Феликс Куловдун “Ашууда” берген отчёту

 Каганат.

KAGANAT.KG сайты саясатчылардын жазган китептери менен окурмандарды учкай  тааныштырууну улантат. Бүгүн, биз сиздердин сыныңыздарга Феликс Куловдун “Ашууда”  аттуу китебин коюууну чечтик. 

Аталашы: “Ашууда” (“На перевале”)

Автор: Феликс Кулов

Кайсы тилде жарык көргөн: орус

Чыккан жылы 2008-жыл

Чыккан жери: Москва шаары.

Феликс Кулов китебинде өз өмүрүндөгү Кыргызстандын эгемендик тарыхы менен тагдырлаш тарыхый учурларды курч, болгонун болгондой эмес бир аз жумшак тилге салып, жөнөкөй тил менен жазгандыгын билдирген. 

 

Чынында мен бул китепти жазам деп ойлогон эмесмин. Бирок мени макулдатышты. Саясатта күжүрмөн аракетте жүргөн киши үчүн алтымыш жаш тыянак чыгаруучу курак эмес. Кириш сөзүмдө мен муну жаздым. Менин алдымда проблема турду, эгер мен ой жоруумду жазсам ал өзүмдү көрсөтүү далалаты, сындоо болмок. Этикалык жагы туура эмес эле. Ошондуктан мен өзгөчө конкреттүү тыянагы жок эле эскерүү жаздым. Мен алдыга жупуну милдет коюп, саясатчыларга эмес, жөнөкөй адамдарга багыттадым.

Ата-теги тууралуу

Чоң атам Кул оокаттуу адамдардан болгон. Айылда төбөсү саман менен бастырылган эки тамдын бири чоң атамдыкы болгон. Негизи чоң атамдын өз аты Кыштообай болгон экен. Бирок чоң атамдын – Кулдун атасынын балдары токтобой ымыркай кезинде чарчап кала бергендиктен баланы Кыштообай деп атынан ачык айтышпай, жөн гана Кул, кудайдын кулу деп коюну эп көрүшкөн. Чындыгында эле ажал кыйгап өткөн экен. Чоң атамдын мындай аты кулакка тартылгандан да сактап калган. Колхоздоштуруу маалында чоң атамды кулак катары арестке алышкан. Бирок тергөөчүгө туугандары келип: 

– Ой, силер кимди камакка алгансынар? Кулду да кулакка тартасыңарбы?  Кул… бай-манап мындай ат менен жүрүшү күмөн, андыктан тергөөчү өзүнүн иштеринен шек санап кайра кое берип жиберген экен. 

Атасы менен

Ысымы жөнүндө

Мен төрөлгөндө атам командировкада жүрүптүр, түшүндө аксакал адам келип “Уулуңдун атын Феликс кой” дептир. Үйгө келип, туугандар демократ акын Токтогул Сатылгановдун урматына мага Токтогул деген ат берип коюшкандыгын угат. Атам көргөн түшүн айтканда эч ким каршы чыккан эмес экен. Анүстүнө ата-энем батирде турган үй  Токтогул жана Дзержинский бульварынын кесилишинде болгон экен. Ошентип мен Феликс болуп калгам.

Балалыгы

Атам биздин ээнбаштыгыбыз үчүн катуу суракка алаар эле. Ал тургай куру менен бир жерден ары чаап алмайы да бар эле. Бир жолу тентек кылып койгондугум үчүн атам тилдеп эле тим болбостон уруп коет деп, атамдан коркуп үйгө түнөбөйм деп чечим кабыл алдым, ар кай жерде жүрдүм, үйдүн чатырында уктап… үч-төрт күн үйгө түнөгөн жокмун. Атам издеп таап, унчукпай үйгө ээрчитип келип жакшылап “тарбия” берди. Атам бизди, балдарын кээде жакшы эле “тарбиялап” койчу. Азыр ойлосом туура эле кылчу экен. Анткени ал кездеги менин досторумдун көбүн отургузуп коюшкан: ким бирөөсүн уурулук үчүн, кээсин хулигандык үчүн…

Мен онунчу класска келгенде атам урганын токтотту. Бул ирет да бир балээ кылып койгом, эмне кылгандыгым так эсимде жок, кыскасы атамдын жинине тийгем, – атам курун сууруп чыкты. Анан караса эле мен качпастан, жашынбастан эле турам, көздөрүмдө баягыдай коркуу сезими да жок.

Атамдын алдында аны күтүп турам. Атам мага жаңы көрүп жаткандай үңүлүп карап турду. Мен баягы кичинекей бала эмес, чоңоюп калгандыгымды түшүндү окшойт, “болду, сөз бүттү” деп колун шилтеп бөлмөдөн чыгып кетти.

Көчө көп убактыбызды алып коер эле, андыктан окууга деле үлгүрчү эмеспиз. Бир жолу күндөлүгүмдү жети экиге толтуруп келдим. Муну көргөн атам эмгек терапиясын колдонууну туура көрдү. Атам мен жетинчи класстан кийин жумушчу болушум тууралуу чечим кабыл алды. Фрунзе заводунун директоруна жөнөдүк, атам экөөнүн достук мамилеси бар эле.

Жайкы каникул бою толук иштедим. Биринчи айлык алганым азыр да эсимде. Ал акчага үйгө шифоньер сатып алганбыз. Жай мезгили бүткөндө мен өзүмдү башка адам катары сездим. Жашоону түшүнгөн, эмгектин жана өзүмдүн күчүмдун баасын билген жумушчу катары сездим. Техминимум тапшырып, 1-разряддагы токардын адистигине ээ болгондугума карабай, мага билимим жетишсиз болуп жатканы байкалды.

Жайдын аягында атама келип, мектепке баргым келип жатат дедим. Атам угуп бүтүп – менин айлыгым үй-бүлөнүн чейрек бюджетин камсыздап турганына карабай макул болду. Ошол бойдон заводго кайтып келген жокмун, бирок өзүмдүн он классымды толук аяктадым. Чынын айтышым керек, жаттама болуп жайнатып “бештерди” ала баштаган жокмун. Материалды канча керек болсо, түшүнүү жана негизгиси – экзамен тапшыра ала тургандай деңгээлде өздөштүрүп жүрдүм. 

Жаштык

Мектепти аяктаган соң Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгынын мотооперполкунун опервзводунда кызмат кылууга туура келди. Милицияда кызмат кылуу тууралуу кыялданчу деле эмесмин – мен Москвага барып ВГИКке, режиссерлукка тапшыргым келчү. Бирок атам “Адегенде милицияга бар, байкап көр” деди – мен да атамдын тилин алдым. 1965-жылы Омск шаарында СССР ИИМинин жогорку мектеби ачылып калды. Атам муну угуп алып мага которулуу сунушун киргизди. Мен ал убакта КМУнун юрфагында сырттан окуп жаткан элем. Омскиге барып кайра биринчи курска отурууга туура келди. 

***

Иртышты бойлоп биринчи жолу сейилге чыкканымда, сулуу кыздардын көптүгүнө таң калгам. Ал эми бизде Фрунзеде тетирисинче эле, бүткүл Бродвей боюнча (“Ала-Тоо” кинотеатрынан “Россия” кинотеатрына чейинки сейил бакты ушинтип атап коюшаар эле) топтошкон балдар турушчу, ал эми кыздар аябай аз болчу.

Омскидеги сулуу кыздардын көптүгүнөн сүрдөп да жүрдүм. Ошондо биздин курстагы бир топ балдар Сибирден келинчектерин ала келишкен болчу. Кийин мен: а мен эмнеге ал жерден үйлөнгөн жокмун? деп бир топко өзүмө өзүм таң калып жүрдүм. Балким ошончо көптүн арасынан тандоо оор болгондур… 

Саясат

1991-жылы 19-августта эртең менен президент Акаев вице-президент Герман Кузнецовду, парламент спикери Медеткан Шеримкуловду, администрация башчысы Эднан Карабаевди, КГБнын төрагасы Жумабек Асанкуловду жана мени шашылыш жыйынга чакырды. Москвада ГКЧП түзүлгөндүгү тууралуу айтылды. Акаев чечим кабыл алуудан мурун ар бирибиздин пикирибизди кезеги менен сурады: эмне кылышыбыз керек? Медеткан Шеримкулов дипломатиялуу гана күтө турууну сунуштады. Жумабек Асанкулов бир жактуу болду:

– Биздин маалыматтар боюнча эл ГКЧПны колдоп жатат. Өзгөчө жумушчулар, аскер адамдары, укук коргоо органдары.

ГКЧПга каршы турбоого чакырды. Андан кийин мен сөз алдым:

– Биздин маалымат буга карама-каршы. Эл толук гекачэписттерди колдогон жок. Ички иштер министрлиги ГКЧПга эмес, президентке баш иет жана өлкөнүн суверенинитетин коргойт. 

Акаев баарыбызды угуп, ГКЧПга болгон өз мамилесин билдирди. Жыйындан кийин баардык маанилүү жайларды анын ичинде Акүйдү да өз күчүбүз менен коргоого алаарыбызды жана президенттин КГБнын кызматкерлеринен турган жансакчыларын өзүмдүн кызматкерлерим менен алмаштыраарымды айттым. Ал макул болду. 

Өзөмдүн ишиме келип ИИМдин ички аскерлер полкунун командири Анарбек Шамкеевди чакырдым. Ички аскерлер негизинен Москвага баш ийер эле. Андыктан алардын бизге каршы кыла турган аракеттерин жокко чыгаруу маанилүү болгон. Шамкеевге түзүлгөн кырдаалга байланыштуу нейтралитетти кармануусун, эгер Москвадан буйрук келе турган болсо, адегенде мага билдир деп айттым. Ал каршы болгон жок. Акүйдүн жана парламенттин кайтаруусун күчөтүүгө буйрук бердим. Ошондо мага Асанкулов телефон чалып: 

– Сен эмне кылып атасың? Эмне иш кылып атканыңды деги өзүң билесиңби? 

– Ооба, билем.

– Карьераңа ушунуң менен чекит кое берсең болот!

– Мен баш ийе турган президентим бар. Ал эми жоопкерчиликтен мен эч качан качкан эмесмин. Баарын жакшынакай түшүнүп, билип турам дедим. Ошондон баштап күчөштү. Адегенде Орто азия аскер округунун башчысы генерал-полковник Фуженко чалды

– Суверенитет менен! Демократия менен ойноп атасыңарбы?!

– Биз ойногон жокпуз.

Андан кийин Кой-Таштан Панфилов дивизиясынын башчысы Лукьянов чалды:

– Сен эркелебе! Биз силерди танка менен атабыз! Бул жерден биздин пушкалар снаряды Акүйгө чейин жетет.

– Атып көргүлө. Ойлонуп да көргүлө – силер шаардан алыссыңар, ал эми силердин үй-бүлөңөр шаарда, биздин алдыбызда, жолдун аркы бетинде эле турушат…

Лукьянов өзүн жоготту.

– Муну менен эмнени айткан турасың?

– Кандай кааласаңар, ошондой түшүнгүлө.

– Байкагының… Сен жаңы эле өзүңдүн өлүмүңө өзүң кол койдун!

Трубканы койдум. Кыргызстан компартиясынын БК ГКЧПны толук колдогон чечим кабыл алды. Анын артынан ээрчип, баардык обком, райкомдор кечке маал ошол эле токтомду кабыл алышты. Гекачэписттердин тарабына КГБ, прокуратура, аскер жетекчилери өтүштү. Кырдаал оорлоп баратты. Тез жана чечкиндүү кадамдарга баруу керектигин Акаев түшүнүп турду. Асанкуловду кызматтан алып, ордуна вице-президент Кузнецовду дайындаган указына кол койду. Кыргызстан суверенитети тууралуу Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Кечке маал шаардын жана Акаев жайгашкан резиденциянын үстүндө вертолеттор айланып уча баштады. Шаар аралык телефон байланышы өчүрүлдү. Коргонууну уюштуруу керек эле. 

Бишкекке Панфилов дивизиясынын танктары келе турган шоссеге мотоциклдери менен МАИчилерди, Афганистан, Тоолу Карабахтан, Бакудан тажрыйба топтогон милиция кызматкерлерин кошуп жол тостурттум. Алар ломдор менен – танк гусеницаларына сала коюу үчүн, жана күйүүчү май толтурулган бөтөлкөлөр менен куралданышкан эле. Лукьянов чалып:

– Сени жолду жаап салды деп айтып атышат. Танктарга каршы эмнени ойлоп таптың?

– Менин МАИчилерим силердин танктарга каршы эмне кыла алышмак эле? Чынын айтсам күлкүм келип атат…

Танктар Рыбачьеден да келип калышы ыктымал эле. Ысык-Көл ИИБнин башчысы генерал Жоламан Шаршенбаевге чалып, танктар келе турган болсо капчыгайдагы жолду таш менен тосуп салгыла, эки-үч күн болсо да убакыттан утабыз дедим. Танктарды парашют менен түшүрөөрү күмөн эле, бирок ушундай кептер да айтылып жаткан. Самолет менен алып келип калса деп аэродромдордун учуучу тилкелерин жаап койдук. Канттагы аэродромдун да эсебин таптык. 

Биз шаарга аскерлердин киришин күтүп жаттык. Жаштар чогулуп келип мага жолугабыз дешти. Курал талап кыла башташты. 

– Эч кандай курал берилбейт. Эгер танктар келе турган болсо сулуу кыздар күлүп гүлдөр, тамак-аш, суусундук менен тосуп чыгышсын. Танкисттерге салам айтып тосуп алгыла. Солдаттар – аларды эмнеге буйрук берип, каякка жумшап жатышкандыгын түшүнбөгөн жаш балдар. Ал эми аларды элдер өз балдарындай күлүп тосуп алып жаткандыгын көрүшкөндө эч кандай коркунучтуу буйруктарды аткарышпайт.

Эртеси баягы атактуу пресс-конференцияны көрдүм. Янаевдин колу калчылдайт. Алардын утулгандыгын түшүндүм. Кийинки эки күн бою кармашууну күтүп жаттык. 21-августта бизге каршы Ферганадан танк колоннасы чыкты деген кеп тарады. .. андан кийин ГКЧП мүчөлөрү Бишкекке келатат деген ушак тарады… алардын бири да орундалган жок. 

Биз жеңдик. Аянтта митинг болду. Ошондо мен элдин алдына чыкканымда кимдир бирөө мага “Элдик генерал” наамын ыйгаруу сунушун айтты. Элдер колдоп кетишти. Ошентип 1991-жылы августа полковник болгондугума карабай Элдик генерал болуп калдым. 

Ошондой эле Феликс Куловдун китебин барактап отуруп, Кыргызстанда көмүскө саясат кандай жүрөрүн, саясий чечимдер кантип кабыл алынарына таң каласың. Балким Кыргызстанда эле эмес дүйнөдү ушундай саясат жүрөбү деген ойго келесиң.

Китептин дагы бир өзгөчөлүгү саясатчылардын толук аты-жөнү жана так элеген кызматты жазылган эмес.

Феликс Кулов «Ашууда» берип жаткан отчетунда, Бакиев-Кулов тандеми кантип түзүлгөнү жана тандемдин кыйрашы, абактагы жылдары, 2005-жылдагы «Жоогазын» революциясы тууралуу кенен айтылган.

Ал гана эмес «Ашууда» китебинин 224-бетинде «Биз Ак үйдү басып алабыз эл баарыңарды кууп чыгат. Биз тараптан 1000 киши өлсө да мейли, бирок жеңиш биз тарапта болот» -деп Алмазбек Атамбаевдин айткандары жана ошол мезгилдеги өкмөт башчы Феликс Куловго  оппозиция лидерлери өз тараптарына өтүүнү сунушташкандары, ал мындай сунуштардан баш тарткандыгы тууралуу да окууга болот.

«Темир» генерал Рысбек Акматбаевдин өзүн инисинин өлүмүнө күнөөлөп, өзүнө жихад жарыялап, нааразычылык акциясын уюштурганын, мындан көп өтпөй эле Рысбек Акматбаев каза болгону тууралуу да жазууну унтпаган. Ошондой эле ал Рысбек Акматбаевдин жарыялаган жихадына маани берүү менин деңгээлим эмес болчу деген оюн да жашырган эмес.

Ошондой эле “Бүгүн мени түшүнбөгөндөр эртең баалайт” деген генерал дале элдин сүймөнчүгүн күткөнсүйт.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз + 6 =