Кооптуу жайдан көчпөгөндөргө катуу чара көрүү сунушталды

0

Каганат.

Депутат Нодирбек Каримов кооптуу жайлардан көчпөгөн адамдарга катуу чара көрүү керектигин ЖКнын жыйынында билдирди.

Айтымында, жыл башынан бери түштүктө бир топ жер көчкүлөр болгон.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкүсү болушу мүмкүн экени тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берет. Ушул эле иш кайра кийинки жылы дагы кайталанат. Бул маселени чечүү керек, жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү зарыл. Коопсуз жайга көчпөгөндөргө карата катуу чара көрүлүүсү боюнча мыйзам кабыл алуу керек”,-деди эл өкүлү.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 + 6 =