Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышы май айынын башында болот

Каганат.

Туризм департаментинен билдиришкендей, Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышы 6-7-майда өтөт.

Маалым болгондой, ачылыш азем жарманкелер жана концерт менен коштолот.

 Ал эми мамлекеттик экотехинспекциядан эскертишкендей, пансионаттарды жалпылап текшерүү май айында башталат. Экологиялык жана техникалык нормалары дурус болбогон эс алуу жайлары жабылат.

Жалпысынан кыргыз берметинин жээгинде 200гө жакын пансионаттар жана курорттор эсептелет. Алардын болгону 100го жакыны агын сууларды тазалоочу түзүмдөргө ээ.

Талаптар 1-июнга чейин аткарылышы керек.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир + он сегиз =