Жүз Гомерге барабар, Жусуптун жалгыз бир башы

0

Каганат.

Балдай таттуу балалык

Мындан туура 99 жыл мурун, 1918-жылы 18-апрелде айтылуу манасчы Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын азыркы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий жергесиндеги Кара-Булак айылында туулган. Атасы Мамай бардар, оокаттуу адамдардын бири болгон. Манасчы жаштайынан эле зирек, зээндүү болуп чоңойгон. Атасы аны алты жашында айылдагы молдонун колуна берет. Жусуп Мамай бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен.

Анын агасы Балбай Мамай уулу ошол мезгилде Кытайдагы кыргыздардын арасында «Манас» эпосун жыйноо, дастандын ар кандай варианттарын топтоо иштери менен алектенген саналуу гана манас таануучулардын бири болгон.

Жусуп Мамай эпосту Балбай Мамайдын топтогон материалдары боюнча үйрөнгөн:- Балбай агам экөөбүз бир ата, бир энеденбиз. Мен ал 21ге чыкканда туулган экенмин. Балбай агам 6-7 жашында молдого окуп, кат тааныган. Ал «Манасты» андан- мындан сурап, дастанды үйрөнүп, жазып, топтоп жүргөн. 1916-жылдагы үркүн мезгилинде бул жакка Кыргызстандан Саякбай, Сагымбайлар да келген. Ошол арада Кытайга келген «Манасты» билемин деген киши канча болсо, эрикпей ошолордун баарынын артынан жүрүп, кара сөз менен болсо да жазып алган. Бул жактагы чоң манасчылардын айтуусунда да жазган. Мен ошол агамдын жазгандары боюнча «Манасты» үйрөнгөнмүн, – деп Жусуп Мамай тарыхчы Азиза Турдуевага айтканы бар.

Аян

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да «Манас» айтып калышына аян берүү себеп болгондугун да белгилейт. Айтымында, эң алгачкы ирет ал 10 жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот. Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт.

Ошондо кара чаар киши: «Эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?» – дейт.

Жусуп ал көрсөткөн жакты караса, эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутпа жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен.

Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш. Ошондо баштапкы кара чаар чоң киши Жусупка кайрылып, атчан адамдарды тааныштырат:

«Тээтиги эң алдында турган эки киши – Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар – Алмамбет менен Чубак. Ал эми тиги эң артында турган атчан – Сыргак болот. Мен Ырчы уул болом. Ажыбай аркада калды».

Артына кылчайып карайын дегенчекти болбой, Жусуп ойгонуп кетсе, түш экен. Баатырлар Жусупка аян бергендигин билгенден кийин атасы Мамай айылдагыларды чакырып, бир козу союп, элдин батасын алат.

Ошондо атасы уулуна: «Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат. Кырк жаштан өтмөйүнчө «Манас» айтпа», – деп акыл-насаатын айтат.

Атасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.

Манасчынын айтымында, аны атасы молдого берип жатканда Балбай анын молдолукка үйрөнүшүнө каршы болгон. Анткени, ал зирек өсүп келе жаткан Жусуптун манасчы болушуна тымызын үмүт байлап калган эле.

Ошондуктан, Балбай Жусупту кийинчерээк молдолук окуусунан чыгарып алып, «Манастын» өзү жыйнаган варианттарын ырааты менен үйрөтө баштайт. Жусуп Балбай берген «Манастын» кол жазмаларын окуп, үйрөнүүгө жан дили менен киришет.

 Манас айтууга кадам

1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берет. Ал эми Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат.

Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, «Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы» аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп калайыкка атыгып, «манасчы» деген атка конот.

1961-жылы Шинжаң Уйгур автономиялык районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. 1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет. Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.

Жусуп Мамайдын Манасынын көлөмү 23000 саптан ашуун. Жусуп Мамай «Манас» эпосунун толук нускасын ооз эки айта алган манасчы болуп эле калбай, «Курманбек», «Багыш», «Толтой», «Эртөштүк», «Кыз сайкал», «Жаңыл мырза», «Көбөн», «Тутан», «Мамаке-шопок», «Ажибек» сыяктуу ондогон кенже эпосторду, казактардын ” Жети каган”нын ооз эки айта алган. Булар менен кошкондо анын Манас жана башка эпостортодон турган варианттарынын көлөмү Саякбайдыкындай эле жарым миллион саптан ашуун.

Куугунтук

Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.

Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет.

Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген “Манастын урпактары тууралуу баянды” Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт.

1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.

Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат.

Китептери

1984-1995-жылга чейин, анын айткан варианты боюнча «Манастын» сегиз бөлүмү 22 китеп болуп жарык көргөн жана кытай тилинде эки китеби басылып чыккан.

2004-жылы 18 томдук кол жазманын жыйнакталган нускасы кирилл кыргыз тамгасы жана арап кыргыз тамгасы менен бир томго бириктирилип басмадан чыккан. Бул кол жазмалар Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндүгүнүн 50 жылдык торколуу тоюна арналып  Кытайда жарык көргөн. 7 кг салмактагы бул чоң китеп азыр Кыргызстанда белгилүү.

2009-жылы болсо эпостун биринчи бөлүм үчилтиги ханзу тилине которулуп басылып чыккан.

Сыйлыктары

2014-жылдын 30-майында улуу «Манас» эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн манасчы Жусуп Мамайга «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Тилекке каршы, манасчы бул сыйлыктарын Кыргызстандан алып кете  алган эмес.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын эң жогорку сыйлыктарынын бири – “Тоо Гүлү” сыйлыгына эки жолу татыган.

Кыргыз Эл артисти наамын алган.

Биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Ушул жылдын 15-апрелинде Алмазбек Атамбаев манасчы Жусуп Мамайга берилген “Кыргыз Республикасынын баатыры” жогорку наамын “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен анын уулдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырды.

Жусуп Мамай тууралуу

Шинжаңдык атактуу уйгур сүрөтчү Ахмед Газы: Азыр бүтүн кыргыздын ичинде бирден бир «Манас» эпосун башынан аягына чейин окуп чыккан (айткан) киши – Жусуп Мамай. Ошондуктан бул кишини “мамлекеттин каухар ташы” деп атоого татыктуу дегени Жусуп Мамайдын адамдык олуттуу касиетин белгилеп турат.

Кытайлык жаш акын, туулгандан эле эки колу ийнинен жок төрөлгөн, катты буту менен кашкайта кооз жазган Жаныбек Мааданбек уулунун залкарга арнаган “Замандын залкар ырчы уулу” аттуу ырында Жусуп Мамай атабыздын улуулугун өзгөчө чагылдырган. 

…Тарыхтын болгон сырдашы,

Таланттын болгон курдашы.

Таң калтырат деңиздей,

Тарыхты тактап ырдашы.

Жүз Гомерге барабар,

Жүсүптүн жалгыз бир башы.

Тартпаса деле Навайды,

Тартпаса деле Абайды,

Тирүүдөй Бакай акылман,

Таң калтырды далайды.

Көргөнсүйм Ырчы уул акынды,

Көргөндө Жүсүп Мамайды.

Кыргыздардын улуу манасчыларынын «акыркы могиканы», «кытайлык кыргыздардын азыркы Гомери» атактуу Жусуп Мамай атабыз 96 жаш курагында 2014-жылдын 1-июнунда дүйнө салган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × үч =