Тышкы карыз 4 млрд 153,19 млн долларга жетти: Экономисттер эмне дейт?

Каганат. 

2017-жылдын февраль айына карата мамлекеттик ички жана тышкы карыздын өлчөмү 4 млрд 153,19 млн АКШ долларын же 287 млрд 109,40 млн сом түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз 3 млрд 804,07 млн АКШ доллары кыргыз сому менен алганда 262 млрд 974,60 млн сом.

Ал эми мамлекеттик ички карыз – 349,12 млн АКШ доллары же 24 млрд 134,80 млн сомду түздү.

«KAGANAT.KG» маалымат сайты, белгилүү экономист, саясат таануучулар менен «Кыргызстандын карызы коркунучтуу чекке жетип калганы тууралуу экономисттерибиз да,  эл аралык серепчилер да байма-бай коңгуроо кагып келет. Бул сизди кооптондурбайбы?” деген суроого жооп издеп көрдү.

Саясат таануучу,  тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровдун айтымында, бизде насыя алынып жатканда эле коррупциялык жолдору кошо ойлонулат. Ошондуктан насыя алардан мурун бийлик коррупцияны токтотушу керек.

-Президент Алмазбек Атамбаев кооптонбош керек, карыз алгандан коркпош керек деп жоошутпадыбы. Ага каршы эч бир экономист пикир айта алган жок. Эгерде алынып жаткан каражаттар туура багытта жумшалып жатса. чындап эле кооптонбой койсо болот.

Бирок, тилекке каршы, бизде насыяларды алып жатканда эле, коррупциялык жолдорун кошо ойлонушуп жатпайбы. Анан акчаны алып, анын кайсы бир бөлүгүн бийликтеги чакан топ бөлүп алып жатышат.

Мына жол оңдосо да, курса да, бул иштер аягына чыкпай жатып, жолдор бузулуп жатат. Насыяларды алуудан мурда коррупцияны токтотуу абзел. Бирок, бизге бийлике келгени ар бир президент өзүнүн коррупциялык схемасын түзүп алып жатпайбы. Өлкө жана эл карызга батып жатса, анан кантип кооптонбойбуз?

Ал эми экономист Кубан Чороевдин пикиринде, өкмөт туура стратегиялык саясатты колдонсо карыздын көпчүлүгүн реструктуризацияласа болот. Бирок, бүгүн тышкы карыз менен кошо жарандарыбыздын микрокредиттик каржылык уюмдарга болгон карызын кантебиз?

Анткени бул адамдардын акыбалы оор болгону аз келгенсип, алар банк үчүн гана иштөөгө мажбур болот

-Албетте кооптондурат, бирок мени көбүрөөк элдин банктарга жана микрокредиттик каржылык уюмдарга болгон карызы ойлондурат. Орточо эсеп менен алганда Кыргызстанда 600 миң насыя алуучу болсо, киши башына 223 миң сом банктарга карызы бар. Ал эми тышкы карыз бул мамлекетке таандык карыз, жеке адамга эмес, бирок бюджеттин эсебинен төлөнөт. Демек карыз өлкөнүн бюджетине оорлук алып келип мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн азайтат.

Ошол эле учурда тышкы карызды жоюуда реструктуризация жолдору дүйнөлүк практикада кеңири колдонулат. Эгерде өкмөт туура стратегиялык саясатты колдонсо анда биздин тышкы карыздын көпчүлүк бөлүгүн жоюп, реструктуризация жасап салса болот. Ал эми жеке адамдардын карыздарын эч бир банк жоюп салбайт, олчойгон пайыздарды төлөй беришет, мындайча айтканда ал карыз адамдын акыбалы оор болгону аз келгенсип, ал банк үчүн иштөөгө мажбур болот. Бул нерсени тарыхый-экономикалык  илимде эксплуатация деп айтабыз.

Белгилүү экономист Сапар Орозбаковдун, “Акчаны алышты. Кана Кыргызстандын гүлдөгөнү?”- деген суроону кабыргасынан коет. Акаевдин учурунда да ушундай болуп чектен чыгып кеткен. Карыз ИДӨнүн 130% түзүп. ХИПКке кирбейбиз деген акциялар эсиңерде болсо керек. Анда нефтинин баасы көтөрүлүп кетип, экономика кыймылга келип абийирибиз жабылган. Азыр андай болбойт. Эми нефтинин баасы мурдагыдай жогорулабайт. Россиянын кебетесин көрүп турабыз. Алар да жок дегенде 20 жыл кыйынчылык болорун мойнуна алып жатышат деп кошумчалайт Сапар Орозбеков.

-Кооптондурат. А түгүл жон эле карызга акча ала бербеш керек деп бир нече жолу айткам. Атамбаев “карыз алгандан коркпош керек” деп жатпайбы. Сариев да ошентип айткан. Булардын түшүнүгү инвестиция алып келип эле Кыргызстанды гүлдөтүп салам деген ой. Акчаны алышты. Кана гүлдөгөнү?

Экономика өспөсө бул коркунучтуу да. Азыр сомдун курсун жогорку деңгээлде кармаш үчүн тышкы карыз ИДӨнүн 60-70% тегерегинде болуп жатат. Аны деле көпкө чейин кармай алышпайт да. Жакында эле бул цифра 100дөн ашат.

Ал эми экономист Искендер Шаршеев, “Бизди Грециянын жана Испаниянын тагдыры күтүшү мүмкүн”, деген пикирин айтат.

-Албетте кооптондурат. Себеби кийин мамлекет карызды кайтарууга келгенде кыйынчылыктарга туш болот. Мурун сырткы карызды төлөө 5-8 млрд сомдон кетип жатса, бүгүнкү күндө 12-18 млрд сомго чейин кетип калышы мүмкүн. Бул эмнени билдирет?

Бул кийинчерээк Кыргызстан жыл сайын жыйнаган салыгынын 50 пайызын карыздарды жапканга кетирип баштаса, бизди Грециянын жана Испаниянын тагдыры күтүп турат дегендик. Ошол учурда өкмөт өтө чоң кыйынчылыктарга туш болот. Ошондой эле мындан социалдык катмарлар да жабыркайт, себеби аларга бюджеттик каражаттар тийбей калышы мүмкүн.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − 2 =