менчик телерадиолордон байма-бай сепаратисттик маанайдагы чакырыктарды таштап турган.

Ал эми 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы улуттук кагылышууларда батышчыл коомдук уюмдар тарабынан Мырзакматов «улутчул» саясатчы катары катуу сынга алынган.

Бул туурасында Мелис Мырзакматов коомчулуктун алдында, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине “Ооба, кѳптѳр мени улутчул дешет. Мен үчүн биринчи орунда өз элимдин кызыкчылыгы турат. Ал эми силер айтып жаткан  “националист” деген сѳз француз тилинен которгондо  “элимди сүйѳм” деген маанини берет. Ал жерде кыргыз, казак, орус, ѳзбек деп улутка бѳлгѳн жери жок. Элимди деген гана сѳз бар. А элин ким сүйбѳйт? Эмне элди сүйүү күнѳѳбү? Эгер күнѳѳ болсо мен кандай жаза болсо да, тартканга даярмын!”-деп жооп берген.

Башка өлкөлөрдүн  “көз жаздымында” калбаган саясатчы

Ал эми 2013-жылы башкы кеңсеси Британияда жайгашкан “Согуш жана тынчтык” институту “Мырзакматовдун популярдуулугу эл алдында убада кылган сөздөрүн аткарганынан жана соңку үч жыл ичинде өзүн Ош шаарын гүлдөткөн чарбакер жетекчи катары көрсөткөнүнөн улам өсүүдө” деп макала жарыялаган.

Чындыгында анын ар бир кадамы дүйнөлүк басылмаларга чейин жарыяланып, Мырзакматов жөн гана популистпи же чын эле элди ээрчиткен лидерби деген суроону тараза ташына коюп келишкен. Бул суроонун жообу 2014-жылы Мырзакматов менен тирешем деген бийлик, эл менен тирешип калганда анык болгон.

Бул тууралуу 2014-жылы орус басылмалары:“Мырзакматов акча менен кошаматчыларды жалдап өзүн мактатып, канчалык жарнама жасатса да элдин көңүлүн таап, ишеничине ээ боло албаса, ал эч качан мынчалык жактоочу ала алмак эмес. Буга аны колдоп аянт толо кылкылдап турган элди мисал катары айтсак болот. Анын эң башкы жемиши  ошончо элди топтогондон мурун да кайра ошондой тынчтык жолу менен таркатып койгондугунун өзү элдин Мырзакматовго болгон ишениминен кабар берет”- деп жазып чыккан.

Урпактарга бабалардын баскан жолунан кеп салган Айкелдер

2010-жылы бул өткөн ааламаттан улам күлгө айланган шаарды Мырзакматов 3-жылдын ичинде гүлгө айланткан. Ал тарых барактарында, келечек муунга бабалардын баскан жолун, кыргыз элинин улуу тарыхын урпактарга айкелдер менен жеткирген жалгыз саясатчы катары жазылып калышы толук мүмкүн.

Буга далил катары Ош шаарындагы  “Кыргыз көчү” аталган Чыгыш дарбазасы, Айкөл Манас, Барсбек Кагандын,  Алымбек Датканын жана  «Энелердин кѳз жашы» «Тынчтык коңгуроосу» монументалдык композицияларын кароого болот.

Мелис Мырзакматов мындай кадамдарга барганынын себебин мындайча түшүндүргөн: “Мына ушул кезге чейин улуттук идеологияны ой-кырдан издеп, өзүбүздөн-өзүбүз ыраактап, чыгышка да, батышка да бой уруп көрдүк. Биздин улуттук идеология эпосторубузда, санжыра-тарыхыбызда, каада-салт, үрп адаттарыбызда жатканын түшүнсөк да түшүнгүбүз келген жок.

Мисалы, канча мамлекеттер акчанын күчү менен жок тарыхын жаздырышып, жок баатырларын жасап жатышат. А бизчи, “Колдо бар алтындын баркы жок”,- дегендей, колубузда турган баалуу мурастарыбыздын, бар нерсенин баркына жетпей келебиз.

Мамлекетти, мамлекет катары калыптандырган бул – эл, ошол элдин тарыхы, экономикасы, руханий байлыктары жана анын маданияты.

Ошондуктан да Манас бул кыргыз элинин маданияттынын туу чокусу десем жаңылышпайм. Мына ушул руханий байлыктарыбызды келечек муунга, жаштарга татыктуу өткөрүп берсек экен деп тилейм.

Тарыхын, тилин унуткан элдин келечеги болбойт. Анан калса, дүйнөдө эч бир элдин бешенесине ушундай улуу, руханий байлык буйруган эмес. Биз ушундай улуу эпосту жараткан кеменгер эл экенибизди эч качан унутпашыбыз керек!»

Эр жигиттин бир белгиси анын марттыгындабы?

Мелис Мырзакматов шаар башчысы болуп турган маалда 21 миң сом эмгек акы алып, бирок, ал эмгек акысынын бир тыйынын да коротпой, ай сайын шаардагы жакшы иштеген кызматкерлерге сыйлык акы катары (премия) берип турган.

Мырзакматовдун бул сыры толук бойдон жашыруун калышы мүмкүн эле бирок, борбордон барган журналисттер капысынан ошол кездеги шаар башчысынын жардамчысына «менин бул айдагы эмгек акым күжүрмөндүк менен мээнет кылганы үчүн толук бойдон өрт өчүрүүчүлөргө берилсин» деген сөзүн угуп калышып, Мырзакматовдун бул «жашыруун сыры» ачыкка чыгып кеткен.

?

Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары азаттык алгандан кийин ѳлкѳбүздѳ биринчи жолу Ош шаарынын мэриясы, Мырзакматовдун жеке демилгеси менен, 2013-жылы шаардын бардык мектептеринин мугалимдерин коммуналдык кызматтарды төлөөдөн бошотуу программасын кабыл алып, эң аз айлык акы алган мугалимдер электрэнергиясын, жылуулукту, сууну, көмүрдү жана газды бекер колдонуп калышкан.

Ош шаарында жашаган 3000ден ашуун мектеп мугалимдери мына ушундай жеңилдетүүгө ээ болгон.Ошондой эле Мелис Мырзакматов 2014-жылы дарыгерлер да ушундай жеңилдиктерге, колдоогоээ болот деген эле. Бирок, аны 2014-жылдын башында шаар башчылыгы кызматынан кетирүүгө жетишишкен.

 Биз садагага жашабайбыз

Мелис Мырзакматов 2013-жылы күз айларында Ош шаарынын күнүнө карата шаардагы мектептерге жардам берип жатып, бейөкмөт уюмдардын жардамын «садага» деп атап, аны албоону айткан. Анда ал, «Бейөкмөт уюмдар келип, эки же беш компьютер берсе алуудан баш тартыңыздар.

Биз садагага жашабайбыз. Кандай гана жардам болбосун, анын артын карап, мунун артында кандай көмүскө иштер бар ошолорду тактап, карап туруп алыңыздар. Биз андай садагалардын сырын жакшы билебиз», — деген.

Аккан арыктан суу агабы?

Тарых барактарына көз сала турган болсок, Мелис  Мырзакматов 17-кылымда  а Аксу, Үч-Турпан  (азыр Кытай Эл Республикасына таандык) жана Фергана өрөөнүн  ээлеп Чыгыш Түркстандагы саясий окуяларга да активдүү аралашып турган Тилеке бий  менен832-жылдары 32 жаш курагында Алай менен Ош аймагы жана Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо, Куртка аймагындагы кыргыздар ошо менен катар Анжиян аймагы толук кирген Анжиян вилаетинин башкаруучусу, “биздин бабалар – атактуу Тагай бийдин агасы Адигиненин тукуму, анын ичинде он эки ата хан баргынын урпагы” деп бабаларынын баскан жолу менен сыймыктанган айтылуу Алымбек датканын урпагы болот.

Мелис Мырзакматовго Ош шаарындагы көпүрөнүн курулушу, Манас эстелигинин тургузулушу боюнча оор айыптар тагылган.

Бирок, дүйнө эли суктанган Түштүк Корея, Япония өңдүү күн чыгыш өлкөлөрүндөгүдөй  элдин духун Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир гана Мелис Мырзакматов ойгото алган. Буга Ош шаарынын жашоочулары, коноктору катышкан чоң марафондо көпүрө курулушуна кары-картаңдар пенсиясын, иштеп жаткандар айлык акыларын, ал эми студенттер болсо кымбат баалуу мобилдик телефондорун, шакек-сөйкөлөрүн ортого ташташкандыгы жана жалпы журтка таанымал ырчы, чоорчу уул-кыздар жүз миңдеген сомдорду көпүрөнүн курулушуна которуп башташканы далил боло алат.

Эң кызыктуусу бизде дайыма боло жүргөн мындай иш-чаралардан айырмаланып, марафонго эч ким эч кимди мажбурлап айдап келген эмес.

Чындыгында Мырзакматовго багытталган “кансыз согуш” Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Отунбаевадан Атамбаевге мураска калган. 2014-жылдын 15-январындагы мэрдин шайлоосунда Ош шаардык кеңешиндеги бийликчил фракциянын депутаттары баары жакаларында жашыруун байкагычтары менен окшош кара көйнөкчөн келип, урнанын башына бир адам олтуруп алып, кимди белгилегендигин ошол кишиге көргөзүп туруп, бюллетенге салып беришкен. Жыйынтыгында бийлик соттолгон адамдын бир түндө соттулугун “таанып”, элдешкис душманы менен эсептешип, дос болуп чыга келген.

Себеби жөнөкөй эле. 2015-жылы парламенттик шайлоого Мырзакматовду жана ал жетектеген партияны жеткирбөө жана элди Мырзакматовдон “ажыратуу” болчу. Ал эми бийлик 2015-жылы Мырзакматовду Жогорку Кеңешке өткөрбөө айласында эмнелерди гана кылган жок.  Буга бир эле мисал катары, Ош шаарынын судьясынын  Мырзакматовдун тарапташтарын жана жакындарын ал гана эмес, жактоочусун  да “бүгүн соттук отурум болбойт” деп кетирип жиберип, кечинде 10 мүнөттүн ичинде жашыруун чечим чыгарганын, ал чечимди бийлик Мырзакматовдун жакындарына жана анын тарапташтарына массалык маалымат каражаттары аркылуу айтканын айтсак болот.

Мырзакматовго “акча каражатын жеп алды” деген күнөө тагылганбы?

Мелис Мырзакматов жана ал жетектеген «Улуттар Биримдиги» элдик партиясы өз лидеринин актыгын, ал эч кандай мамлекеттик казынага кол салбагандыгын, бийлик төбөлдөрү Мырзакматов жеке иштери менен чет өлкөгө чыгып кетери менен өлкөгө киргизбөө үчүн кылмыш ишин ачканын айтып келет.

Аталган партиянын мындай билдирүүлөрү чындыкка дал келерин ошол мезгилде Ош шаарынын прокурору болгон Шакир уулу Атайдын массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маектеринде да айтып кеткен.

Анда прокурор мырза: «Мырзакматовго акча каражатын жеп алды деген күнөө тагылган жок. Аны юридикалык жактан качып кетти деп айтууга болбойт. Мырзакматовдо биздин далилдердин баарын жокко чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар»- деп маек берген.

Булак: Каганат.

 

 

 

Бөлүшүү:

2 билдирүү

  1. Нур 25 Апрель, 2017 at 14:17 Жооп берүү

    Аттин Бакиевтин заманы кайра келер бекен ,бир эле Ош эмес кыргызстандын баардык жери гулдоп онугуп бара жатат эле.

Пикир

тогуз − сегиз =