“Сынган Кылыч”: Кудаярхандын тоолуктарга элчи жибериши

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

IV

Айзаада каракөз башатка эки челек ийиндеп сууга келди. Башатта бир топ жылкы суу ичип болуп, эми кайда тартарды билбегендей, топурап, ныксырашып турушкан эле. Башаттан жылжып аккан тунук суу калың жалбызды аралап агып, майда көк көпөлөктөр кылакташып нымга конушуп, калкылдап кайра учушуп, чиркей аңдыган ийнеликтер жылжыган суунун бетине жакын ойсоңдоп чабыт кылып жүрүштү.

Айзаада келгенде жылкылар талыкшып басып төшкө жайылды. Келин челектерин жерге коюп, каракөз башаттын күзгү болуп, түпсүз болуп, мемиреп жаткан бетин тиктеди.

Түбүнөн көк кумдарды чертип, бүртүп кайнап турган тунук башат келиндин сүрөтүн өзүнө тартты. Жаш жубандын сулуу жүзүн сагыныч кагаздай агарткан, кабагын суз кылган. Каштарын жыйрып, кабак бүркөө ага жарашпайт эле, ал дайыма жаркырап көз кубантып турууга жаралган бир көркөм жан эле.

Каралжын сууга чөгүп турган өзүнө таңыркады. Саамайына кол тийгизип, жаагын сылай келип токтоп, ушунчалык аздыңбы деп сурагандай болду. Ал акырын улутунду да, акырын сызылтып, муңдуу кыңылдап ичинен ырдады.

Келиндин жүрөк арзуусу жел менен учуп, ыргалышкан гүлдөрдү аралап, ак баш кулунчактын башында башаттын бошошун күтүп күндү тиктеп бейпил сайрап отурган сарала чымчыктан нары кетип, тынч абага сиңип жатты. Баш кошконуна жыл маалы болбой Темир кошунга алынды. Дин чакырып жатат дешти, хан чакырып жатат дешти, дүңгүрөп аттанып кетишти. Жыл айланды. Кабар жок.

Алгач анча билбей жаркылдап жүрүп, бара- бара жаштыгы денесине сыйбаган жаш жубан жалгызсырап, бир нерсеси кемдиги, жан кубанчы жоктугу сезилип, көңүлүнө туңгуюк кооп да түшүп, куса болду. Кай түндөрү ит үрсө эшикке жүгүрүп чыгат. Ар бир шырп эткен табышка кулак түрүп, иттин үнүнүн алда кайда урунуп кетип жаткан жаңырыгын улап дем тартпай тыңшачу. Мындайда келиндин тышка чыкканын жана эле билип, кантер экен дегендей байымын басып уйкусуз жаткан сак кайнене каракүчкө жөтөлөр эле. Ушунун өзү анын үйгө тез киришин талап кылуу. Келин кыңырылып үйгө кирип, көшөгөсүн бүлкүлдөтүп акырын ачып кирип, төшөгүнө өткөндө:

 — Ыя? Мал үрктүбү? — деп кыңкыстап сурап, чын оюн нары катып, ошонусу менен, келин эмне үчүн түнкүсүн тышка бат-бат чыга берерин чеккенсичү, кандайдыр жат көздүн азгырыгынан коругансычу.

— Жөн эле… — дечү Айзаада кымырылып. Ал түркүн кыялдарга батып, абышка менен кемпирдин тамагынан кыр – кыр этип дем тартып жатышканын угуп, тыштагы дарактын башында тынымсыз сайраган сүтактын жалынычтуу үнүн тыңшап, көп түндөрдү кирпик какпай да өткөрчү.

Айзаада көзүнүн жашын тазалап, эки челегине суу ийиндеп ордунан турганда кыштоо жактан келген ийри жолдон булуттан үзүлүп түшө калгандай карайып, бир оор топ атчан чыга берди. Кудум шамал сүргөн тумандай дуулдап, тобун бузбай жүрүштөрү катуу. Арасынан кай бир аттардын басыгы тааныш сезилип кетти. Темирлер бекен? Челектериндеги суу чайпалганына, төгүлгөнүнө карабай ал дагы шашылды. Атчандар улам жакындады. Бөлөктөр окшойт?! Темир көрүнгөн жок. Айылдын тушуна келгенде эле шарт бурулуп, теминип дуу өкүрүп жиберишти…

— Боору-у-у-ум… Боору-у-у-м!..

— Курдашы-ы-ым!.. Курдашымды-а-а-н айрыл- ды-ы-ы-м…

 — О, курдашымдан айрылды-ы-ы-м, кокуй!… Айзааданын ийнинен челектери түшүп кетти. Көздөрү чымырап, аркайган тоолор теңселип, арчалар каралуу зайып болуп көрүндү. Ким? Айзаада дагы эле жакшы үмүттөн ажырай албай калтылдап турду. Мууну титиреди. Ким? Айзаада үйдөн чыңырып чыгып, ак чачтарын саксаңдатып, ар кимге бир чуркап жүргөн кайненесин көрдү…

Ошол замат таноолору кыпчылып эки зайып ага жетип келди…

— Эмне?! Эмне?! — деп, тили күрмөлбөй кетенчиктеди, Айзаада. Ал кумсарган зайыптардын бири келип эле колдон алды.

— Туйгунуң колдон учуптур, бейбак… Андан наркысын сезбеди. Ал мисирейип туруп: «Кой! Андай дебе! Оозуңа карап сүйлө! Ошондой да тамаша болчу беле!» деди. Катындардын көздөрүнөн мөлтүлдөп жаш чыкты, ошондо бир таңыркап, бир коркуп тиктеп, эриндери титирек басып, кача турган өңдөнүп боюн жыйрып, көздөрү чекирейип барып, Айзаада эсин алдырды…

Жамагат чогулду. Өкүрүк тоо титиретти. Бекназар баштаган топ өкүрүп бүтүшүп, кумсарып-кумсарып ар кимиси ар жерде сыңар тизелеп, отуруп калышты. Эшим гана жаңы өкүрүктөрдү тосуп кырчоо кармап, бөйрөгүн таянып:

— Кубаты-ы-м!.. Кубатым сенден айрылдым!.. — деп бүткүл денеси менен солкулдап өксүп турду. Бекназар сыңар тизелеп, булдурсунду бүктөй кармап жерге мадап таянып, былк этпей катып отурду. Теңирберди үйгө жөлөнүп, кыбыланы карап нес болуп, нуру кеткен кызыл көздөрүнөн жаш да көрүнбөй, тек иреңи жыгачтай кубарып, сакалы сербейип, колдору калтырап отурду. Анда-санда:

— О каралдым! О эркетайым!..—деп боздоп- боздоп отурду. Айзааданы зайыптар үйгө алып киришти. Башына кара чүмкөп, терс каратып, чачын кардай жайып отурган кайненесинин катарына апкелишти. Келин эсине келе албады.

— О бейбак!.. О бейтаалай! — деп, келиндин абалына боору ачып, өзү да кемшиңдеп ыйлап бир кемпир бетине суу чачты. Айзаада көзүн ачты. Кайра өрттөнүп:

 — А-а… Мен кантем… — деп буулугуп, кармап отурган катындардан колдорун сууруп алып, чыңырып бетине тырмак салып жиберди, эки бетинен шилбинин ашындай идиреп кан төгүлө түштү. Чуу басаңдаганда Бекназар баш көтөрүп Теңирбердиге кайрат айтты:

— Кайрат кыл, абаке!.. Жазмыш ушу экен… Отургандар дуу коштоду: — А энди… Жазмыш ушу болгон соң… Жазмыштан кутулган барбы… Энди, Теңирберди аке, күйүткө алдырбай белди бек бууганыңыз жакшы… Баятан бек отурган Теңирберди эреркеп жашып кетти:

— О тагдырым, бышкан алма болуп араң отурган чагымда… тагдырым, сага не жазыгым бар эле?!

 — Кайран Темир… Ыйлап, боздоп тапсак кана?.. Дагы эле шүгүрлүк кылыңыз, Теңирберди аке, тагдырга. Темириңиз сынса Болотуңуз аман, уучуңуз куру эмес, Теңирберди аке… Сегиз жашар Болот кырчоо кармап өңгүрөп өкүнүп турду.

— Темирден айрылдык. Бир күнү баарыбыз ошобуз. Бирибиз аттан, бирибиз таштан, бирибиз октон учуп, бир күнү баарыбыз жазмышыбызды көрөрбүз. Дүнүйөгө устун болгон ким? Кол жеткис бийик дарак да бир күнү куурап жыгылат, оволоп учкан ак канат куш да бир күнү топ деп жерге түшүп калат. Тагдырдын жазмышы ушу экен го… — деди Бекназар, баары жер тиктеп аза кылып муңайып отурган элге томсоруп тиктеп кеп жөнөттү:

— Темир окко учкан күнү Ташкендин алдында элек. Ошол күнү колбашчы киши колдуу болду. Колбашчы киши колдуу болгон соң ырк бузулуп, ар урук биринин сөзүн бири укпай, жаат чыгып чабышып, кошун бытырап тарады. Биз да карап тура алган жокпуз. Эмне болот, эмне жок деп, эл жактан көңүл тынчыбай, навыт болгон жигиттерди бейитке жашырып келе бердик. Бекназар улутунуп алды.

— Биз илгертен кылычка өбөктөп уктап, кылыч менен ойгонуп келаткан элбиз. Кылычсыз бизге күн жок. Мындан нары да кереги тийип калар, кереги тийбесе баатырдан калган эстелик болуп, керегеңиздин башында илинип турар… Эшим леп тура калып, оң ныптасына байлана келген Темирдин кылычын чечип, кош колдоп, Теңирбердинин алдына алпарып, тизе бүгүп сунду. Эл жым боло түштү. Теңирберди кынына кан каткан кылычты мөгдөп тиктеп калтылдап кетти.

— О кулунчагым… О чырагым…

V

 Жоо чапкыр! Капыстан кармаганда кайда алпарат? Кимдин алдына чөк түшүрөт? Ордо кайда? Бийлик кайда? Минтип замандын көчү экен жолдун айрылышында кылтылдап турган кезде кимге ким өкүм чыгара алмакчы! Караламан жигиттердин бири болсо экен, ал Бекназар да. Токтоо керек, күтүү керек, заман көчү, куруп кеткир кайда оойт?..

Бекназар жанкечтинин ташы козголуп калгансыды, же ойдо тоголонор, же аңгектеп сай ылдый кетер… ыя, анда убакыт утулуп калар бекен, кийин кеч болуп калар бекен?.. Мына ушинтип, дудала болуп жаткан чагында Абил- бийге ордодон киши келип калды.

Жыйын жайлоодо болду. Шашылыш кабар угуп, эл тагдырын чечишке тиешеси бар деп өзүлөрүн кубаттуу сезген айыл бийлери, аксакалдары тебетейлерин калдайтып жигиттеринен окчундай бастырышып, топ-топ болуп келип жатышты. Топ аралап, эл оозуна кирип жакшы атанып кетүүгө дилгир жаш уландар эмес, хандан элчи келиптир деген кабар кызыктырып, алдында аты, колунда камчысы бар жай адамдар да көп келди.

Келгендер салтка жараша, урук салмагына карап, көк тектирге Абил-бий атайы көтөртүп эшигине карал койдурган өргөөлөргө түшүп, жай алышты. Өргөө аралары кишилерге бака-шака болуп, көк тектирдин төштөрүнө ат батпай кетти. Келер эл келип бүттү деген күнү улуу шашкеде көк тектирдин дөңүнө керней тартылды.

Абил-бийдин өргөөсүнөн бир топ адам чыкты. Керней улам күчөп, кулак тундуруп, тоо арасына кандайдыр бир шаң толтуруп, элди топтолууга чакырып жатты. Топ кишилердин алдында Абил-бий менен бир чоочун адам келатты:

Узун бойлуу, кыркма кара сакалдуу, кабагы бийик. Элчи ушул. Ал жаңы келген күндөгүсүнөн кыйла жашаргансып, пешенеси жайылып, бети жаңырып жылтырап калыптыр. Дуулдап тосо чыгып, жардап турган элдин түрүнө астыртан серп салып, тик көздөрү менен ар тарабын бат-бат чалып келатты. Элдин көзү анда. Кай бирөө кызыгып, кай бирөө таңыркап тиктеп ич ара шыбырашып узатып турушту. Абил-бий эл арасынан шыбырларды угуп, аларды эңкее карап түртүшүп тургандарды көрүп келатты. Ал дайыма ордого барганда кийчү саймалуу кызыл кымкап тонун, пансаттык султаны бар ак сеңсел көрпө бөркүн кийген. Маңдайы жарык.

— Ассалому алейкум!.. Аксакалдар колдорун көкүрөктөрүнө алышып, үн көтөрө салам айтып калып жатышты.

— Валейкума ассалам!.. Хан элчиси, Абил-бий алмак-салмак алик алышып, сылыктык үчүн баш ийкей өтүп келе беришти.

— Ассалому алейкум!

— Валейкума ассалам!.. Эл алардын артынан самсыды. Керней үнү тоо арасына жаңырык түшүрүп, шаңдантып, хан элчиси дөңгө салынган килемге келип отурганга чейин үн баспады. Абил-бий жакшылык тилеп кол жайып бата кылды. Дөңдүн түбүн жакалай келип жамырап орун алган эл дуулдап коштоду.

Ушундан соң Абил-бий ордунан кайра козголуп туруп, элди кыдырата тиктеп, элдин бүткүл дити өзүнө бурулганда:

— О, журт! — деп сөз баштады, — мына, ордодон элчи келип отурат бизге. Бөтөн киши эмес. Баягы кайран Мусулманкул аталыктын уулу Абдырахман. Өзүңөр жакшы билесиңер, кайран аталык биздин уруктун эмчектеш тууганы эле го.

Мына, Абдырахман карагым бизди туугансып, ордо менен элеттин ортосуна түшүп, элчилик кылып келип калыптыр, ошого шылтоолоп бир жагы тууган таанып кетейин деп келип калыптыр… — деп, жүзүн жаркытып туруп сүйлөп, элчини көпчүлүккө тааныштырды.

Эл арасы дуу-дуу боло түштү. Абил-бий муңайым үн салды:

— Силердей асылдардын бактына, жаңы караламан калктын тагдырына тиешелүү маселелер пайда болуп олтурат… Мына, элчи айтып келди. кудайым жолун ачып, качанкы кеткен ооматы кайра келип, ата арбагы жар болуп, иши агынан тактына кайра миниптир! Эл тымтырс боло түштү.

— Журт! Хан элчиси келгенине мына бир апта болуп кетти. Ичкүпүтүнү ачык айтыштык, көңүл кирлери жуулду. Кудаярхан амирин тутушту сураптыр. Кана, айткылачы, макул дебей коё алабызбы? Хансыз эл эгесиз үй сыяктуу. Ошол учурда Абил-бий те четте түшпөй камчысын бөйрөгүнө мадап сөздү кунт коюп угуп турган Бекназарды көрдү.

Ал жалгыз эмес эле. Жанында он чакты жигит бар. Катуу жүрүп келишкен өңдүү, аттары кара моюн болуп тердеген, көздөрү менен жыйын арасын акмалап шүк турушту. Сес болсун деп, четтетип Бекназарды жыйынга чакыртпай калтырган болучу.

Бу сапар кабак чытыбады, чоочубады андан Абил-бий. «Тур ошондой четте» деп, таба кылып, мурчуюп, салабат менен сөзүн уланта берди.

— О, эстүүлөр, акыл тегеретип көргүлө, замана бузулуп турган чак, хазрети алтын тагына кайра келип көңүлү бир жагынан жайланса да, бир жагынан эл тагдырына көз салып, жаки бир саргая муңайып, бир кызара жакшы үмүтүнөн кубат алып сооронуп отурган кези.

Уккан эмессиңерби? Ташкенге Чырпай паша кирди… Эл арасы үрөйү учуп, шыпшынып, күүлдөп ыкшалып кетти.

— Оо, жараткан… Алар не кылар экен бизди?..

— Кырып таштайт го!..

— О, жараткан, ал күнүңдү көрсөтпө… Абил-бий элдин түрүн карап, сөз жүйөсүн жоготпой сүйлөп жатты.

— Кече, элеттин даткалары бүт ичкиликти, тоолукту баштап барып, ордого кирип Кудаярдын башынан тажыны жулуп алганда, танат белек, биздин жигиттер да кошо барышкан, кошо кылычы чабышкан. Ал кудайга да, Кудаярдын өзүнө да дайын.

Эми карагылачы, элдин биримдиги үчүн ошол өктөсүн кечирип, убагында өзүнөн өткөн күнөйү да болбой койбогон, ошол болгон күнөйүн унутууну кошо сурап, минтип барыбызга кадырлуу адамды кадыр салдырып отурат. Какайганга какайгын машайыктын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин атаңдан калган кул эмес. Сөздүн түгөнөр жери ушул ки, ордо биздики, андай болгонсоң анын алдында тизе бүгүү биздин элчилик, пенделик парызыбыз… — деди Абил-бий.

 — Ак сөз! — деп Домбу обдулуп койду.

— Тезинен ак кагазга кат кылып, элчисин кайтарып, хандын көңүлүн тындырыш керек! Кудаяр-хан Кокон тактысына келерин келип, элеттен көңүлү тынбай, туш-тушка элчи салып, эски сөөк улатып, күн санап бекемденүү аракетинде эле.

 Бул ордонун эң зарыл иши болучу, бирок, ордодогу аярлардын мунун кабатында бүткөрүп калсак деген ойлору, үмүттөрү башкача болучу. Эгер ордого ушул эле керек боло турган болсо, анда Абил-бий мынча топуратып жыйып чакырып, толгонуп сүйлөп отурмак эмес, ал элчинин алдына ат тартып, тон жаап, көңүлүн чак кылып, амирине ыркарлыктын белгиси катарында кыйбат тартуу жиберип, бат эле өзү билип жөнөтүп салмак.

Бул жерде ортого ачып таштап чечмейинче болбой турган чалкеш маселе бар болучу.

— О, паңсат үкөм… О, жакшылап, соболго жооп барбы? Эл үн чыккан жаакка дуу эте карап калышты. Элдин орто ченинен бир адамдын малакайы көрүндү. Таягына сүйөнүп, билермандар жакты калтылдап тиктеп турат. Бул көтөрөм чал эмнени айтар экен? Буга жыйында эмне бар, баласынын азасын күтүнүп, үйүндө тынч жатсачы! Эл тымтырс болду. Кары жөтөлүп алды:

— Элчи келиптир дегенди угуп… өзүм эле… башым ооп келип калдым…

— О, жарыктык, сөзүңүз угулбайт, бери жакын келип айтыңыз! — деди Абил-бий.

— Ыя?..,— деди кары киркиреп, жанындагылардан бийдин сөзүнүн маанисин угуп алып, аярлап алдыга жылып басты.

— Чөлдө элем… Биртике базыра таруу бар эле, ошону балдарга тесте салдырып жүрдүм эле… Тирилик да… жан сактоонун далалаты да… Домбу ачууланып карарып кетти:

 — Айныган чал! — деди ал. — Мында сенин тарууңдун маселеси чечилип жатабы, айныган чал!.. Карынын кулагы муну угуп, ал Домбуну кызыл көзү менен томсоруп бир тиктеп алды, карынын алма кактай бырыштуу, сөлсүз бети ансайын кубара түштү:

— Менин сөзүм кыска… — деп, кары чыйралып алдыга өттү.

— Бийлер… Кудаяр көрбөй жүргөн Кудаяр беле… өзү элетте туулуп, элетте чоңойгон бала… Бактысыбы, шорубу, эки жолу хан болду эле, мына эми үчүнчү жолу кудайым мурадына жеткирип салыптыр… Кут болсундан башка кааларыбыз барбы, кут болсун. Кудаяр-Кудаяр болуп жүрүп, айткылачы, не бейиш көрсөттү эле ушул элге?..

— Ой, тилиңди тарта кеп ур! — дем Домбу ордунан тура калды. Эл толкуп, шамал термеген дарактын башындай толкуп, күңгүрөп кетти.

— Ой, Домбу! — деди кары, сөөмөйлөп сая көрсөтүп каарыды:

— Домбу! Бул жер жыйын, ордодон киши келип олтурат! Ушундай учурда тил тартабы? Домбу сөзгө жыгылып калды.

— Абил, атаң Караш-бий, кудай бейишинин берсин, кайран агабыз жакшы адам эле, мына сен да жаман болгон жоксуң, атадан арта туулбасаң кем туулбадың, айтчы жарыгым, бу Кудаяр амирин туткан элге не жакшылык убада кылыптыр?..

Бул ак суроо эле. Абил-бий журтчулукту, динди ортого салып, эритип сүйлөп жатканда ооз ача албай балык болуп тостоюп отуруп калган адамдар эми сөз өзүлөрүнүн эртеңки көрөр күнүнө келип урунганда эстерине келе түшүштү. Ыя? Чын эле, эмне жакшылык кылам дептир? Акылдуу карынын суроосу жыйындын түрүн өзгөртүп жиберди.

(уландысы бар)

Чыгарманын башын бул жерден окуй аласыздар “Сынган Кылыч

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма + он төрт =