Дастан Жумабеков иштебей эле саякаттап жүргүсү келеби?

0

Каганат.

Деги эле кыргыз депутаттарынын көчүгү жер жыттабай калды. Дегенибиз мурдун балта кеспеген айрым депутаттар айлап жумушка келбей калган учурлары болот экен. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Ал кесиптештери жумуш учурунда өз ордуларында иштерин аткарышы керектигин айтты.

Бирок эмнегедир буга депутат Дастан Жумабеков каршы чыгып, бакылдады. Оюна койсоң Дастан мырза тегерек столдордо кычырап отуруп эле, командировкаларга чыгып, эл менен жолугуштук деп шылтоолоп жүрө бергиси келет экен. Бирок эл үмүт артып шайлаган эл өкүлдөрүнүн кызматы бир гана эл менен жолугушуу менен чектелбешин, мыйзам чыгарууда дал ушул депутаттардын добуштары эл тагдырын чечерин унутта калтыргандай Жумабеков.

120 депутат жыйынга катышкандан эмне пайда деген Дастан мырза эмне мынча тызылдады? Же эмне жылдап эле саякаттап жүргүсү келеби?

Кесиптешинин бул сөзүнө териккен вице-спикер Алтынай Өмүрбекова Эмгек кодексине жараша иштөө керектигин айтып Дастан мырзаны “өчүрдү”.

“Ага ылайык кызматкер 3 саат жумуш ордунда жок болсо, аны кызматтан кетирсе болот. Эмнеге бул норма Жогорку Кеңешке тиешеси жок экени көпчүлүктү кызыктырат”,-деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 2 =