Айтматовдун ааламынан: Уруксатсыз бирөөнүн жан дүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес

Каганат. 

Айтматовдун ааламындагы асыл ойлор

Адамдагы эң башкы нерсе анын эрки жана акыл – эси! (“Тоолор кулаганда”)

***

Баарынан жаманы, баланын жан дүйнөсү. Баланын назик сезимин бузбоо керек. Адам дал ушундай жаралган тура: адам жанын муздатып, тоңдуруп алуу оңой, аны кайра эритүү кыйын, кыйын түгүл мүмкүн эмес. (“Кызыл алма”)

***

Кыязы ар бир адамдын жүрөгү сулуулукту энсейт тура. Бул касиет адамдын табиятында болот тура. (“Кызыл алма”)

***

Жарыкчылыкка али келбеген, Асман алдында жасалып жаткан арам иштерди көрбөгөн жан гана тигил экөөнөн бактылуу. (“Кассандра тамгасы”)

***

Бул адам, жүрөгүнө чоң сүйүү алып жүргөн адам! Анын бул сүйүүсү, менин оюмча, канчалык ысык көрүп, шыгы түшкөн жалгыз бирөөгө гана арналган сүйүү эмес, кандайдыр андан да зор, андан да алп, турмушжашоонун өзүнө, жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөмү жок чоң сүйүү! Көрсө, ал ушул сүйүүнү көкүрөгүнө сактап өчүрбөй, ошону менен жашаган адам экен. Эгерде андай эмес башка болсо, эгерде ал дити супсак, жүрөгү муз болсо, жаратылыш аны кандай гана таңдайы жок обончу кылбасын, ал азыр минтип ырдай албайт эле. (Жамийла)

***

Уруксатсыз бирөөнүн жан дүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. (“Тоолор кулаганда”)

***

Улуу адам жанындагылардан да улуулук касиетти көрүүгө умтулат экен да...(“Аскада калган аңчынын ыйы”)


Адамдын күзгүсү – адам.
Көп иштесең – көп, аз иштесең – аз аласың. (“Атадан калган туяк”)

***

Байлыгыңды алып койсо өлбөйсүң. Эптеп күн көрүп кетесиң. А эгер абийириңди тепсеп салышса, эч ким аны кайра тазарта албайт…(“Кылым карытар бир күн”)

***

Адамдын ички дүйнөсүнүн байлыгы, акыл – эси качан модага айланар экен? (“Аскада калган анчынын ыйы”)

Көз – адамдын өзү, анын ичин да, тышын да айтып туруучусу. (“Кассандра тамгасы”)

***

Устат дегенибиз жаныңда туруп, “андай кыл, мындай кыл” деп сөөмөйү менен сайып көрсөтүүчү эмес, өзүнүн иши аркылуу ак – караны айыра тааныткан киши.

***

Аял назиктиги менен улуулугу – анын адамгерчилик этикасы коом канчалык жаныланып өзгөрүлсө да, сакталууга тийиш… (“Аскада калган анчынын ыйы”)


Сүйүү деген бир гана жолу бир кезде агарып аткан тан, ошондой, а түбөлүккө жарыгын чачып турар таң болбойт. (“Тоолор кулаганда”)

***

Өзүнө ой -санаасы, руханий дүйнөсү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок… (“Тоолор кулаганда”)

 

Дүйнөнүн ала салчу маалы келди.. .

Тээ Адам-ата, Обо-энеден бери мурастап келаткан жашоо калыбынын колдон чыгып кеткен туруктуулугунун орду эмне менен толтурулат? 

…суроо туулат: качан болсо пайда гана көздөгөн жана түгөнгүс боорукерлигин нысапсыз пайдалануу менен, дилибизде үмүт дубасын кайталап, эң жогорку гарант катары ишенген, Жараткандын өзүнө дайыма каршы жашашкан булар кайдан чыккан – бизде даяр турган жаман жосундардын соолгус генетикалык башаты кузгундагандар кайдан чыгышты?

Адамзатка күн мурдатан арналган Жакшылыктын энергиясын жана аны менен катар жана ага каршы Жамандыктын энергиясын эч ким өзгөртө албайт. Бирок адамда түбөлүктүүлүктүн түгөнгүс кыймылын камтыган акыл артыкчылыгы берилген, эгер ал жашоосун улантам десе, эгер цивилизациянын туу чокусуна жетем десе, анда ал өзүндөгү Жамандыкты жеңиши зарыл.

Жок, бул өттү-кетти нерсе эмес, сөз түбөлүктүүлүк жөнүндө баратат. Түбөлүктүүлүк өзүнөн-өзү түбөлүктүү, ал эми адам түбөлүктүүлүккө өзү жетиши, түбөлүктүүлүктүн кредитин укумдан тукумга узартып олтурушу тийиш, анын жападан жалгыз жолу – адеп-ахлак жактан өзүн-өзү өркүндөтүү. 

(космостук монах Филофейдин каты “Кассандра тамгасы”)

  ***

Баса, сага шайтан тууралуу айтып бермек эмес белем. 

– Шайтан тууралуу дейсиңби? Ии, ооба, эстедим. Айтсаң айтчы, ал эмне болгон шайтан экен?

– Бул бир кызык окуя. Ии дебейсиңби, жакында мен шайлоо алдындагы биринчи жолугушуумду өткөрдүм. Килейген зал жык-жыйма эл. Беш миңдей бар! Өрөпкүгөнүмдү айтпа. Программамды ортого салдым. Анан суроолор бериле баштады. Тим эле жамгырдай жаады. Эмнелерди гана сурашпады, ийнесинен жибине чейин! Кызтекелерден тартып, эл аралык мамилелерге чейин. Спортко барсызбы, үйбүлөңүз кандай, жакшы көргөн эрмегиңиз – хоббиңиз эмне, жана башка жана башкалар. Аңгыча микрофонго бирөө келе калып, мындай суроо берип турса болобу:

“Мистер Ордок, сизден көптөн көп өтүнүч, айтып койсоңуз, сиздин шайтанга кандай тиешеңиз бар?” Менин оозум ачылды да калды. Зал тымтырс!

– “Шайтанга дейсизби? Кайдагы шайтанды айтасыз?” – “Сизди айтам, мистер Ордок. Сиз – шайтансыз!

” – “Түшүнбөдүм, кандайча?

” – “Сиз, мистер Ордок, тегиңиз жактан венгрсиз. Венгер тилинде “ордог” “шайтан” дегенди билдирет! Муну эсиңизден чыгарганыңыз жарабас, мистер Ордок!”

Зал күлкүдөн жарылып кете жаздады. Менден болсо алка-шалка тер кетти. Анан жанагы неме:

“Кечирип коюңуз, Ордок. Мен бекеринен айтып жаткан жокмун. Мен сиздин Америкадагы барып турган белгилүү шайтан болушуңузду тилейм!” деп кошумчалап олтурбайбы. Зал дагы күлкүдөн жарыла жаздап токтоду. Муну кандай дейсиң, Роберт. 

(президенттикке ат салышып жаткан Оливер Ордок менен футуролог Роберт Борктун маеги. “Кассандра тамгасы”)

Менин мекеним. Жети ата.

Ар бир адамдын өз мекени бар. “Мекен” деген сөз кыргызда – ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес. Мен азыркы дүйнө жөнүндө кененирээк сөз кылаардан мурда өзүмдүн өмүр башатыма ой жүгүртөм. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем.

Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айлым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык. Анткени менин башатым – ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, аталган туулуп-өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигинде бекен ишенемин.

Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: “Кана, жети атаңды айт!” деп катуу талап менен сурашаар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген. Бул жөнүндө мен “Ак кеме” повестимде бала менен машина айдаган казак жигит экөөнүн аңгемелешүүсүндө айтууга аракеттенгем. Турмушта жети атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экенине бала аябай таң калат: 

– Жети атаңдын аттарын үйрөткөн жок беле акең? – деди бала.

– Ит билеби. Ага не таңсык болдың? Жети атамы билбейм, бирак, көрүп турасың гой, көп катары жашап жүрмин.

– Атам айтат, адамдар ата-тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.

– Не үшүн?

– Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балдарымын балдары билбей калат деп, адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат дейт…

Бул жөнөкөй элдик философияны мен бала кезде уккан шекерлик абышкалардан насаат сөздөрүнөн алганмын. Мен – шекерликмин, ошол үчүн бул жакшы кааданы алигече урматтаймын. Менин атам – Төрөкул, Төрөкулдун атасы – Айтмат, Айтматтын атасы – Кимбелди, Кимбелдинин атасы – Кончужок… ушинтип отуруп биздин тукумдун башы – Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоң аталарымдын туугандары – Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул – булар да менин бабаларымдын катарына кирет. 

Мындай карасаң – бул жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоң. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын тереңимде ызааттайм жана сыймыктанамын. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди – кийинки муундарды милдеттендирет… 

Чоң атам Айтматты мен көрбөй калдым. Ал жыйырманчы жылы дүйнөдөн өтүптүр. Мен болсо жыйырма сегизинчи жылы төрөлүптүрмүн. Айылдын чет-жакасында, Күркүрөө дарыясынын бир бурумундагы жантаймада жерге кыйла бата түшкөн эски тегирмендин ташы жатат. Мына ушул жерде чоң атамдын тегирмени болгон экен. Жакырчылыктан кутулуу үчүн аны бир тууганы Биримкул экөө көп кыйынчылыктар менен тургузушуптур. Тилекке каршы, анысы биринчи эле жылдын жайында өрттөнүп кетет. Бирок “жаман болбой – жакшы жок” деген кеп бар эмеспи.

Бул кырсык чоң атамы такыр алдан тайдырат, ошондо ал темир жол курулушунда иштөөгө жөнөйт. Өзү менен кошо менин атам Төрөкул – ал кездеги жаш өспүрүмдү ээрчите кетет. Мына ушул окуя менин атамдын андан аркы тагдырына себепкер болот. Ушундан барып ал шаарга, окууга кирет. Азыр мен тоону кесип өткөн жол менен Маймак станциясына баратып, аталарыбыз өздөрү билбей туруп, ушул аскаларды уратып жол куруу менен бизди – кийинки муундарды – чоң дүйнөгө, Октябрь революциясынын зор жалынынан жаркыраган дүйнөгө алып чыкчу улуу жолду курушканын толкундануу менен ойлойм.

Эскини өзгөртүү жана жаңыны куруу эң алгач ирет биздин ата-энелерибиздин алдында турган милдет эле. Ошол муун ач, жылаңач, буурсун кармап, жаңы турмушту курабыз деген жалтанбас кайрат менен биздин советтик замандын башатында турган. Биз мына ошолордон башталганбыз.

Мен атам Төрөкулду көп эстейм. Төрөкул Айтматов – Кыргызстан Компартиясынын областтык комитетинин секретары – өзүнүн бүткүл жаш өмүрүн революциянын иши үчүн жумшады. Ал менин эсимде жаш, күч-кубаттуу, кайраттуу, өз ишине берилген адам бойдон калды. Азыр мен атамдан бир топ улуумун, жашы боюнча ал азыр уулум менен барабар.

Апам Нагима Хамзеевна өз кезегинде обком комсомолдо иштеп жүрүп, атам менен ошол кызматына байланыштуу таанышкан экен. Ал экөөнү мен дайыма бирге иштеп, бирге жүрүшкөн жаш түгөйлөр абалында эсте туткум келет. Атамын эжеси Карагыздын сокмо дубалдан тургузулган үйү ушу кезге чейин сакталып турат. Бул үйдү кыйла мезгилдерден бери эч ким жашабайт. Бирок бир кезде биз, апам жана анын төрт уулу, ушул үйдө тирилик кечирчибиз.

Башыбызга кыйын күндөр түшкөндө апам ошол жепирейген үйдөн: “Карагылачы, биздин тоолор кандай керемет! Ушулардын баары биздин тоолор эмеспи!” деп, Манас-ата тарапты жаңсап көрсөтөөр эле. Советтик адамдын бүгүнкү турмуш деңгээлине кандай зор күрөштөрдүн жана чымыркануулардын натыйжасында жетишкенибизди өз балдарыма толук жана терең түшүндүрө албаганыма кээде зээним кейип, капаланып да кетем. Бирок кантсе да, жаштар азыркы даяр турмушка көнүп өздөрүнөн мурдагылар жетишкенди пайдалануу менен эле чектелип калышпас деп ойлойм.

Анткени адам турмушту дагы да жакшыртуу, асылдандыруу ишине өз үлүшүн кошуу ниети менен, өзүнө чейинкилер тарабынан жетишилген турмуш жыргалчылыгын өзүнүн билимин, рухий аң-сезимин, маданиятын дагы да жогорулатуу максатында пайдаланганда гана ал аны бактылуу кылат. 

А бул болсо дайыма адамдын өзүнө, бүгүнкү күндүн жана келечектин алдында ал өзүнө кандай талаптарды коёт – мына ошого байланыштуу.

“Менин мекеним” статьясынан үзүндү (“Пионерская правда”, 19-декабрь, 1978).

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

алты + он алты =